Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Жахаба «күчү менен улуу»

Жахаба «күчү менен улуу»

1, 2. Илияс таң калыштуу кандай нерселерди башынан өткөргөн жана Хореп тоосундагы үңкүрдүн оозунан таасир калтырарлык кайсы кубулуштарга күбө болот?

ИЛИЯС таң калыштуу нерселерди башынан өткөргөн. Куугунтукталып жүргөн кезинде ага каргалар күнүнө эки маал тамак алып келип турган. Ал эми катуу ачарчылык учурунда кумурадагы май да, челектеги ун да түгөнгөн эмес. Дагы бир жолу анын тиленүүсүнө жооп катары асмандан атүгүл от түшкөн (1 Падышалар 17, 18-баптар). Бирок мындайды Илияс эч качан көргөн эмес болчу.

2 Ал Хореп тоосундагы үңкүрдүн оозунда туруп таасир калтырарлык кубулуштарга күбө болот. Адегенде шамал согот. Айлананын баары кулак тундура шуулдап, күркүрөп кирет: шамал ушунчалык катуу болгондуктан, тоолор жарылып, аскалар кыйрайт. Анан жер кыртышынан эбегейсиз энергиянын атып чыгышына өбөлгө түзгөн жертитирөө болот. Андан кийин өрт башталат. Тегеректин баарын алоолонгон от каптаганда, Илияс куйкалап кетчүдөй болгон ысык жалындын илебин сезсе керек (1 Падышалар 19:8—12).

Жахаба Илиястын алдынан өтөт.

3. Илияс Жахабанын кайсы касиет-сапатынын көрсөтүлүшүнө күбө болгон жана аны биз кандайча көрө алабыз?

3 Илияс күбө болгон бул бири-бирине окшобогон кубулуштардын жалпылыгы бар болчу: алар Жахаба Кудайдын күчү менен улуу экенин көрсөтүп турган. Кудайдын күчүн билүү үчүн бизге, албетте, кереметтердин көрсөтүлүшүнүн зарылдыгы жок. Анын күчү бардык жерде байкалып турат. Ыйык Китепте Жахабанын жаратуулары анын «түбөлүктүү күчүнө жана кудайлыгына» карата эң сонун далил катары кызмат кылары айтылат (Римдиктерге 1:20). Чагылгандын көз уялта жарк-журк этиши жана кулак тундурган күндүн күркүрөгү, тигинен ылдый кулап аккан ажайып зор шаркыратмалар, ошондой эле жылдыздарга толгон кыйыры чексиз түнкү асман тууралуу ойлонуп көрчү! Булардын баары Кудайдын күч-кубатынын зор экенин күбөлөндүрбөйбү? Тилекке каршы, бүгүн Кудайдын күчү бар экенин танбаган адамдар сейрек кездешет. Ал эми ага туура баа бергендер андан да аз. Жахабанын күчүн түшүнүү ага жакындашыбызга көптөгөн себептерди берет. Бул бөлүктөн Жахабанын эбегейсиз күчү кандайча көрсөтүлөрүн тереңирээк карап чыгабыз.

Жахабанын негизги касиет-сапаттарынын бири

4, 5. а) Жахабанын ысмы менен күчүнүн ортосунда кандай байланыш бар? б) Эмне үчүн бука Жахабанын күчүнүн эң ылайыктуу символу?

4 Жахаба эбегейсиз күчкө ээ. Жеремия 10:6да: «Сага теңдеш эч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу»,— деп айтылат. Бул жерде кудурет же күч Жахабанын ысмы менен байланышта экенин байкасаң. Кудайдын ысмы «болтурат» деген маанини билдирери эсиңде чыгар. Эмне үчүн Жахаба эмнени ниет кылса, ошону ишке ашырып, ким болгусу келсе, ошол боло алат? Эң биринчиден, ал — күчтүү Кудай. Ооба, Жахабанын өз эркин аткарууга болгон иш-аракет кылуу жөндөмдүүлүгү чексиз. Мындай күч — анын негизги касиет-сапаттарынын бири.

5 Жахаба бизге анын күчүнүн чексиздигин толук түшүнүү кыйын болорун билгендиктен, жардам иретинде көрсөтмөлүү мисалдарды колдонгон. Бука Кудайдын күчүн символдоштурарын билгенбиз (Жезекиел 1:4—10). Атүгүл үй букасы да абдан зор, күчтүү болгондуктан, мындай символ эң ылайыктуу. Байыркы убактарда Палестинада жашаган адамдар мындан күчтүү жаныбарды жолуктурбаса керек. Аларга жаалдуу бука — азыркы кезде тукум курут болуп кеткен жапайы өгүз же тур — белгилүү болчу (Аюб 39:9—12). Бир жолу Рим императору Юлий Цезарь ал букалардын пилдерден бир аз эле кичине болушканын айткан. «Алар абдан күчтүү жана күлүк келишет»,— деп жазган ал. Мындай алп жаныбардын жанында өзүңдү канчалык кичинекей жана алсыз сезериңди элестетсең!

6. Эмне үчүн Жахаба гана «Бардыгын Кармап Туруучу» деп аталат?

6 Ошо сыңары, адам күчтүн Кудайы Жахабага салыштырмалуу тырмактай эле болуп калат. Кудайдын алдында атүгүл кубаттуу элдер да таразадагы чаңдын бир бүртүгүнө эле тете (Ышайа 40:15). Жахаба өзүнүн жаратууларынан айырмаланып, чексиз күчкө ээ, ошондуктан жалгыз өзү гана «Бардыгын Кармап Туруучу» * деп аталат (Аян 15:3). Жахабанын «кудурети күчтүү» жана «күч-кубаты зор» (Ышайа 40:26). Ал — күч-кубаттын соолгус булагы. Ал эч кандай сырткы энергиядан көзкаранды эмес, анткени «күч Кудайга таандык» (Забур 62:11, «ЖД» [61:12]). Жахаба күчүн кандайча көрсөтөт?

Жахаба күчүн кандайча көрсөтөт?

7. Жахабанын ыйык руху деген эмне жана Ыйык Китеп жазылган тилдерде ага карата колдонулган сөздөр кандай маанини туюнтат?

7 Жахаба ыйык рухун чексиз төгүп турат. Ыйык рух — бул Кудайдын иш-аракеттеги күчү. Башталыш 1:2де («ЖД») ал Кудайдын «иш аракеттүү» күчү деп аталат. Байыркы эврей жана грек тилинен «рух» деп которулган сөз башка аяттарда кээде «шамал», «дем» жана «жел» деп которулган. Лексикографтардын ою боюнча, бул сөздөр менен берилген түпнускадагы сөз көзгө көрүнбөгөн иш-аракеттеги күчтү туюнтат. Шамал сыңары, Кудайдын ыйык руху көзүбүзгө көрүнбөйт, бирок анын иш-аракетинин натыйжалары реалдуу жана байкалып турат.

8. Ыйык рух Ыйык Китепте каймана мааниде эмне деп аталат жана эмне үчүн андай салыштыруу абдан ылайыктуу?

8 Кудай ыйык рухун ар түрдүүчө колдонот. Жахаба бул күчү менен каалаган ой-ниетин аткара алат. Ошондуктан Кудайдын руху Ыйык Китепте каймана мааниде анын «манжасы», «кубаттуу колу... кудуреттүү каруу-булчуңу» деп бекеринен аталган эмес (Лука 11:20, «ЖД»; Мыйзам 5:15 «Мукаддас»; Забур 8:4). Адам колу менен күчтүн жана чеберчиликтин ар кандай деңгээлин талап кылган түрлүү иш-аракеттерди жасай алгандай эле, Кудай руху менен каалаган ой-ниетин ишке ашыра алат, мисалы, микроскопиялык атомду жарата алат, Кызыл деңизди экиге бөлө алат же Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына ар кайсы тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгүн бере алат.

9. Кудайдын бийлиги канчалык зор?

9 Жахабанын күчү анын Ааламдын Эгедери катары бийлигин кандайча жүргүзүп жатканынан да байкалып турат. Буйруктарыңдын баарын аткарууга дайым даяр турган миллиондогон аң-сезимдүү жана жөндөмдүү кызматчыларды башкаруу эмне экенин элестете аласыңбы? Жахаба так ошондой зор бийликке ээ. Анын жерде кызматчылары бар. Алар Ыйык Китепте аскерге окшоштурулган (Забур 68:11, «ЖД» [67:12]; 110:3, «ЖД» [109:3]). Бирок периштелерге салыштырмалуу адам баласы абдан эле алсыз. Маселен, ашурлуктар Кудай элине кол салганда, бир эле периште бир түндүн ичинде душмандын 185 миң жоокерин кырып салган (2 Падышалар 19:35). Ооба, Кудайдын периштелери «күчтүү» (Забур 102:19, 20).

10. а) Кудурети Күчтүү эмне үчүн аскерлер Жахабасы деп аталат? б) Жахабанын жаратууларынын эң күчтүүсү ким?

10 Периштелердин бардыгы канча? Даниел пайгамбарга берилген аянда асман көрсөтүлгөн. Анда Жахабанын тактысынын алдында жүз миллиондон ашык рухий жаратуулар турган, бирок бул асмандагы жаратуулардын толук санын билдирет деп эч жерде айтылган эмес (Даниел 7:10, «Мукаддас»). Мүмкүн, жүз миллиондогон периштелер бар. Ошондуктан Кудай аскерлер Жахабасы деп аталат. Бул наам анын жакшы уюштурулган көп сандагы күчтүү периштелердин Жолбашчысы катары ээлеген жогорку абалын көрсөтүп турат. Жахаба ал рухий жаратуулардын баарынын үстүнөн «эч нерсе жаратыла электе» жаралган сүйүктүү Уулун койгон (Колостуктарга 1:15). Бүт периштелерди, сераптарды, херуптарды башкарган башкы периште болгон Ыйса — Жахабанын бардык жаратууларынын эң күчтүүсү.

11, 12. а) Кудай сөзү кандай мааниде күчкө ээ? б) Ыйса Жахабанын күч-кубатына карата эмне деген?

11 Жахаба күчүн дагы бир каражат аркылуу көрсөтөт. Эврейлерге 4:12де мындай деп айтылат: «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү». Кудай Сөзү, башкача айтканда, Ыйык Китептин беттерине ыйык рухтун жетеги менен жазылган билдирүүлөр өзгөчө күчкө ээ экенин байкадың беле? Ал бизди кубаттай да, ишенимибизди бекемдей да, жашообузда чоң өзгөрүүлөрдү жасоого жардам бере да алат. Элчи Пабыл ишенимдештерине адеп-ахлаксыз жашоо өткөргөн адамдардан оолак болууну эскерткен. Андан кийин: «Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер»,— деп кошумчалаган (1 Корунттуктарга 6:9—11). Ооба, ал адамдар «Кудайдын Сөзүнүн» таасири менен өзгөрө алышкан.

12 Жахабанын күчү чексиз болгондуктан жана ал аны ушунчалык чебердик менен колдонгондуктан, ага эч нерсе тоскоол кыла албайт. Ыйса: «Кудай бардыгын кыла алат»,— деген (Матай 19:26). Бирок Жахаба күчүн кандай максатта колдонот?

Ой-ниеттин жетеги астындагы күч

13, 14. а) Жахабанын жөн эле күч-кубаттын булагы эмес экенин кайдан билебиз? б) Жахаба өзүнүн күчүн кандайча колдонот?

13 Жахабанын рухун эч кандай физикалык күч менен салыштырып болбойт. Жахаба жөн эле күч же күч-кубаттын булагы эмес. Анын касиет-сапаттары бар, ал эми күчү болсо толугу менен анын башкаруусу алдында. Күчүн колдонууга ага эмне түрткү берет?

14 Кийинчерээк биле турганыбыздай, Кудай күчүн жаратууга, кыйратууга, коргоого, калыбына келтирүүгө, башкача айтканда, өзүнүн жеткилең ой-максаттарын ишке ашырууга колдонот (Ышайа 46:10). Айрым учурларда Жахаба күчүн өзүнүн касиет-сапаттарынын маанилүү жактарын жана нормаларын ачып берүүдө колдонот. Андан сырткары, күчүн өзүнүн эркин аткарууга — Мессиялык Падышалык аркылуу өзүнүн эгедерлигин актап, ыйык ысмын ыйыктоого — жумшайт. Бул ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе тоскоол боло албайт.

15. Жахаба күчүн өзүнүн кызматчыларына карата кандай максатта колдонот жана бул Илияс менен болгон окуялардан кандайча көрүнүп турат?

15 Жахаба өзүнүн күчүн ар бирибиздин пайдабыз үчүн да колдонот. 2 Жылнаама 16:9да эмне айтылганына көңүл бурсаң. Ал жерде: «Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен бергенди колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат»,— делет. Буга жогоруда кеп кылынган Илияс менен болгон окуялар мисал боло алат. Эмне үчүн Жахаба ал пайгамбарга күчүн ошончолук таасир калтырарлык түрдө көрсөткөн? Каардуу каныша Изебел Илиясты өлтүрүүгө ант бергендиктен, пайгамбар жанын сактап калыш үчүн качып кетүүнү чечет. Ага бүт ынтасы менен жасап келген эмгегинин баары талаага кеткендей сезилет да, ындыны өчөт, ошондой эле аны жалгызсыроо жана коркуу сезими чулгап алат. Көңүлү чөккөн Илиясты сооротуу максатында Жахаба ага өзүнүн күчү тууралуу эскертет. Шамал, жертитирөө жана от ааламдагы эң күчтүүнүн Өзү ага жардамга келүүгө даяр экенин билдирген. Кудуреттүү Кудай өзү колдоп жатканда Илияска Изебелден коркуунун кереги бар беле? (1 Падышалар 19:1—12) *.

16. Жахабанын улуу күчү тууралуу ой жүгүртүү эмне үчүн бизди сооротот?

16 Кереметтер көрсөтүлгөн убактар өтүп кетсе да, Жахаба Илиястын күндөрүнөн бери эч өзгөргөн жок (1 Корунттуктарга 13:8). Ал азыр да аны сүйгөндөрдүн жыргалчылыгы үчүн күчүн жумшоого даяр. Ооба, анын биз жете алгыс рухий чөйрөдө жашаары чын, бирок ал бизден алыс эмес. Анын күчү чексиз болгондуктан, алыстык ага эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Тескерисинче, «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын» (Забур 144:18). Бир жолу Даниел пайгамбар Жахабадан жардам сурап тиленип жатканда, периште ал тиленип бүткүчө эле келип калган! (Даниел 9:20—23). Сүйгөн адамдарына жардам берүүгө Жахабага эч нерсе тоскоол кыла албайт (Забур 117:6).

Кудайдын күчү ага кайрылууга тоскоол кылабы?

17. Жахабанын күчү бизде кандай коркуу сезимин туудурушу керек жана кандайын туудурбашы керек?

17 Кудайдын күчү бизде коркуу сезимин туудурушу керекпи? Ооба десек да, жок десек да болот. Ооба дегенибиз, буга чейинки бөлүмдө айтылгандай, бизде Кудайдан коркуу, башкача айтканда, терең урматтоо жана сыйлоо сезими болууга олуттуу себептер бар. Андай коркуу Ыйык Китепте «акылмандыктын башы» деп аталат (Забур 110:10). Жок дегенибиз болсо, Кудайдын күчү ага жакындашыбызга тоскоол кылбашы жана үрөй учурган коркуу сезимин туудурбашы керек.

18. а) Эмне үчүн көптөр бийлиги барларга ишенишпейт? б) Бийлик Жахабаны бузбаарын кайдан билебиз?

18 «Колго тийген бийлик адамды бузат. Чеги жок бийлик, чексиз бузат». Бул сөздөрдү 1887-жылы англис тарыхчысы лорд Эктон жазган. Анын сөздөрүн адамдар көп кайталашат, анткени алардын эң туура айтылгандыгы азыркы кезде көбүрөөк айкын болуп жатса керек. Жеткилең эмес адамдардын бийликти көп учурда кыянат пайдаланып келгенин тарых кайра-кайра тастыктоодо (Насаатчы 4:1; 8:9). Ошондуктан көптөр бийлиги барларга ишенишпей, алардан оолактап турушат. Бирок Жахаба чексиз бийликке ээ. Бул аны бузабы? Түк да! Өзүбүз көргөндөй, ал ыйык жана акактай таза. Жахабаны бузулган дүйнөдө бийлик кылып жаткан күнөөлүү адамдарга таптакыр салыштырып болбойт. Ал өзүнүн бийлигин эч качан кыянат пайдаланган эмес жана эч качан антпейт.

19, 20. а) Жахаба күчүн кайсы сапаттары менен шайкештикте көрсөтөт жана бул эмне үчүн бекемдээрлик? б) Жахаба өзүн өзү башкара билүүнү кандайча көрсөтөрүн мисал менен түшүндүрүп бер. Бул сенде кандай сезим туудурат?

19 Жахабанын күчүнөн башка да сапаттары бар экени эсиңдедир. Биз анын адилеттүүлүгү, акылмандыгы жана сүйүүсү тууралуу да билишибиз зарыл. Бирок Жахаба машине сыңары, бир убакытта бир эле сапатын ачат деп ойлобошубуз керек. Тескерисинче, эмки бөлүмдөрдөн биле турганыбыздай, Жахаба күчүн ар дайым адилеттүүлүгү, акылмандыгы жана сүйүүсү менен шайкештикте көрсөтөт. Кудайдын дүйнө башчыларында сейрек кездешүүчү дагы бир сапатын — өзүн өзү башкара билүү сапатын — карап көрөлү.

20 Кебетесин көргөндө эле жүрөгүң түшкүдөй абдан күчтүү, алп адамга жолукканыңды элестетсең. Бирок убакыттын өтүшү менен анын мүнөзү жумшак экенин байкайсың. Ал адамдарга, өзгөчө, алсыз, жөлөп-таяй турганы жокторго жардамга келүүгө жана коргоого дайым даяр. Өзүнүн күчүн эч качан кыянаттык менен колдонбойт. Аны адилетсиз түрдө жамандашса да, ал дайыма бекем бойдон калат жана ошол эле учурда өзүн токтоо жана татыктуу алып жүрөт, атүгүл боорукердик да көрсөтөт. Сен ошондой күчтүү адам болсоң, аныкындай жумшактыкты, өзүн өзү башкара билүүнү көрсөтө алат белең? Ал адамды жакыныраак билгенден кийин аны менен достошууну каалаарың бышык. Кудурети күчтүү Жахабага жакындоого бизде мындан да көп себептер бар. Ушул бөлүмдүн аталышы алынган аяттын контекстине көңүл бурсаң: «Теңир эң чыдамдуу, күчү менен улуу» (Накум 1:3). Жахаба атүгүл жаман адамдарга каршы күчүн колдонууга шашпайт. Ал момун жана ак көңүл. Аны катуу каардантышкан күндө да «чыдамдуулук» көрсөткөн (Забур 77:37—41).

21. Эмне үчүн Жахаба адамдарды өзүнө жаккыдай иш кылууга мажбурлабайт жана бул бизге ал тууралуу эмнени айтып турат?

21 Эми Жахабанын өзүн өзү токтото билүү сапатын башка жагынан карап көрөлү. Эгерде сен чексиз бийликке ээ болсоң, адамдарды кээде өзүңө жаккыдай иш кылууга мажбурлагың келбейт беле? Бирок Жахаба ошондой күчкө ээ болуп туруп да адамдарды өзүнө кызмат кылдырууга эч кыйнабайт. Түбөлүк өмүргө Кудайга кызмат кылуунун аркасында гана жетүүгө мүмкүн болсо да, Жахаба бизди ага жакындоого мажбурлабайт. Тескерисинче, ал ар бир адамга эрк боштондугун тартуулоо менен алардын кадыр-баркын сыйлайт. Ал туура эмес чечимдин кесепеттери тууралуу алдын ала эскертип, туура чечимдердин аркасында тийчү баталар жөнүндө да айтат. Бирок кандай чечим кабыл аларыбыз өзүбүздөн гана көзкаранды (Мыйзам 30:19, 20). Жахаба жаратууларынын ага аргасыздан же анын күч-кубатынан корккондуктан эле кызмат кылуусун такыр каалабайт. Ал сүйүүсүнөн улам кызмат кылууну каалагандарды издейт (2 Корунттуктарга 9:7).

22, 23. а) Жахабанын күчүн башкалар менен бөлүшүүгө кубанычта экени эмнеден көрүнүп турат? б) Эмки бөлүмдөн эмнени билебиз?

22 Эми Кудуреттүү Кудайдан эмне үчүн коркпошубуз керек экенинин акыркы себебин карап чыгалы. Беделдүү адамдар, адатта, башкалар менен бийлик бөлүшүүдөн коркушат. Ал эми Жахаба күчүн берилген кызматчылары менен кубанычта бөлүшөт. Ал бийлигин да башкалар менен бөлүшөт, мисалы, Уулу менен (Матай 28:18). Ошондой эле Жахаба өзүнүн берилген кызматчылары менен күчүн башка мааниде да бөлүшөт. Ыйык Китепте: «Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сеники, жердеги менен асмандагынын баары Сеники! ...Күч-кубат да, кудурет да Сенин колуңда. Колдоо, зоболосун көтөрүү, бекем тургузуу бир Өзүңдөн»,— деп айтылат (1 Жылнаама 29:11, 12).

23 Ооба, Жахаба сени бекемдөөгө кубанычта болот. Ага кызмат кылууну каалагандарга ал атүгүл «кудуреттүү күч» берет (2 Корунттуктарга 4:7). Күчүн ушунчалык ак көңүлдүк менен колдонгон жана адеп-ахлактын бийик нормаларына карманган күч-кубаттуу Кудайыбызга жакындагың келбейби? Кийинки бөлүмдөн Жахаба күчүн жаратуу үчүн кандайча пайдаланарын билебиз.

^ абз. 6 «Бардыгын Кармап Туруучу» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «бардыгынын Башкаруучусу; бардык бийликтин Ээси» дегенди билдирет.

^ абз. 15 Ыйык Китепте: «Теңир шамалда эмес... жер титирөөдө эмес... отто эмес»,— деп айтылат. Ойдон чыгарылган табият кудайларына сыйынгандардан айырмаланып, Жахабанын кызматчылары Кудайды жаратылыш күчтөрү катары элестетпейт. Кудай абдан улук, аны өзү жараткан нерселерге теңеп болбойт (1 Падышалар 8:27).