8-бөлүккө кириш сөз
Жахаба Сулайманга акылмандык берип, ибадаткананы куруу сыймыгын ыйгарган. Бирок Сулайман акырындап отуруп Жахабаны таштап койгон. Эгер ата-эне болсоңор, балаңарга жалган кудайларга сыйынгандар Сулайманды Кудайдан кантип буруп кетишкенин түшүндүрүп бергиле. Кийинчерээк падышалык бөлүнгөн жана жаман падышалар элдин чыныгы сыйынуудан четтеп, буркандарга сыйынышына себепкер болушкан. Ошол убактарда Жахабанын көптөгөн ишенимдүү пайгамбарлары куугунтукталып, өлтүрүлгөн. Изабел каныша түндүк падышалыгын чыныгы сыйынуудан болушунча алыстаткан. Бул ысрайыл элинин тарыхындагы эң эле караңгы мезгил болгон. Бирок ысрайылдыктардын арасында Жошапат падыша жана Илияс пайгамбар сыяктуу Жахабага ишенимдүү кызмат кылган адамдар көп эле болгон.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
44-САБАК
Жахабага арналган ибадаткана
Кудай Сулайман падышанын тиленүүсүн угуп, ага чоң сыймыктарды ыйгарган.
49-САБАК
Каардуу каныша жазаланган
Изабел Наботтун жүзүмзарын тартып алыш үчүн аны өлтүрүүнү ойлонуштурган. Анын ыймансыздыгын, адилетсиздигин Жахаба көрүп турган.
50-САБАК
Жахаба Жошапатты коргогон
Душмандар коркунуч туудурганда, Жошапат деген падыша Кудайдан жардам сураган.