Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

«Бардыгын жаңы жаратуучу» Жахабанын калыбына келтирүүчү күчү

«Бардыгын жаңы жаратуучу» Жахабанын калыбына келтирүүчү күчү

1, 2. Адамдар кандай жоготууларга учурап жатат жана бул бизге кандай таасир тийгизүүдө?

КИЧИНЕКЕЙ бала жакшы көргөн оюнчугун жоготуп алып, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатат. Анын аянычтуу үнүнөн тим эле зээниң кейийт. Бирок ата-энеси жоготкон нерсесин таап бергенде, анын жүзү бажырая түшөрүн байкадың беле? Ата-энесине оюнчугун таап же ал турсун оңдоп берүү кыйынчылыкка деле турбайт. Бирок бала үчүн бул — чыныгы керемет. Кубанганынан ал секирип жыргайт: экинчи көрбөчүдөй сезилген нерсеси кайрадан өз колунда!

2 Жахаба, асыл Атабыз, жердеги балдары үчүн биротоло жоголгондой сезилген нерселерди калыбына келтирүүгө кудуреттүү. Сөз, албетте, оюнчуктар жөнүндө жүрүп жаткан жок. Азыркы өзгөчө «оор күндөрдө» биз андан да баалуу нерселерди жоготуп жатабыз (2 Тиметейге 3:1—5). Адамдар бир заматтын ичинде кымбат нерселеринен: үйүнөн, мүлкүнөн, жумушунан, атүгүл денсоолугунан ажырап калышы ыктымал. Андан сырткары, бизди айлана-чөйрөнүн кыйратылышынын айынан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрүнүн тукум курут болуп баратышы тынчсыздандырышы мүмкүн. Бирок жакын адамыңдан айрылгандагы азап-кайгыдан өткөн жаман нерсе жок. Жакыныңды жоготкондо тарткан күйүт менен алсыздык сезими тим эле жан сыздатат (2 Шемуел 18:33).

3. Элчилер 3:21де соороторлук кайсы үмүт тууралуу айтылат жана ал ой-ниетин Жахаба эмне аркылуу ишке ашырат?

3 Жахабанын калыбына келтирүүчү күчкө ээ экенин билүү кандай жубатарлык! Өзүбүз көрө тургандай, Кудай жердеги балдары үчүн абдан кымбат болгон нерселердин бардыгын калыбына келтире алат. Ыйык Китепте айтылганга ылайык, Жахабанын ой-ниети — «бардыгын калыбына келтирүү» (Элчилер 3:21, «ЖД»). Муну Жахаба өзүнүн Уулу, Ыйса Машайак, башкарган Мессиялык Падышалык аркылуу ишке ашырат. Далилдер көрсөтүп тургандай, бул Падышалык өзүнүн башкаруусун асманда 1914-жылы баштаган * (Матай 24:3—14). Эмнелер калыбына келтирилет? Келгиле, Жахабанын калыбына келтирүү күчүн колдонуп эмнелерди кылганын карап чыгалы. Бул күч аркылуу жасалып жаткан иштердин бирин азыртадан эле көрө, атүгүл ага катыша да алабыз. Ал эми башкаларынын чоң масштабда аткарылышын келечекте көрөбүз.

Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши

4, 5. Б.з.ч. 607-жылы Кудайдын эли эмне болгон жана Жахаба аларга кандай үмүт берген?

4 Жахаба калыбына келтирген нерселерге таза сыйынуу кирет. Бул эмнени билдирерин тереңирээк түшүнүү үчүн, байыркы Жүйүт падышалыгынын тарыхын кыскача карап чыгалы. Мунун жардамы менен Жахабанын калыбына келтирүүчү керемет күчүн кандайча көрсөтөрүн айкыныраак элестете алабыз (Римдиктерге 15:4).

5 Иерусалим б.з.ч. 607-жылы талкаланганда, ишенимдүү жүйүттөрдүн кандай сезимде болгонун элестетсең. Алардын сүйүктүү шаары күлгө айланып, дубалдары кулап жаткан. Баарынан жаманы, Сулайман аркылуу курулган жана таза сыйынуунун борбору катары кызмат кылган ийбадаткананын урандыдан башка эч нерсеси калбай калган (Забур 78:1). Элдин аман калгандары Бабылга туткундалып кетип, мекени болсо жапайы жырткычтардын жайына айланган (Жеремия 9:11). Адамдык көзкараш менен караганда, жүйүттөрдүн абалы эч качан оңолбочудай көрүнгөн (Забур 136:1). Бирок бул кыйроону эбак эле алдын ала айткан Жахаба аларга шаардын калыбына келтирилерине карата үмүт берет.

6—8. а) Эврей пайгамбарларынын жазууларында кайсы тема көп кездешет жана ал пайгамбарлыктар биринчи жолу кандайча аткарылган? б) Калыбына келтирүү жөнүндөгү көптөгөн пайгамбарлыктар биздин күндөрдө Кудай элине байланыштуу кандайча аткарылган?

6 Калыбына келтирүү жөнүндө эврей пайгамбарларынын жазууларында көп айтылат *. Жахаба ошол пайгамбарлар аркылуу жерди калыбына келтирерин, ага кайрадан элди отурукташтырып, мол түшүм берерин жана аны душмандар менен жапайы жырткычтардан коргоорун убада кылган. Ошондой эле ал калыбына келтирилген жердин бейиштей болорун айткан (Ышайа 65:25; Жезекиел 34:25; 36:35). Бирок баарынан маанилүүсү, таза сыйынуу калыбына келтирилип, ийбадаткана кайрадан курулуп-оңдолушу керек болчу (Михей 4:1—5). Ушул пайгамбарлыктар туткунда жүргөн жүйүттөрдүн үмүтүн жандандырып, Бабылдагы 70 жылдык эзүүгө чыдоого жардам берген.

7 Акыры, калыбына келтирүү убагы да келип жетет. Бабыл туткунунан бошонгон жүйүттөр Иерусалимге кайтып келип, Жахабанын ийбадатканасын куруп-оңдошот (Эзра 1:1, 2). Алар таза сыйынууга карманышканда, Жахаба жерге мол түшүм берип, алардын өркүндөп-өнүгүшүнө батасын берген. Аларды душмандардан жана ондогон жылдар ичинде жерге ээлик кылып алган жапайы жырткычтардан коргогон. Жахабанын калыбына келтирүүчү күчүн көрүшүп жүйүттөр абдан эле кубанышса керек! Бирок бул пайгамбарлыктын биринчи эле, кичинекей масштабда эле, аткарылышы болчу. Ал эми негизги аткарылышы «акыркы күндөрдө» — биздин убакта — Дөөт падышанын Мурасчысы такка отурганда болмок (Ышайа 2:2—4; 9:6, 7).

8 Ыйса 1914-жылы асман Падышалыгында такка отургандан көп өтпөй Кудайдын алдында ишенимдүүлүгүн сактаган адамдардын рухий муктаждыктарына кам көрө баштаган. Жүйүттөрдүн калдыгын б.з.ч. 537-жылы Бабыл туткунунан бошоткон персиялык жеңүүчү Кореш сыңары, Ыйса рухий жүйүттөрдүн калдыгын — өзүнүн жолдоочуларын — азыркы учурда жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Бабылдын таасиринен бошоткон (Римдиктерге 2:29; Аян 18:1—5). 1919-жылдан баштап таза сыйынуу калыбына келтирилип, Ыйсанын жолдоочуларынын жашоосунда тийиштүү орунду ээлеген (Малахия 3:1—5). Ошондон бери Жахабанын эли ага тазаланган рухий ийбадатканада, Кудайдын таза сыйынуу үчүн караштырган түзүлүшүндө, кызмат кылып келет. Эмне үчүн бул азыркы күндө биз үчүн өтө маанилүү?

Рухий жактан калыбына келтирүү эмне үчүн чоң мааниге ээ?

9. Элчилердин көзү өткөндөн кийин, христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү Кудайга сыйынууга кандай таасир тийгизген, бирок Жахаба биздин күндөрдө кандай чара көргөн?

9 Келгиле, тарыхка кайрылып көрөлү. Ыйсанын биринчи кылымдагы шакирттери рухий жактан көптөгөн баталарга ээ болушкан. Бирок Ыйса жана элчилер таза сыйынуунун арамдалып, жер бетинен жок болорун алдын ала айтышкан (Матай 13:24—30; Элчилер 20:29, 30). Элчилердин көзү өткөндөн кийин, христиан дүйнөсү пайда болуп, анын чиркөө кызматчылары бутпарастык окуулар менен каада-салттарды кабыл алышат. Натыйжада Кудайга жакындоо такыр эле мүмкүн эмес болуп калат: алар Кудайды түшүнүксүз Троица кылып сүрөттөп, элди болсо күнөөлөрүн ыйык кызмат кылуучулардын алдында ачып берүүгө, ошондой эле Жахабага эмес, кыз Мариямга жана ар кайсы «ыйыктарга» кайрылып тиленүүгө үйрөтүшөт. Көптөгөн кылымдар бою ишенимден чегинүүчүлүк өркүндөп келгенден кийин Жахаба кандай чара көргөн? Ал ушул диний жалганчылыкка жана арамдыкка батып, Кудайдан алыстап кеткен дүйнөдө таза сыйынууну калыбына келтирүүнү чечет. Бул калыбына келтирүүнү тарыхтагы эң чоң окуялардын бири десек жаңылбайбыз.

10, 11. а) Рухий бейиш кайсы эки нерсе менен байланыштуу жана бул сага кандай таасир берет? б) Жахаба рухий бейишке кимдерди чогулткан жана ал адамдар эң сонун кандай артыкчылыкка ээ болушат?

10 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары бүгүн рухий бейиште жашап жатат. Бул бейиш эмнени камтыйт? Негизинен, эки нерсени. Биринчиден, чыныгы Кудайыбыз Жахабага болгон таза сыйынууну. Жахаба сыйынуубузду жалган окутуулар менен туура эмес түшүнүктөрдөн тазалады. Ошондой эле бизди рухий тамак менен камсыз кылууда. Мунун бардыгы бизге асмандагы Атабыз менен таанышууга, анын жүрөгүн кубантууга жана ага жакындоого мүмкүндүк берет (Жакан 4:24). Рухий бейишке байланыштуу экинчи нерсе адамдардын өзүлөрүнө таасир тийгизет. Ышайа алдын ала айткандай, «акыркы күндөрү» Жахаба өзүнүн кызматчыларын тынчтыкта жашоого үйрөтүүдө. Биз согушка катышпайбыз. Жеткилеңсиздигибизге карабастан, Жахабанын жардамы менен «жаңы адамды кие» алабыз. Ал бизге эң сонун сапаттарды өрчүтүүгө жардам берген ыйык рухун тартуулоо менен, кылган иш-аракеттерибизге батасын берип жатат (Эфестиктерге 4:22—24; Галаттыктарга 5:22, 23). Кудайдын рухуна ылайык жашоо менен биз чындап эле рухий бейиштин бөлүгү боло алабыз.

11 Рухий бейишке Жахаба өзү сүйгөн адамдарын жана аны сүйгөндөрдү, тынчтыкка умтулгандар менен «рухий муктаждыктарын сезгендерди» чогулткан (Матай 5:3, «ЖД»). Андай адамдар бүт жер бетине жана адамзатка зор пайда алып келе турган укмуштуудай калыбына келтирүү ишин өз көздөрү менен көрүү артыкчылыгына ээ болушат.

«Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам»

12, 13. а) Калыбына келтирүү жөнүндөгү пайгамбарлыктардын дагы бир аткарылышын эмне үчүн ишенимдүү түрдө күтө алабыз? б) Эйденде Жахаба жерге байланыштуу кандай ой-ниетин билдирген жана эмне үчүн бул бизге келечекке үмүт берет?

12 Калыбына келтирүү жөнүндөгү көптөгөн пайгамбарлыктар рухий жактан калыбына келтирүүгө эле тийиштүү эмес. Маселен, Ышайа оорулуулар, аксактар, сокурлар жана дүлөйлөр дарттарынан арыла турган, атүгүл өлүм түбөлүккө жок боло турган убак жөнүндө жазган (Ышайа 25:8; 35:1—7). Байыркы Ысрайылдын убагында бул пайгамбарлыктар түзмө-түз аткарылган эмес. Азыркы күндө алардын рухий мааниде кандайча аткарылып жатканын көрүп жатсак да, келечекте чоң масштабда түзмө-түз аткарылышын күтүүгө бизде толук негиз бар. Эмне себептен?

13 Жахаба жерге карата болгон ой-ниетин эбак эле Эйденде билдирген: ал жер бетине денсоолугу чың, ынтымактуу жана бактылуу адамдардын отурукташын каалаган. Биринчи жаратылган эркек менен аял бүт жер жүзүн бейишке айландыруу менен биздин планетага жана анда жашай турган тирүү жандардын баарына кам көрүшү керек болчу (Башталыш 1:28). Бул, албетте, жер бетиндеги азыркы абалдан таптакыр айырмаланат. Бирок Жахабанын ой-ниетине эч ким жана эч нерсе тоскоол боло албаарына толук ишенсек болот (Ышайа 55:10, 11). Ыйса Жахаба тарабынан дайындалган Мессиялык Падыша катары жер бетин бейишке айландырат (Лука 23:43).

14, 15. а) Жахаба кандайча «бардык нерсени жаңы» жаратат? б) Бейиштеги жашоо кандай болот жана сага баарынан эмнеси жагат?

14 Элестетсең: бүт жер Бейишке айланат! Жахаба ал убак жөнүндө мындай дейт: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам» (Аян 21:5). Бул эмнени билдирет? Жахаба өзүнүн кыйратуучу күчүн бул каардуу дүйнөгө каршы колдонгондо, жаңы асман менен жаңы жер эле калат. Жаңы өкмөт Жахабаны сүйгөн жана ага баш ийген адамдардан турган жаңы коомду асмандан башкарат (2 Петир 3:13). Шайтан жин-перилери менен иш-аракетсиз абалда болот (Аян 20:3). Ошондо адамдар миңдеген жылдар бою өкүм сүрүп келген жек көрүүчүлүк менен алдамчылыктан биринчи жолу толугу менен арыла алышат. Бул кандай гана жеңилдик берет!

15 Акыры, биз, эң башында ойлонуштурулгандай, абдан кооз планетабызга кам көрө алабыз. Жер табигый түрдө калыбына келүү күчүнө ээ. Булганууну пайда кылган себептерди жойсо, көлдөр менен дарыялар табигый түрдө эле тазаланып калат; согуштарды токтотсо, көркү бузулган жер бети кайрадан кулпурат. Планетабызды ар түрдүүлүккө толгон ажайып кооз гүл бакка, бүткүл дүйнөлүк Эйденге, айландырып, айлана-чөйрө менен шайкештикте жашоо кандай ырахаттуу болот! Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү аёосуз кырып жоюунун ордуна, адам жердеги жаратуулардын бардыгы менен тынчтыкта жашайт. Атүгүл балдарга да жапайы жаныбарлардан коркуунун кереги жок болот (Ышайа 9:6, 7; 11:1—9).

16. Бейиште боло турган калыбына келтирүү Кудайга берилген адамдардын ар бирине кандай таасир этет?

16 Калыбына келтирүү адамдарга да тийиштүү болот. Армагедондон аман өткөндөр дүйнөлүк масштабда боло турган кереметтүү айыктырууларды көрүшөт. Ыйса Кудайдан алган күчтү колдонуп, жерде жүргөн кезиндегидей эле, сокурларды, дүлөйлөрдү, аксактарды жана алсыздарды айыктырат (Матай 15:30). Кары-картаңдар болсо кайрадан жаштыктын жандандыруучу күчүнө ээ болушуп, чың денсоолукта жашоодон ырахат алышат (Аюб 33:25). Алардын бырыштарынын баары жазылып, колу-буттары түзөлөт, ошондой эле булчуңдары толуп, кайрадан күчүнө келет. Тил алчаак адамдардын баары күнөө менен жеткилеңсиздиктин кесепеттери акырындык менен жоюлуп баратканын көрүшөт. Ошондо Жахабанын калыбына келтирүү күчүнө кандай гана ыраазы болобуз! Азыр болсо, калыбына келтирүү убагында боло турган абдан жүрөк толкутарлык окуяга көңүл буралы.

Өлгөндөрдүн жашоосун калыбына келтирүү

17, 18. а) Ыйса садукейлерди эмне себептен айыптаган? б) Жахабадан баланы тирилтип берүүнү өтүнүүгө Илияска эмне түрткү берди эле?

17 Биздин замандын биринчи кылымында садукейлер аттуу айрым диний жетекчилер тирилүү болоруна ишенишкен эмес. Ыйса аларды: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар»,— деп айыптаган (Матай 22:29). Ооба, Жахабанын калыбына келтирүү күчүнө ээ экени Ыйык Жазмада ачылып берилет. Кандайча?

18 Илиястын күндөрүндө эмне болгонун эстеп көрөлү. Жесир аял жападан жалгыз баласынын жансыз денесин колуна алып турат. Анын үйүндө бир канча убактан бери жашап жүргөн Илияс пайгамбарды бул абдан эле аң-таң кылса керек. Бир нече убак мурун ал бул баланы ачарчылыктан сактап калган болчу. Анын үстүнө, Илияс ал балага, балким, өтө жакын болуп калса керек. Баланын өлүмү энеси үчүн, чындап эле, чоң жоготуу. Анткени күйөөсү өлгөндөн кийинки жалгыз гана сооронучу ушу бала болчу. Ал, сыягы, картайган кезинде баласынын жөлөк-таяк болоруна да үмүттөнүп жүрсө керек. Күйүтүнөн өзүн коёрго жер таппай турган жесир аял баласынын өлүмүн өзүнүн мурунку кайсы бир күнөөлөрү үчүн жиберилген жаза катары кабыл алат. Илияс муну чыдап карап тура албайт. Ал баланы энесинин колунан акырын алып, өзүнүн бөлмөсүнө барат да, Жахабага тиленип, андан баланын жанын — жашоосун — кайтарып беришин өтүнөт (1 Падышалар 17:8—21).

19, 20. а) Ыбрайым Жахабанын калыбына келтирүүчү күчүнө ишенерин кандайча көрсөткөн жана ошондой ишенимде болушуна кандай негиз бар эле? б) Жахаба Илияска ишеними үчүн кандайча батасын берген?

19 Илияс тирилүү болоруна ишенген биринчи адам болгон эмес. Ага чейин жүздөгөн жылдар мурун жашаган Ыбрайым Жахабанын калыбына келтирүүчү күчү бар экенине бекем ишенген. Буга орчундуу себеп бар эле. Ыбрайым — 100гө, Саара 90го чыккан кезде, Жахаба алардын тукумдоо жөндөмдүүлүктөрүн керемет жолу менен калыбына келтиргенинин натыйжасында Саара уул төрөйт (Башталыш 17:17; 21:2, 3). Кийинчерээк, ал баласы бойго жеткенде, Жахаба Ыбрайымга аны курмандыкка чалууну буйрат. Ыбрайым сүйүктүү уулу Ыскакты Жахаба кайрадан жашоого кайрып бере аларын ойлоп, ишеним көрсөткөн (Эврейлерге 11:17—19). Мындай күчтүү ишенимдин көрсөтүлүшү, сыягы, Ыбрайым уулун тоого алпарып курмандыкка чаларда кызматчыларына эмне себептен Ыскак экөө кайра кайтып келерин айткандыгын түшүндүрөт (Башталыш 22:5).

«Карачы, сенин уулуң тирүү»!

20 Жахаба Ыскактын өлүшүнө жол берген эмес, ошондуктан аны тирилтүүнүн зарылдыгы жок болгон. Ал эми Илияс менен болгон окуяда жесир аялдын баласы, узак убактан бери болбосо да, өлүк болчу. Жахаба пайгамбарга ишеними үчүн батасын берип, баланы тирилткен! Илияс баланы энесине берип жатып унутулгус мындай сөздөрдү айткан: «Карачы, сенин уулуң тирүү»! (1 Падышалар 17:22—24).

21, 22. а) Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр эмне максатта жазылган? б) Бейиште тирилүү канчалык масштабда болот жана аны ким ишке ашырат?

21 Ошентип, бул — Жахабанын адамдын жашоосун кайрадан калыбына келтире аларын далилдеген ыйык китептик окуялардын биринчиси. Кийинчерээк Жахаба Элишага, Ыйсага, Пабылга жана Петирге да өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берген. Албетте, алар тирилткен адамдардын баары кийин кайра эле өлүшкөн. Бирок ыйык китептик ушул билдирүүлөрдү окуу келечекте болуучу кереметтүү окуяларды айкын элестетүүгө жардам берет.

22 Бейиш орногондо Ыйса «тирилүү жана өмүр» болот (Жакан 11:25). Ал сансыз миллиондогон адамдарды тирилтип, аларга жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашоого мүмкүндүк берет (Жакан 5:28, 29). Өлүмдүн айынан узак убакыт бою көрүшпөгөн сүйүктүү достордун жана туугандардын бири-бири менен кучакташып көрүшкөндөгү кубанычын элестетип көрчү! Бүт адамзат Жахабаны калыбына келтирүүчү күчү үчүн даңкташат.

23. Жахабанын күчүнүн эң зор көрсөтүлүшү эмне эле жана бул биздин келечекке болгон үмүтүбүзгө кандайча кепилдик берет?

23 Жахаба бул убаданын сөзсүз аткарыларын өзгөчө кепилдик берип бекемдеген. Анын күчүнүн эң зор көрсөтүлүшү болуп өз Уулу Ыйсаны абдан күчтүү рухий жаратуу кылып тирилтип, өзүнөн кийинки абалга чейин көтөргөндүгү саналат. Ыйса тирилгенден кийин жүздөгөн адамдарга көрүнгөн (1 Корунттуктарга 15:5, 6). Бул атүгүл скептиктер үчүн абдан жетиштүү далил. Ооба, Жахаба өмүрдү кайра кайрып берүүгө кудуреттүү.

24. Жахабанын өлгөндөрдү тирилтерине эмне үчүн шек санабасак болот жана ар бирибиз эмнени баалашыбыз керек?

24 Жахаба өлгөндөрдү тирилтүү күчүнө ээ эле болбостон, аны ишке ашырууну да абдан каалайт. Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Аюб жогорудан келген шыктануу менен Жахабанын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын айткан (Аюб 14:15, МАК). Бул сага калыбына келтирүүчү күчүн колдонуп, сүйүүсүн адамзатка төгүүгө даяр Кудайыбызга жакындоого түрткү бербейби? Бирок өлгөндөрдү тирилтүү Жахаба кыла турган эбегейсиз калыбына келтирүү иштеринин бири гана экенин эстен чыгарбайлы. Кудайга жакындоо менен келечекке болгон баа жеткис үмүтүңдү баала жана ал «бардыгын жаңы жарата» турган убакты көрө аларыңа эч шектенбе (Аян 21:5).

^ абз. 3 «Бардыгын калыбына келтирүү убагы» Мессиялык Падышалык орноп, тактыга ишенимдүү Дөөт падышанын тукуму отурганда башталган. Жахаба Дөөткө анын тукумдарынын бири түбөлүккө падышалык кыларын убадалаган (Забур 88:36—38). Бирок б.з.ч. 607-жылы Иерусалимди бабылдыктар талкалагандан кийин, Дөөттүн тукумунан бир да адам Кудайдын тактысына отурган эмес. Анын тукумдарынан келип чыккан Ыйса асманда тактыга отурганда көп жылдар мурун убадаланган ошо Падыша болгон.

^ абз. 6 Мисалы, бул тууралуу Муса, Ышайа, Жеремия, Жезекиел, Ошуя, Жоел, Амос, Обадия, Михей жана Сепаниялар пайгамбарлык кылышкан.