Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

67-САБАК

Иерусалимдин дубалы

Иерусалимдин дубалы

Кел, буга чейин окуган окуядан бир нече жыл мурун эмне болгонун карап көрөлү. Артакшашта падышага кызмат кылган Некемия деген жүйүт киши Персиянын Шушан шаарында жашаган. Анын бир тууганы Жүйүт жеринен келип: «Иерусалимге кайтып баргандардын абалы абдан оор. Бабылдыктар талкалап кеткен шаардын дубалы менен дарбазалары дагы эле тургузула элек»,— деген. Некемия буга аябай кайгырган. Ал Иерусалимге барып, жардам бергиси келгендиктен падыша уруксат берсе экен деп тиленген.

Кийинчерээк падыша Некемиянын капалуу жүргөнүн көрүп: «Минтип жүргөнүңдү мурун такыр көргөн эмесмин. Эмне болду?» — деп сураган. Некемия: «Шаарым кыйрап жатса, кантип кайгырбай коёюн?» — деген. Падыша андан: «Мен эмне кылып берейин?» — деп сураган. Ошондо Некемия дароо ичинен тилене коюп, ага: «Мага Иерусалимге барып, дубалын тургузууга уруксат бериңиз»,— деген. Падыша уруксат берген, атүгүл Иерусалимге аман-эсен жетип алышына кам көргөн. Ал Некемияны Жүйүт жерин башкарууга дайындап, шаардын дарбазаларын курууга жыгач берген.

Иерусалимге барганда Некемия анын дубалын карап чыккан. Анан дин кызматчылар менен башкаруучуларды чогултуп: «Абалыбыз абдан оор экен. Ишке киришишибиз керек»,— деген. Эл макул болуп, дубалды кура баштаган.

Душмандардын айрымдары: «Курган дубалыңар түлкү секирип чыкса эле урап калат»,— деп шылдыңдаган. Бирок эл аларга көңүл бурбай, иштей берген. Дубал улам бийиктей берген.

Душмандар туш тараптан кирип келип, Иерусалимге капыстан кол салабыз деп ойлошкон. Муну укканда жүйүттөрдүн жүрөгү түшкөн. Бирок Некемия: «Коркпогула. Жахаба биз менен»,— деген. Ал иштеп жаткандарды коргош үчүн күзөтчүлөрдү дайындагандыктан, душмандар кол сала алган эмес.

Ошентип, 52 эле күндө дубал да, дарбазалар да курулуп бүткөн. Некемия иштин бүткөнүнө байланыштуу азем өткөрүү үчүн лебилердин баарын Иерусалимге чогулткан. Анан Жахабаны даңктап ырдашы үчүн, аларды эки топко бөлгөн. Алар Башат дарбазасындагы тепкич менен дубалдын үстүнө чыгышкан. Эки топ эки тарапты көздөй шаарды айлана баскан. Алар сурнайдын, жез табактын, арфанын коштоосунда Жахабаны даңктап ырдап басышкан. Ырчылардын бир тобун Эзра, экинчисин Некемия жетектеген. Анан эки топ ибадаткананын жанынан жолуккан. Бүт эл: эркек-аялдар, балдар Жахабага курмандыктарды чалып, майрамдашкан. Алардын кубанып-шаттанганы алыска чейин угулган.

«Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт» (Ышая 54:17)