Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

92-САБАК

Исанын балыкчыларга көрүнүшү

Исанын балыкчыларга көрүнүшү

Иса элчилерине көрүнгөндөн бир нече убакыт өткөндөн кийин, Петир балык кармаганы Галилея деңизине барган. Томас, Жакып, Жакан жана башка шакирттер да аны менен чогуу барышкан. Алар түнү менен тор салышса да, бир да балык түшпөй койгон.

Кийинки күнү таң эрте шакирттер жээкте бирөөнүн турганын көрүшкөн. Ал киши алардан: «Балык кармадыңарбы?» — деп сураган. Тигилер: «Жок!» — деп жооп беришкен. Ал: «Торду кайыктын оң жагына салгыла»,— деген. Алар ошондой кылышканда, ушунчалык көп балык түшкөндүктөн, торду тартып чыгара албай калышкан. Ошондо Жакан анын Иса экенин түшүнүп: «Бул Мырзабыз экен!» — деген. Петир болсо дароо сууга секирип, жээкти көздөй сүзүп жөнөгөн. Калган шакирттер анын артынан кайык менен сүзүп барышкан.

Жээкке чыгышканда нанды жана чоктун үстүндө бышып жаткан балыкты көрүшкөн. Иса аларга тамактаныш үчүн кармаган балыгынан бир аз ала келишин айткан. Анан: «Келгиле, тамактанып алгыла»,— деп чакырган.

Тамактанып бүтүшкөндө, Иса Петирден: «Балык кармаганга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сураган. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— деп жооп берген. Иса ага: «Анда козуларымды бак»,— деген. Анан кайра: «Петир, мени жакшы көрөсүңбү?» — деп сураган. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени жакшы көрөрүмдү билесиң да»,— деген. Иса ага: «Койлорумду кайтар»,— деп айткан. Анан үчүнчү жолу ошентип сураган. Ошондо Петир аябай капаланып, ага: «Мырзам, сен баарын билесиң. Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң»,— деген. Иса ага: «Койлорумду бак»,— деп айткан. Анан: «Мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деп кошумчалаган.

«Иса аларга: „Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам“,— деди. Алар ошол замат торлорун таштап, анын артынан жөнөштү» (Матай 4:19, 20)