Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-бөлүккө кириш сөз

12-бөлүккө кириш сөз

Иса Машаяк элге асмандагы Падышалык жөнүндө айтып берген. Ошондой эле Кудайдын ысмынын ыйыкталышын, Падышалыгынын келишин, эркинин жерде да аткарылышын сурап тиленүүнү үйрөткөн. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга ал тиленүүнүн биз үчүн кандай мааниге ээ экенин түшүндүрүп бергиле. Шайтандын азгырыктарына карабай Иса Кудайга берилген бойдон калган. Ал элчилерин тандаган. Алар аны менен падышалык кыла тургандардын алгачкылары болушкан. Исанын чыныгы сыйынуу үчүн канчалык ынталуу болгонун баса белгилегиле. Иса башкаларга жардам берүүнү каалаган, оорулууларды айыктырган, ачкаларды тойгузган, жадагалса өлгөндөрдү тирилткен. Муну менен ал Падышалыктын адамзат үчүн эмнелерди кыларын көрсөткөн.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

74-САБАК

Исанын Машаяк болушу

Жакан Иса жөнүндө: «Мына, Кудайдын Козусу!» — дегенде эмнени айткысы келген?

75-САБАК

Ибилис Исаны сынаган

Ибилис Исаны үч жолу сынаган. Ал аны үч жолу эмне деп азгырган? Иса кандай жооп кайтарган?

76-САБАК

Исанын ибадаткананы тазалашы

Эмне үчүн Иса ибадатканадан жаныбарларды кууп чыккан жана акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн көңтөрүп салган?

77-САБАК

Кудукка келген аял

Самариялык аял Исанын ага сүйлөгөнүнө таң калган. Эмне үчүн? Иса ага башка эч кимге айта элек эмнени айткан?

78-САБАК

Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы

Иса Машаяк айрым жолдоочуларын «адам уулоочу» болууга чакырган. Кийинчерээк ал 70 шакиртин жакшы кабар айтууга үйрөткөн.

79-САБАК

Иса көп керемет жасаган

Иса Машаяк каякка барбасын, оорулуулар ага жардам сурап келишчү. Иса аларды айыктырчу. Атүгүл ал кичинекей кызды тирилткен.

80-САБАК

Исанын 12 элчисин тандашы

Ал аларды эмне максат менен тандап алган? Алардын аттары эсиңдеби?

81-САБАК

Тоодо айткан насааты

Иса Машаяк чогулган элди абдан маанилүү нерселерге үйрөткөн.

82-САБАК

Иса шакирттерине кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

Ал шакирттерине: «Сураганыңарды токтотпогула»,— дегенде эмнелер жөнүндө айткан?

83-САБАК

Иса миңдеген кишилерди тойгузган

Бул кереметтен Иса Машаяк менен Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

84-САБАК

Исанын суунун үстүнөн басышы

Бул кереметти көргөндө элчилердин кандай сезимде болгонун элестете аласыңбы?

85-САБАК

Иса Ишемби күнү айыктырган

Анын кылган ишине эмне үчүн баары эле кубана берген эмес?

86-САБАК

Иса Лазарды тирилткен

Мариямдын ыйлап жатканын көргөндө Иса да ыйлаган. Бирок көп өтпөй алардын кайгысы кубанычка айланган.