Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-САБАК

Он эки чалгынчы

Он эки чалгынчы

Ысрайылдыктар Синай тоосунан кетип, Паран чөлү аркылуу Кадеш деп аталган жерге келишкен. Ал жерден Жахаба Муса пайгамбарга: «Мен ысрайыл элине берип жаткан Канаан жерин көрүп келгенге ар бир уруудан бирден киши, баары биригип, 12 киши жибер»,— деп айткан. Ошондо Муса пайгамбар 12 кишини тандап, аларга: «Канаан жерин көрүп келгиле. Жери семизби же арыкпы, ал жакта жашаган эл күчтүүбү же алсызбы, чатырларда жашайбы же шаарлардабы, билип келгиле»,— деген. Ошентип, 12 чалгынчы, анын ичинде Жашыя менен Калеп Канаанды көздөй жөнөшкөн.

Чалгынчылар 40 күндөн кийин жүзүм, анар, анжир алып, кайтып келишкен. Алар: «Канаан, чынында эле, жакшы жер экен. Бирок эли күчтүү экен, шаарлары бийик дубалдар менен курчалыптыр»,— дешкен. Калеп: «Биз аларды басып алабыз. Жүргүлө, азыр эле барабыз»,— деген. Калептин эмне үчүн ушинтип айтканын билесиңби? Анткени ал да, Жашыя да Жахабага таянышкан. Калган 10 чалгынчы болсо: «Жок! Ал жактагылардын баары алп кишилер экен. Алардын жанында өзүбүздү чегирткедей эле сездик»,— дешкен.

Муну уккан ысрайылдыктар коркуп, наалый башташкан. Анан бири-бирине: «Өзүбүзгө башка башчы шайлап алалы да, кайра Мисирге кетели. Канаанга барсак, кылычтан өлөбүз»,— дешкен. Жашыя менен Калеп: «Жахабага каршы чыкпагыла, алардан эч коркпогула. Ал бизди коргойт»,— деп айтышкан. Бирок эл укпай койгон. Алар атүгүл Жашыя менен Калепти өлтүрүп салгысы келген.

Ошондо Жахаба эмне кылган? Ал Муса пайгамбарга мындай деген: «Ысрайыл элине ушунча көп жакшылык кылсам да, мага баш ийбей жатышат. Ошондуктан алар 40 жыл чөл кезип, кырылып жок болушат. Алардын балдары, Жашыя жана Калеп гана мен убада кылган жерге барып жашашат».

«Эмнеге мынча корктуңар, ишеними аздар?» (Матай 8:26)