Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

78-САБАК

Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы

Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы

Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй Иса Машаяк: «Кудайдын Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айта баштаган. Шакирттери да аны менен чогуу Галилеяны жана Жүйүт жерин кыдырышкан. Иса өзүнүн шаары Назаретке кайтып келгенде синагогага барган. Ал жактан Ышая пайгамбардын түрмөгүн ачып: «Жакшы кабар айтышым үчүн, Жахаба мага ыйык рухун берди»,— деген сөздөрдү үн чыгарып окуган. Ал сөздөр эмнени билдирген? Көптөр Исанын керемет жасашын кааласа да, Жахаба ага ыйык рухун биринчи кезекте кабар айтышы үчүн бергенин билдирген. Анан Иса аны угуп жаткандарга: «Бүгүн бул пайгамбарлык аткарылды»,— деген.

Андан кийин Галилея деңизине барып, өзүнүн келечектеги төрт шакиртине жолуккан. Алар балыкчылар болушкан. Аттары Петир, Андрес, Жакып жана Жакан эле. Иса аларды: «Жүргүлө мени менен, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деп чакырган. Ал шакирттер балык уулоо ишин дароо таштап, анын артынан ээрчип жөнөшкөн. Алар Галилеянын бардык жерин кыдырып, Жахабанын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышкан. Ошондой эле синагогаларда, базарларда жана көчөлөрдө кабар айтышкан. Кайсы жакка барышса да, артынан көптөгөн кишилер ээрчип алышчу. Иса жөнүндөгү кабар бүт жерге, жадагалса Сирияга чейин тарап кеткен.

Кийинчерээк Иса өзүнүн айрым жолдоочуларына оорулууларды айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга күч берген. Ал шакирттери менен шаардан шаарга, айылдан айылга кыдырып кабар айткан. Көптөгөн ишенимдүү аялдар, анын ичинде магдалалык Мариям, Жаана, Сузана жана башкалар Исага жана аны менен жүргөн жолдоочуларына кам көрүшкөн.

Шакирттерин окутуп-үйрөткөндөн кийин Иса аларды кабар айтууга жөнөткөн. Алар Галилеяны кыдырып кабар айтышканда, дагы көптөр Исанын шакирти болуп, чөмүлүшкөн. Ушунчалык көп адамдар анын шакирти болууну каалагандыктан, Иса аларды орууга даяр болуп калган талаага окшоштурган. Ал: «Оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, Жахабадан тиленгиле»,— деп айткан. Кийинчерээк 70 шакиртти тандап, Жүйүт жерине кабар айтууга эки-экиден жиберген. Алар Падышалык жөнүндө ар кандай адамдарга айтышкан. Шакирттер кайтып келип, болгон окуяларды Исага сүйүнүп, күйүп-жанып айтып беришкен. Шайтан кабар айтуу ишин эч токтото алган эмес.

Иса шакирттеринин бул маанилүү ишти өзү асманга кеткенден кийин да уланта беришине кам көргөн. Ал аларга: «Жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялагыла. Адамдарга Кудайдын Сөзүн айтып, аларды чөмүлдүргүлө»,— деген.

«Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем» (Лука 4:43)