Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз

Кириш сөз

Кымбаттуу окурман!

Сен Кудай менен жакын мамиледемин деп айталасыңбы? Көптөргө Кудайга жакындоо эч мүмкүн эместей сезилет. Айрымдары аны алыс деп чочулашса, башкалары ага жакындоого өздөрүн татыксыз көрүшөт. Бирок Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деген кубантарлык чакырык бар (Жакып 4:8). Ошондой эле Кудай өз кызматчыларын: «Мен сенин Кудай Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“»,— деп ынандырууда (Ышайа 41:13).

Кудай менен мындай жакын мамилени кантип өрчүтүүгө болот? Достуктун кайсы түрүн албайлы, ортодогу мамиле адамды канчалык жакшы таанып-билгенибизге жана анын кулк-мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрүн баалап, аларды жактыра баштаганыбызга жараша өрчүйт. Андыктан Кудайдын касиет-сапаттары менен жолдору жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтылганын жакшылап изилдеп чыгуу абдан маанилүү. Жахабанын ар бир касиет-сапатын кандайча көрсөтөрү жана аларды Ыйса Машайак кандайча жеткилең түрдө чагылдырганы жөнүндө ой жүгүртүү, ошондой эле ал сапаттарды биз кандайча өрчүтө аларыбызды түшүнүү бизди Кудайга жакындатат. Андан сырткары, Жахабанын Ааламдын толук укуктуу жана түбөлүктүү Эгедери экенине ынанабыз. Бизге так ушундай Ата керек. Ал зор күч-кубаттуу, адилеттүү, акылман жана сүйүүнүн Кудайы болгондуктан өзүнүн ишенимдүү балдарын эч качан таштабайт.

Ылайым, ушу китеп сага Жахаба Кудайга мындан да көбүрөөк жакындоого жана аны менен бекем достукка ээ болууга жардам берсин. Ошондо сен аны түбөлүккө даңктап жашай аласың.

Басып чыгаргандар