Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

56-САБАК

Жошия Кудайдын Мыйзамын жакшы көргөн

Жошия Кудайдын Мыйзамын жакшы көргөн

Жошия 8 жашында Жүйүткө падыша болгон. Ал кезде элдин көбү сыйкырчылык кылып, бурканга табынып кеткен. 16га чыкканда Жошия Жахабага кантип сыйынуу керектигин билүүгө умтула баштаган. 20 жашында өлкөсүндөгү буркандарды, курмандык жайларын талкалоого киришкен. 26 жашында болсо ибадаткананы оңдоп-түзөө ишин уюштурган.

Башкы дин кызматчы Хилкия ибадатканадан Жахабанын Мыйзамы жазылган түрмөктү таап алган. Сыягы, ал Муса пайгамбар өзү жазган түрмөк болгон. Жошия падышанын катчысы Шапан түрмөктү ага алып келип, үн чыгарып окуй баштаган. Аны угуп отуруп Жошия элдин көп жылдан бери Жахабага баш ийбей келатканын түшүнгөн. Анан Хилкияга: «Жахаба бизге каарданып жатат. Барып, аны менен сүйлөш. Ал бизге эмне кылышыбыз керектигин айтып берет»,— деген. Жахаба Хулда деген пайгамбар аял аркылуу: «Жүйүт эли мени таштап кетти. Алар сөзсүз жазаланат. Бирок аларды Жошия падышанын көзү өткөндөн кийин жазалайм. Анткени Жошия менин алдымда моюн сунду»,— деп айттырган.

Аны укканда Жошия ибадатканага барып, бүт жүйүт элин чогулткан. Анан баарына Жахабанын Мыйзамын үн чыгара окуп берген. Андан соң Жошия да, эл да Жахабага чын жүрөктөн баш иебиз деп убада беришкен.

Жүйүт эли Пасах майрамын узак убакыттан бери белгилей элек болчу. Мыйзамдан аны жыл сайын майрамдоо керектигин окуганда Жошия элге: «Биз Жахабага арнап Пасах майрамын өткөрүшүбүз керек»,— деген. Анан ал курмандык чалууга көп мал даярдап, ибадатканада ырдай турган ырчыларды дайындаган. Эл Пасах майрамын, андан кийин жети күн Калама майрамын белгилеген. Алар Пасах майрамын Шемуел пайгамбардын күндөрүнөн бери ушинтип өткөрүшө элек болчу. Ооба, Жошия Кудайдын Мыйзамын аябай жакшы көргөн. Сага да Жахаба жөнүндө билим алуу жагабы?

«Сенин сөзүң — бутума чырак, жолума жарык» (Забур 119:105)