КАЙРА БАРУУ
7-САБАК
Багынба
Принцип: «Алар... окутуп,.. жакшы кабарды жарыялай беришти» (Элч 5:42).
Пабыл эмне кылган?
1. ВИДЕОНУ көр же Элчилер 19:8—10-аяттарды оку. Анан төмөнкү суроолор жөнүндө ойлон:
Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз?
2. Кабар уккан кишилерге кайра барганыбыз ийгиликтүү болушу, алар менен Ыйык Китепти изилдей башташыбыз үчүн, убакыт жана күч жумшашыбыз керек.
Пабылдан үлгү ал
3. Күн тартибиңди өзгөрткөнгө даяр бол. «Кабар уккан киши менен ага ыңгайлуу убакта жана ылайыктуу жерде жолугуш үчүн ылайыкташа аламбы? Мени менен сүйлөшкөнгө анын качан жана каерде көбүрөөк убактысы болушу мүмкүн?» — деп ойлонуп көр. Убактысы сага ыңгайлуу болбосо да, кайра барганга даяр бол.
4. Кийинкиге макулдашып ал. Ар бир маектешкен сайын, кийинкиде качан келериңди, каяктан жолугарыңарды макулдашып ал. Анан сөзүңө тур.
5. Үмүтүңдү үзбө. Кимдир бирөө дайыма эле үйүндө жок болгон үчүн же колу бошобогону үчүн эле жакшы кабарга кызыкпайт деп ойлогонго шашпа (1 Кор. 13:4, 7). Аны менен жолукканга аракет кыла бер. Бирок убактыңды акылдуулук менен колдонуп, тең салмактуу бол (1 Кор. 9:26).