Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-бөлүккө кириш сөз

2-бөлүккө кириш сөз

Жахаба эмне себептен байыркы убактагы дүйнөнү жок кылыш үчүн топон суу каптаткан? Адамзат тарыхы башталган убакта жаман менен жакшынын ортосундагы күрөш башталган. Айрымдар, мисалы, Адам ата, Обо эне жана алардын уулу Кабыл жаман жолду тандап алышкан. Ал эми Абыл, Нух сыяктуу адамдар жакшы жолду тандашкан. Адамдардын көбү ушунчалык бузулуп кеткендиктен, Жахаба ошол убактагы дүйнөнү жок кылууну чечкен. Бул бөлүктөн Жахабанын биздин кайсы тарапты ээлээрибизди карап турарын жана жамандыктын жакшылыкты жеңишине эч качан жол бербей турганын билебиз.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

3-САБАК

Адам ата менен Обо эне Кудайга баш ийбей койгон

Эйдендеги бир бак эмнеси менен өзгөчө болгон? Эмне үчүн Обо эне анын жемишинен жеген?

4-САБАК

Ачууга алдыруу коркунучтуу

Кудай Кабылдын эмес, Абылдын тартуусун кабыл алган. Ошондо Кабыл аябай ачууланып, жаман ишке барган.

5-САБАК

Нух пайгамбардын кемеси

Жаман периштелер аялдарга үйлөнүп, алардан күчтүү, зөөкүр балдар төрөлгөн. Жер бети мыкаачылыкка толуп кеткен. Ал эми Нух Кудайды сүйгөн, ага баш ийген киши болгон.

6-САБАК

Сегиз адам аман калган

40 күн, 40 түн жаан жаап, жер бетин Топон суу каптаган. Нух пайгамбар менен үй-бүлөсү кемеде 1 жылдан ашык убакыт болгон. Акыры, алар кемеден чыгышкан.