Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

98-САБАК

Чындыктын көп элдерге жетиши

Чындыктын көп элдерге жетиши

Элчилер Иса пайгамбардын жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялагыла деген буйругуна баш ийишкен. Ошондуктан б.з. 47-жылы Антиохиядагы бир туугандар Пабыл менен Барнабаны кабар айтууга жөнөтүшкөн. Ал эки ынталуу жарчы бүтүндөй Кичи Азияны аралап, ал жактагы Дербе, Листра, Икония деген шаарларда жакшы кабарды жарыялашкан.

Пабыл Барнаба экөө баарына: байларга да, кедейлерге да, жаштарга да, улууларга да кабар айтышкан. Алардын көптөрү Машаяк жөнүндөгү чындыкты кабыл алышкан. Пабыл менен Барнаба Кипр аралынын башкаруучусу Сергий Пабылга кабар айтышканда, бир көз байлоочу аларга тоскоолдук кылууга аракет кылган. Пабыл ага: «Жахаба сени жазалайт»,— деген. Көз байлоочу ошол замат сокур болуп калган. Сергий Пабыл муну көргөндө Иса Машаякка ишенип калган.

Пабыл менен Барнаба бүт жерде: үймө-үй, базарларда, жолдо жана синагогаларда кабар айтышкан. Алар Листрада буту баспаган бир кишини айыктырганда, кереметти көргөндөр экөөнү кудайлар деп ойлоп, сыйынмакчы болушкан. Бирок экөө: «Биз адам элебиз. Кудайга гана сыйынгыла!» — деп, аларды токтотуп калышкан. Анан айрым жүйүттөр келип, элди Пабылга каршы тукурушкан. Эл болсо аны таш бараңга алып, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салган. Бирок Пабыл тирүү болчу. Шакирттер дароо ага жардамга келип, кайра шаарга алып кетишкен. Кийин Пабыл Антиохияга кайтып барган.

Б. з. 49-жылы Пабыл кабар айтканы дагы сапарга чыккан. Кичи Азиядагы бир туугандар менен көрүшкөндөн кийин ал жакшы кабарды тээ алыскы жактарга, Европага, чейин жеткирген. Ал Афин, Эфес, Филипи, Тесалоника шаарларын жана башка жерлерди кыдырган. Аны Сылас, Лука жана жаш Тиметей коштоп жүргөн. Алар чогуу кызматташып, жыйналыштарды уюштурушкан жана алардын бекем болушуна жардам беришкен. Пабыл Корунтта бир жарым жыл калып, бир туугандарды бекемдеген. Ал жакта кабар айткан, окуткан, көп жыйналыштарга каттарды жазган. Ошондой эле чатыр тигип иштеген. Кийин кайра Антиохияга барган.

Б. з. 52-жылы Пабыл кабар айтуу үчүн үчүнчү жолу сапарга аттанган. Бул жолкусунда Кичи Азиядан баштаган. Ал түндүктү көздөй жол жүрүп, Филипи шаарына, андан ары Корунтка барган. Ошондой эле Эфесте бир нече жыл болуп, Кудайдын Сөзүн окуткан, оорулууларды айыктырган, жыйналышка жардам берген. Андан сырткары, бир мектепте күн сайын эл алдында сөз сүйлөгөн. Анын айткандарын көптөр кабыл алып, жашоосун өзгөртүшкөн. Пабыл далай жерлерди кыдырып кабар айткандан кийин акырында Иерусалимге барган.

«Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла» (Матай 28:19)