Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-САБАК

Жахаба Шымшонго күч берген

Жахаба Шымшонго күч берген

Ысрайылдыктардын көбү кайрадан буркандарга сыйына баштаган. Ошондуктан Жахаба пелиштиликтерге аларды эзүүгө жол берип койгон. Бирок айрым ысрайылдыктар Жахабаны жакшы көрүшчү. Алардын бири Маноах болгон. Анын баласы жок болчу. Бир күнү Жахаба периштесин Маноахтын жубайына жөнөткөн. Периште ага: «Сен уул төрөйсүң. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткарат. Уулуң назир болот»,— деп айткан. Назирлер кимдер болгонун билесиңби? Алар Жахабанын өзгөчө кызматчылары болушкан. Жахаба алардан чачын кырктырбашын талап кылган.

Ошентип, Маноах уулдуу болуп, атын Шымшон койгон. Ал чоңойгон сайын, Жахаба аны күчкө толтура берген. Бир жолу Шымшон колунда эч кандай куралы жок эле арстанды өлтүрүп койгон. Дагы бир жолкусунда өзү жалгыз 30 пелиштиликти кыйраткан. Пелиштиликтер аны жек көрүп, өлтүрүүнүн жолун издей башташкан. Күндөрдүн биринде Шымшон Аза шаарына барган. Ал уктап жатканда, алар аны өлтүрүш үчүн түнү менен шаардын дарбазасын кайтарып отурушкан. Бирок Шымшон түн ортосунда туруп, дарбазаны сууруп алган да, жонуна көтөрүп, Хеброндун жанындагы тоонун чокусуна алып барып таштаган.

Кийинчерээк пелиштиликтер Шымшондун сүйлөшкөн кызы Делилага барып: «Шымшондун күчүнүн сыры эмнеде экенин билип бер. Ошондо ар бирибиз сага бир миң бир жүз күмүш тыйындан беребиз. Биз аны кармап, түрмөгө отургузабыз»,— дешкен. Делила акчаны алгысы келгендиктен макул болгон. Башында Шымшон ага күчүнүн сыры эмнеде экенин айткан эмес. Бирок Делила такыр жанын койбой койгондуктан, Шымшон чыдабай, акыры сырын ачып берген. Ал: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени мен назирмин. Эгер чачымды кыркып салса, күчүм кетип калат»,— деген. Шымшон ага баарын айтып берип, туура эмес кылган.

Делила дароо пелиштиликтерге: «Ал мага сырын ачып берди»,— деген. Ал Шымшондун башын тизесине коюп, аны уктаткандан кийин киши чакыртып, чачын кырктырган. Анан: «Шымшон, пелиштиликтер келатат!» — деп кыйкырган. Шымшон ойгонуп кеткен. Бирок ал мурдагыдай күчтүү болбой калган эле. Пелиштиликтер аны кармап, көздөрүн оюп, түрмөгө отургузуп коюшкан.

Бир күнү миңдеген пелиштиликтер өздөрүнүн кудайы Дагондун ибадатканасына чогулушкан. Алар: «Кудайыбыз Шымшонду колубузга салып берди! Шымшонду чакыргыла, бизге тамаша коюп берсин»,— дешкен. Анан аны эки түркүктүн ортосуна тургузуп, шылдыңдай башташкан. Ошондо Шымшон: «Оо, Жахаба, мага дагы бир эле жолу күч бере көр!» — деп жалбарган. Ошол учурда Шымшондун чачы өсүп калган эле. Ал болгон күчү менен түркүктөрдү түрткөндө, ибадаткана кулап, ичиндеги кишилердин баарын басып калган. Алар менен кошо Шымшон да өлгөн.

«Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (Филипиликтер 4:13)