Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

97-САБАК

Корнелийге ыйык рух берилген

Корнелийге ыйык рух берилген

Кесарияда римдиктердин Корнелий деген кадыр-барктуу аскер башчысы жашаган. Ал жүйүт эмес болсо да, жүйүттөр аны сыйлашчу. Корнелий кедей-кембагалдардан жардамын аябаган март киши болгон. Ал Жахабага ишенчү жана дайыма тиленип турчу. Бир күнү ага периште көрүнүп: «Кудай сенин тиленүүлөрүңдү укту. Ошондуктан Жапа деген шаарга киши жиберип, Петирди чакырт»,— деп айткан. Ошол замат Корнелий түштүктү көздөй 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Жапага үч кишисин жөнөткөн.

Ал ортодо Жапада жүргөн Петир аян көргөн. Ага жүйүттөргө жегенге тыюу салынган жан-жаныбарлар көрсөтүлүп, аларды жеши керектиги айтылган. Бирок Петир: «Мен эч качан таза эмес жаныбардын этин жеген эмесмин» — деп, жегенден баш тарткан. Ошондо ага: «Бул жаныбарларды таза эмес дебе. Кудай аларды таза кылып койду»,— деген үн угулган. Петирге: «Эшигиңдин алдында үч киши турат. Алар менен бар»,— деп да айтылган. Петир эшикти ачып, алардан эмнеге келгенин сураган. Тигилер: «Бизди Рим аскер башчысы Корнелий жиберди. Ал сени Кесарияга үйүнө чакырып жатат»,— дешкен. Петир үчөөнү түнөп, конок болуп кетүүгө чакырган. Эртеси ал алар жана Жападагы айрым бир туугандар менен Кесарияга барган.

Петир келгенде, Корнелий тизелеп, таазим кылган. Бирок Петир: «Өйдө тур, мен сага окшогон эле адаммын. Жүйүттөр башка улуттагылардын үйүнө барбаса да, Кудай мага сенин үйүңө келишим керектигин айтты. Эми мени эмнеге чакыртканыңды айт»,— деген.

Корнелий Петирге: «Төрт күн мурун үйүмдө Кудайдан тиленип жаткам. Анан периште пайда болуп, сага киши жиберишим керектигин айтты. Суранам, бизге Жахаба жөнүндө айтып берчи»,— деген. Ошондо Петир: «Кудайдын бет карама эмес экенин, ага сыйынгысы келгендердин баарын кабыл аларын эми түшүндүм»,— деп айткан. Ал аларга Иса Машаяк жөнүндө көп нерсени айтып берген. Анан Корнелийге жана анын жанындагыларга ыйык рух түшүп, баары чөмүлүшкөн.

«[Кудайдан] корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элчилер 10:35)