Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-САБАК

Дөөтү падышанын күнөөсү

Дөөтү падышанын күнөөсү

Шабул өлгөндөн кийин, Дөөтү падыша болгон. Ал 30 жашта эле. Бир нече жылдан кийин бир жолу кечинде Дөөтү ак сарайынын үстүндө сейилдеп жүрүп сулуу аялды көрүп калган. Ал сураштырып, анын Урий деген жоокердин аялы Батшеба экенин билген. Анан Батшебаны падыша сарайына алдырып, аны менен жаткан. Ошентип, Батшебанын боюна бүтүп калган. Дөөтү кылган ишин жашырууга аракет кылган. Ал аскер башчысына Урийди катуу салгылаш болуп жаткан жерге коюп, өлүп калышы үчүн, аны жалгыз таштап кетүүнү буйруган. Урий согушта өлгөндөн кийин, Дөөтү Батшебага үйлөнгөн.

Бирок Жахаба анын жаман иштеринин баарын көрүп турган. Ал эмне кылган? Дөөтүгө Натан пайгамбарды жөнөткөн. Натан Дөөтүгө: «Бир бай кишинин көп кою болуптур. Ал эми кедейдин аябай жакшы көргөн жалгыз козусу болгон экен. Бир күнү бай киши кедейдин жалгыз козусун тартып алыптыр»,— деп айткан. Дөөтү: «Ал бай киши өлүшү керек!» — деп ачууланганда, Натан ага: «Ошол киши сенсиң!» — деген. Ошондо Дөөтү абдан кайгырып, Натанга: «Мен Жахабага каршы күнөө кылдым» — деп, күнөөсүн мойнуна алган. Туура эмес ишинен улам ал өзү да, үй-бүлөсү да көп азап чеккен. Жахаба аны жазалаган, бирок өлтүргөн эмес. Анткени Дөөтү чынчыл, момун болгон.

Дөөтү Жахабага арнап ибадаткана кургусу келген, бирок Жахаба аны курууга анын уулу Сулайманды тандаган. Уулу ибадаткананы курушу үчүн, Дөөтү даярдык көрө баштаган. Ал: «Жахабанын ибадатканасы заңгыраган, кооз ибадаткана болушу керек. Сулайман али жаш, бирок мен ага керектүүнүн баарын даярдаганга жардам берем»,— деген. Дөөтү куруу ишине көп акчасын тартуу кылган, ишти жакшы билген кишилерди тапкан. Ошондой эле алтын, күмүш топтоп, Тир менен Сидондон бал карагайларды алдырткан. Өлөрүнө аз калганда ал Сулайманга ибадаткананы курууга байланыштуу чиймени берген. Анан: «Жахаба буларды мага сен үчүн жаздырды. Ал сага жардам берет. Такыр коркпо. Бекем болуп, ишке кириш»,— деп айткан.

«Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат» (Накыл сөздөр 28:13)