Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-САБАК

Рут менен Наами

Рут менен Наами

Ысрайыл жеринде ачарчылык болгондо, Наами деген ысрайылдык аял күйөөсү жана эки уулу менен Маап жерине көчүп барган. Кийинчерээк Нааминин күйөөсү өлүп калган. Анын эки уулу Рут жана Орпа деген мааптык кыздарга үйлөнүшкөн. Өкүнүчтүүсү, кийин эки уулу да каза болуп калган.

Наами Ысрайыл жеринде ачарчылык бүткөнүн укканда мекенине кайтып барууну чечкен. Рут менен Орпа да аны менен жөнөшкөн. Бирок орто жолдон Наами аларга: «Силер уулдарыма жакшы аял, мага жакшы келин болдуңар. Мен экөөңөрдүн тең кайрадан үй-бүлө курушуңарды каалайм. Ошондуктан Маапка, үйүңөргө кайткыла»,— деген. Бирок эки келини: «Биз сизди жакшы көрөбүз. Ошон үчүн сиз менен барабыз»,— дешкен. Наами алардан үйгө кайтышын кайра-кайра суранган. Ошондо Орпа үйүнө кайткан, ал эми Рут кайненеси менен калган. Наами ага: «Мына, Орпа элиңерге, кудайларыңарга кайтты. Сен да аны менен кайт»,— деген. Рут болсо: «Мен сизди таштабайм. Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деп айткан. Ушул сөздөрдү укканда Наами кандай сезимде болгон деп ойлойсуң?

Рут менен Наами Ысрайылга арпа орула баштаган маалда келишкен. Бир күнү Рут машак териш үчүн Бууз деген кишинин талаасына барган. Бууз Рахаптын уулу болчу. Ал Руттун Наамини таштабай, дайыма жанында жүргөнүн уккан. Ошондой эле жумушчуларына Рут үчүн боонун ичинен анча-мынча сууруп алып, таштап коюшун айткан.

Кечинде Рут кайтып келгенде, кайненеси андан: «Бүгүн кимдин талаасында иштедиң?» — деп сураган. Рут: «Бууз деген кишинин»,— деп жооп берген. Наами ага: «Бууз күйөөмдүн тууганы болот. Анын жумушчу кыздары менен иштей бер, кызым. Ошондо коркпой жүрөсүң»,— деп айткан.

Арпа менен буудай орулуп бүткүчө, Рут Бууздун талаасында иштеген. Бууз анын эмгекчил, жакшы келин экенин байкаган. Ошол убакта эркек киши уул көрбөй өлүп калса, анын аялына тууганы үйлөнчү. Ошондуктан Бууз Рутка үйлөнгөн. Анан алар уулдуу болуп, атын Обейт коюшкан. Кийин Обейт Дөөтү падышанын чоң атасы болгон. Нааминин неберелүү болгонуна достору аябай кубанып: «Жахаба сага боорукер келиниң Рутту берди. Эми минтип неберелүү болдуң. Жахаба даңктала берсин!» — дешкен.

«Бир туугандан да жакын дос болот» (Накыл сөздөр 18:24)