Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

47-САБАК

Жахаба Илияс пайгамбарды бекемдеген

Жахаба Илияс пайгамбарды бекемдеген

Баалдын пайгамбарлары эмне болгонун укканда Изабел аябай ачууланган. Ал Илияска: «Эртең сен да Баалдын пайгамбарларындай болуп өлөсүң»,— деп айттырып жиберген. Ошондо Илияс абдан коркуп, чөлгө качып кеткен. Ал: «Жахаба, мындан ары чыдай албайм. Өлүп эле калайынчы»,— деп тиленген. Анан көңүлү чөккөн Илияс бадалдын түбүнө жатып, уктап калган.

Бир убакта периште аны ойготуп: «Тур, тамактанып ал»,— деп жумшак айткан. Илияс туруп, кызарып ысыган таштардын үстүндө нан жана анын жанында бир кумура суу турганын көргөн. Ал нанды жеп, сууну ичип, кайра уктап калган. Периште аны экинчи жолу ойготуп: «Тамактанып ал. Жол жүргөнгө күч керек»,— деген. Илияс дагы нандан жеп, суудан ичкен. Анан 40 күн, 40 түн жол жүрүп, тээ Хореп тоосуна барган. Ал жакка жеткенде бир үңкүргө түнөгөнү кирген. Ошондо Жахаба андан: «Бул жерде эмне кылып жүрөсүң, Илияс?» — деп сураган. Илияс: «Ысрайылдыктар сага берген убадасын бузуп, курмандык жайларыңды талкалап, пайгамбарларыңды өлтүрүштү. Эми мени да өлтүргөнү жатышат»,— деп жооп берген.

Кудай ага: «Тур, тоого чык»,— деген. Бир убакта катуу шамал башталган. Андан кийин жер титиреген, анан от пайда болгон. Андан соң Илияс жай, акырын чыккан үндү уккан. Ошондо кийими менен бетин жаап, үңкүрдүн оозуна барып турган. Жахаба андан эмне үчүн качып кеткенин сураганда, Илияс: «Жалгыз мен калдым»,— деп жооп берген. Жахаба ага: «Сен жалгыз эмессиң, Ысрайылда мага сыйынган дагы 7 000 киши бар. Бар да, өзүңдүн ордуңа Элишаны пайгамбар кылып дайында»,— деген. Ошол замат Илияс Жахаба айтканды кылганы жөнөгөн. Кандай деп ойлойсуң, Жахаба сага өзү тапшырган ишти аткарууга жардам береби? Ооба, жардам берет. Кел анда, кургакчылык учурунда дагы кандай окуя болгонун карап көрөлү.

«Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле» (Филипиликтер 4:6)