Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-САБАК

Алар Жахабага убада беришкен

Алар Жахабага убада беришкен

Мисир жеринен чыккандан эки айдай өткөндөн кийин, ысрайыл эли Синай тоосунун жанына барып, чатырларын тиккен. Жахаба Муса пайгамбарды тоого чакырып: «Мен ысрайыл элин куткардым. Эгер алар мага баш ийип, мыйзамдарымды аткарышса, менин өзгөчө элим болушат»,— деген. Муса пайгамбар тоодон түшүп, Жахабанын сөздөрүн элге айтып берген. Алар эмне дешкен? «Жахаба айткандын баарын аткарабыз»,— деп айтышкан.

Муса пайгамбар тоого дагы чыккан. Жахаба: «Үч күндөн кийин сени менен сүйлөшөм. Элге эскерт, Синай тоосуна жакындашпасын»,— деген. Муса пайгамбар тоодон түшүп, ысрайылдыктарга Жахабанын айткандарын угууга даярданышы керектигин айткан.

Үч күндөн кийин ысрайылдыктар чагылгандын чартылдаганын, тоонун башында кара булут пайда болгонун көрүшкөн. Ошондой эле күндүн күркүрөгөнүн, сурнайдын үнүн угушкан. Анан Жахаба от ичинде тоого түшүп келген. Ошондо эл ушунчалык коркконунан калтырап-титиреген. Тоо катуу солкулдап, андан түтүн чыгып турган. Сурнайдын үнү улам катуулай берген. Анан Кудай: «Мен Жахабамын. Менден башка кудайларга сыйынбагыла»,— деген.

Муса кайра тоого чыккан. Жахаба ага мыйзамдарын берген. Ал мыйзамдарда ысрайыл эли Кудайга кантип сыйынышы керектиги, жүрүм-туруму кандай болушу керектиги айтылган. Муса пайгамбар аларды жазып, элге окуп берген. Ошондо эл: «Жахаба айткандардын баарын аткарабыз»,— деп убада берген. Ооба, алар Кудайга убада беришкен. Бирок аны аткарышканбы?

«Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37)