11-бөлүккө кириш сөз
Бул бөлүктө Грек Жазмаларындагы окуялар баяндалат. Мисалы, андан Иса жөнүндө билебиз. Ал чакан шаарда жашаган карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал жыгач уста болгон атасы менен чогуу иштеген, кийин адамзатты куткара турган куткаруучу болгон. Жахаба аны асман Падышалыгынын Падышасы кылып тандап алган. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга Жахабанын Иса чоңоюп-өсө турган үй-бүлөнү жана чөйрөнү кандайча кылдат тандаганын баамдоого жардам бергиле. Жахабанын Исаны Ироддон кантип куткарганына, анын ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе бөгөт боло албай турганына көңүл бургула. Ошондой эле Жахабанын Жаканды Исага жол даярдоого кантип дайындаганын түшүндүргүлө.
Исанын кичинекейинен тартып эле Жахабанын акылмандыгын жакшы көрөрүн кантип көрсөткөнүн баса белгилегиле.БУЛ БӨЛҮКТӨ
68-САБАК
Элизабет уул төрөгөн
Эмне үчүн периште Элизабеттин күйөөсүнө: «Бала төрөлгөнгө чейин сүйлөбөйсүң»,— деген?
69-САБАК
Жебирейил периште Мариямга көрүнгөн
Ал ага жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн кабар айткан.
70-САБАК
Периштелер Исанын төрөлгөнүн кабарлаган
Бул кабарды укканда койчулар дароо иш-аракет кылышкан.
73-САБАК
Жакан жол даярдаган
Жакан чоңойгондо пайгамбар болгон. Ал элге Машаяктын келатканын айткан. Эл анын кабарын кандай кабыл алган?