5-бөлүккө кириш сөз
Ысрайылдыктар Кызыл деңизден өткөндөн кийин 2 ай дегенде Синай тоосуна жетишкен. Ал жерден Жахаба алар менен келишим түзүп, өзгөчө эли кылып тандап алган. Кудай аларды коргоп, керектүү нерсенин баары менен камсыз кылып турган: жегенге манна, кийгенге жыртылбаган кийим, жашаганга коопсуз жер берген. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга Жахабанын ысрайыл элине эмне үчүн Мыйзам жыйнагын, ыйык чатырды жана дин кызматчыларды бергенин түшүндүргүлө. Убадабызды аткаруу, момун болуу, Жахабага дайыма берилгендик сактоо маанилүү экенин баса белгилегиле.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
23-САБАК
Алар Жахабага убада беришкен
Синай тоосуна чогулганда ысрайылдыктар Жахабага өзгөчө убада беришкен.
24-САБАК
Алар убадасын аткарышкан эмес
Кудай Мусага он осуятты берген убакта, ысрайылдыктар чоң күнөөгө батышкан.
26-САБАК
Он эки чалгынчы
Жашыя менен Калеп Канаан жерин чалгындап келген башка он кишиден айырмаланган.
27-САБАК
Алар Жахабага каршы чыгышкан
Корак, Датан, Абырам жана 250 киши Жахаба жөнүндө абдан маанилүү нерсени түшүнүшкөн эмес.