Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

59-САБАК

Жахабага баш ийген төрт улан

Жахабага баш ийген төрт улан

Небухаданасар падыша жүйүт төрөлөрүн Бабылга туткундап баргандан кийин ак сарай кызматчыларынын башчысы Ашпеназды аларды көзөмөлдөп турууга дайындаган. Ал ага алардын арасынан ден соолугу чың, акылдуу уландарды тандоону буйрук кылган. Тандалган уландар үч жыл билим алып, Бабылдагы жооптуу кызматтарды аткарууга үйрөтүлмөк. Алар бабылдыктар сүйлөгөн аккад тилинде окуганды, жазганды, сүйлөгөндү үйрөнүшү керек эле. Ошондой эле падыша менен анын ак сарайындагылар жеген тамак-аштан жеши керек болгон. Уландардын төртөө Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария болгон. Ашпеназ аларга бабылдыктардын тилинде Белтешатсар, Шадрах, Мешах, Абетнего деген жаңы ат койгон. Ушулардан улам алар Жахабага кызмат кылбай калышканбы?

Төртөө тең Жахабага баш ийүүгө чечкиндүү болушкан. Алар падышанын дасторконунан тамактанганы туура эмес болорун жакшы билишкен. Себеби Жахабанын Мыйзамында андай тамак-аштардын айрымдарын жегенге тыюу салынган болчу. Ошондуктан алар Ашпеназдан: «Бизге падышанын тамак-ашынан бербеңиз»,— деп суранышкан. Бирок Ашпеназ: «Эгер тамак жебей, ооруп калсаңар, падыша мени өлтүрүп койбойбу!» — деген.

Ошондо Даниел өздөрүнүн үстүнөн дайындалган кишиге: «Суранам, бизге он күн жашылча менен суу эле бериңиз. Анан бизди падышанын тамагынан жеп жүргөн балдар менен салыштырып көрүңүз»,— деген. Тиги киши макул болгон.

10 күндөн кийин салыштырып көрүшкөндө, Даниел менен үч досу калган балдардын баарынан өңдүү-түстүү болуп чыккан. Жахаба алардын баш ийгенине абдан кубанган. Ал атүгүл Даниелге аяндардын, түштөрдүн маанисин түшүнгөнгө акылмандык берген.

Окутуп-үйрөтүүгө берилген убакыт аяктаганда, Ашпеназ уландарды падышага алып барган. Падыша алар менен сүйлөшүп, Даниел, Ханания, Мишаел жана Азариялардын башка балдардын баарынан акылдуу, зээндүү экенин көргөн. Анан төртөөнү ак сарайында кызмат кылууга тандап алган. Маанилүү иштер болгондо, падыша көбүнчө алар менен кеңешчү. Жахаба жардам бергендиктен, ал төртөө падышанын акылман кишилери менен көзү ачыктарынын баарынан акылдуу болушкан.

Башка өлкөдө жүрүшсө да, Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария өздөрүнүн Жахабанын кызматчысы экенин унутушкан эмес. Сен да Жахабаны дайыма, атүгүл ата-энең жаныңда жок болгондо да, эстеп жүрөсүңбү?

«Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун. Ишенимдүүлөргө сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң, сүйүүң, ишенимиң, адеп-ахлактуулугуң менен үлгү бол» (1 Тиметей 4:12)