Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-САБАК

Жашыя менен гибондуктар

Жашыя менен гибондуктар

Жерихо шаарынын эмне болгону Канаан жериндеги башка элдерге бат эле тарап кеткен. Ошондуктан алардын падышалары Ысрайылга каршы согушуш үчүн чогула башташкан. Бирок гибондуктар башкача иш кылышкан. Алар эскилиги жеткен кийимдерди кийип алып, Жашыяга келишкен да, мындай дешкен: «Биз алыс жактан келдик. Жахаба жөнүндө, анын Мисирде жана Маап жеринде кылган бардык иштери жөнүндө укканбыз. Бизди өлтүрбөйбүз деп ант бергиле. Биз силерге кул болобуз».

Жашыя аларга ишенип, кол салбайбыз деп ант берип койгон. Үч күндөн кийин алардын жакын жерде, Канаанда эле, жашаган эл экенин билип калган. Жашыя аларды чакырып: «Эмнеге бизди алдадыңар?» — деп сураганда, алар: «Биз корктук. Анткени Жахаба Кудайыңардын силер үчүн согушарын билебиз. Суранабыз, бизди өлтүрбөгүлөчү»,— деп жалдырашкан. Жашыя сөзүнө туруп, аларды өлтүргөн эмес.

Ошондон көп өтпөй Канаандагы беш падыша аскери менен гибондуктарга каршы согуш ачкан. Жашыя гибондуктарды куткарыш үчүн жоокерлери менен түнү бою жол жүргөн. Салгылаш кийинки күнү таң атпай башталган. Канаандыктар туш тарапка качып жөнөшкөн. Бирок алар каякка качышпасын, Жахаба асмандан чоң-чоң мөндүрлөрдү жаадырган. Анан Жашыя Жахабадан күндү токтотуп коюшун өтүнгөн. Мурун андай болбосо да, Жашыя эмне үчүн ошентип суранган? Анткени ал Жахабага таянган. Жашыя сурангандай, ысрайылдыктар канаандык падышаларды жана алардын аскерлерин кырып бүткүчө, күн токтоп турган.

«„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин, мындан башканын баары кара өзгөйдөн» (Матай 5:37)