Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

62-САБАК

Чоң даракка салыштырылган Падышалык

Чоң даракка салыштырылган Падышалык

Бир жолу Небухаданасар коркунучтуу түш көргөн. Анан түшүн жоруп берсин деп, бардык акылмандарын чакырткан. Бирок эч кимиси жоруп бере алган эмес. Акыры, падыша Даниелди чакырткан.

Анан ага мындай деген: «Түшүмдө даракты көрдүм. Ал өсүп отуруп, асманга чейин жетти. Ал жердин учу-кыйырынан көрүнүп турду. Анын жалбырактары кооз, жемиши мол экен. Түбүнө талаа жаныбарлары көлөкөлөп, бутактарына канаттуулар корголоп жатыптыр. Анан асмандан периште түшүп, мындай деди: „Даракты кыйып, бутактарын бутап салгыла. Бирок дүмүрүн жерде калтырып, ага темир жана жез алкак кийгизгиле. Андан адамдын жүрөгү алынып, жаныбардын жүрөгү берилсин. Анан жети мезгил өтсүн. Ошондо бардык адамдар Кудайдын Башкаруучу экенин жана падышалыкты кимге бергиси келсе, ошого берерин билишет“».

Жахаба Даниелге түштүн маанисин ачып берген. Түштүн маанисин түшүнгөндө Даниелдин үрөйү учкан. Ал падышага мындай деген: «Оо, падыша, ушул түштүн аткарылышы душмандарыңызга тийиштүү болсо кана, бирок ал сиз жөнүндө экен. Кыйылган бийик дарак сизсиз. Сиз падышалыгыңыздан айрыласыз жана талаа жаныбарларындай болуп чөп жейсиз. Бирок периште дарактын дүмүрүн калтырыш керектигин айткандыктан, сиз кайрадан падыша болосуз».

Бир жылдан кийин Небухаданасар ак сарайынын үстүндө ары-бери басып жүргөн. Ал Бабылга суктанып: «Мен курган укмуштуудай Бабыл шаарын карачы. Мен кандай улуу адаммын!» — деген. Падыша сөзүн айтып бүтө электе, асмандан: «Небухаданасар! Сенден падышалык алынды»,— деген үн угулган.

Ошол замат Небухаданасар акылынан ажырап, жапайы жаныбардай болуп калган. Ал падыша сарайынан куулуп, жапайы жаныбарлар менен талаада жашап калган. Анын чачы бүркүттүн канат жүнүндөй узун болуп, тырмактары куштукундай болуп өскөн.

Бирок 7 жылдан кийин ал акыл-эсине келген. Жахаба аны кайра Бабылга падыша кылган. Ошондо Небухаданасар: «Асман Падышасы Жахабаны даңктайм. Эми анын Башкаруучу экенин билдим. Ал бой көтөргөндөрдү басынтат, падышалыкты кимге бергиси келсе, ошого берет»,— деген.

«Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет, кулаардын алдында менменсингендик келет» (Накыл сөздөр 16:18)