Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

70-САБАК

Периштелер Исанын төрөлгөнүн кабарлаган

Периштелер Исанын төрөлгөнүн кабарлаган

Рим империясынын башкаруучусу Цезарь Август жүйүттөрдүн баарына өз жерине барып, каттоодон өтүүнү буйрук кылган. Ошондуктан Жусуп менен Мариям Бетлехемге жөнөгөн. Анткени Жусуптун ата-теги ошол жактан болчу. Ал кезде Мариямдын төрөөр маалы келип калган эле.

Алар Бетлехемге барып, такыр орун жок болгондуктан, малканага түнөшкөн. Ал жактан Мариям уулу Исаны төрөп, аны жумшак кездемеге ороп, акырга абайлап жаткырган.

Бетлехемдин жанында түнкүсүн эшикте жатып, малын күзөткөн койчулар бар эле. Күтүлбөгөн жерден периште пайда болуп, Жахабанын даңкынан улам алардын айланасы жаркырай түшкөн. Койчулар коркуп кетишкен. Бирок периште: «Коркпогула. Мен силерге кубанычтуу кабар алып келдим. Бүгүн Бетлехемде Машаяк төрөлдү»,— деген. Ошондо асманда көп сандаган периштелер пайда болуп: «Асмандагы Кудай даңкталсын! Жер үстүндө тынчтык болсун!» — деп айтышкан. Анан көрүнбөй калышкан. Ал эми койчулар эмне кылышкан?

Алар бири-бирине: «Жүргүлө, батыраак Бетлехемге баралы»,— дешкен. Анан дароо ошол жакка барып, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан ымыркайды көрүшкөн.

Койчулар периштенин эмне дегенин айтып беришкенде, уккандардын баары таң калган. Мариям периштенин айткандары жөнүндө терең ой жүгүртүп, көкүрөгүнө түйүп алган. Койчулар ошол күнү уккан-көргөндөрү үчүн Жахабага ыраазычылык билдирип, оторуна кайтышкан.

«Мен Кудайдан келип, ушул жерде турам. Мен өзүмөн өзүм келген жокмун, мени Ал жиберди» (Жакан 8:42)