Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсүнөн бизди «эч бир нерсе ажырата албайт»

Кудайдын сүйүүсүнөн бизди «эч бир нерсе ажырата албайт»

1. Көптөрдү, алардын ичинде Ыйсанын айрым жолдоочуларын кандай терс сезимдер чулгайт?

КУДАЙ сени сүйөбү? Айрымдар, Жакан 3:16да жазылгандай, Кудайдын жалпы адамзатты сүйөрүнө кошулат. Бирок ошол эле учурда өзүлөрү жөнүндө: «Кудай мени эч качан сүйбөйт»,— деп ойлошу мүмкүн. Мындай шектенүү кээде Ыйсанын чыныгы жолдоочуларында да болот. Көңүлү чөгүп турган бир киши: «Кудайдын мага кандайдыр бир жол менен кам көрөрүнө ишенүү мен үчүн абдан кыйын»,— деген. Сени да ушундай сезимдер чулгады беле?

2, 3. Биздин эч кимге керексизмин, Жахабанын сүйүүсүнө татыксызмын деген ойдо болушубузду ким каалайт жана андай ойлор менен кантип күрөшсөк болот?

2 Шайтан бизди Жахаба сүйбөйт жана баалабайт дегенге ынандырууга аракеттенет. Ал адамдарды көп учурда көйрөңдөнүүгө жана бой көтөрүүгө азгырары чын (2 КорунттуктарТга 11:3). Бирок Шайтан бир нерсени жүрөгүнө өтө жакын алган адамдарды өзүн өзү сыйлоо сезимин тебелеттирүү, башкача айтканда, өздөрүн эч нерсеге татыксыз сездиртүү аркылуу да ырахат алат (Жакан 7:47—49; 8:13, 44). Бул азыркы «оор күндөрдө» айрыкча көрүнүүдө. Бүгүн көптөр «табигый ынактыгы» («ЖД») жок үй-бүлөлөрдө тарбияланууда. Башкалары болсо күн сайын кара мүртөз, өзүмчүл, кара өзгөй адамдардан запкы көрүшүүдө (2 Тиметейге 3:1—5). Андай адамдар жылдар бою жасалып келген катаал мамиледен, расалык дискриминациядан же шылдыңдоолордон улам башкалардын көңүл буруусуна, сүйүүсүнө татыксызмын дегенге ынанып калгандыр.

3 Эгерде ушундай терс сезимдер сенде да бар болсо, эч чөкпө! Көбүбүз кээде өзүбүзгө аябай чоң талаптарды коюп алабыз. Бирок Кудай Сөзү «үйрөтүү» жана «чептерди талкалоо» үчүн жазылганын эсиңен чыгарба (2 Тиметейге 3:16; 2 Корунттуктарга 10:4). Ыйык Китепте: «Жүрөгүбүз бизди эмнеден улам айыптабасын, аны Кудайдын алдында ынандырабыз, себеби Кудай жүрөгүбүздөн чоң жана баарын билет»,— деп айтылат (1 Жакан 3:19, 20, «ЖД»). Анда эмесе, Жахабанын сүйөрүнө жүрөгүбүздү «ынандырууга» Ыйык Китеп кандай төрт жол менен жардам берерин карап чыгалы.

Жахаба сени баалайт

4, 5. Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалы Жахабанын бизди баалаарын кандайча көрсөтүп турат?

4 Биринчиден, Ыйык Китепте Кудайдын ар бир кызматчысын баалай турганы ачык айтылат. Мисалы, Ыйса Машайак: «Эки таранчы бир жез тыйынга эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар»,— деген (Матай 10:29—31). Бул сөздөрдүн I кылымда Ыйсаны угуп тургандар үчүн эмнени билдиргенин карап көрөлү.

«Силер топ таранчыдан кымбатсыңар».

5 Адамдар таранчыны эмне максатта сатып алышчу? Ыйсанын учурунда ал тамак-ашка колдонулган чымчыктардын эң арзаны болгон. Баасы ушунчалык төмөн болгондуктан, бир эле жез тыйынга эки таранчы сатып алса болоруна көңүл бурсаң. Бирок, Ыйса кийинчерээк белгилегендей, эки жез тыйынга төрт эмес, а беш таранчы келчү. Ошентип, бешинчисин эч кандай баага татыбаган сыяктуу бекер эле беришчү. Ал таранчылар адамдардын көз алдында такыр бааланбаганы менен, Жараткан аларга кандай караган? Ыйса: «Кудай алардын бирин да [жадагалса бекер берилгенин да] унутпайт»,— деген (Лука 12:6, 7). Ыйсанын бул мисал менен эмнени айткысы келгени эми түшүнүктүү болгондур. Жахабанын көз алдында жөнөкөй эле таранчы баалуу болсо, анда ал үчүн адам канчалык кымбат! Ыйса айткандай, Жахаба биз тууралуу майда-чүйдөбүзгө чейин билет, ал эмес, башыбыздагы чачыбыз да саналуу!

6. Эмне үчүн Ыйсанын чачыбыздын саналуу экендиги тууралуу сөздөрү аша чапкандык эмес?

6 Чачыбыздын бир да талын калтырбай санап чыгууга мүмкүнбү? Ыйсанын бул сөзү кимдир бирөөгө ашыра айтылгандай сезилиши ыктымал. Бирок тирилүүгө болгон үмүт тууралуу ойлонуп көрөлү. Кайра дал өзүбүздөй кылып тирилтүү үчүн Жахаба бизди канчалык жакшы билиши керек! Ал бизди ушунчалык баалагандыктан кулк-мүнөзүбүздү, генетикалык кодубузду, ошондой эле өмүр бою топтогон эскерүүлөрүбүздү жана алган таасирлерибизди да билет *. Буга салыштырмалуу чачыбызды саноо Жаратканга кыйынга деле турбайт, ал эми башыбызда орто эсеп менен 100 миң тал чач бар.

Жахаба эмнебизди баалайт?

7, 8. а) Жахаба жүрөктөрдү сыноодо кандай сапаттарды тапса кубанат? б) Жахаба баалаган иштердин айрымдары кайсылар?

7 Экинчиден, Ыйык Китепте Жахаба өзүнүн кызматчыларынын эмнесин баалаары көрсөтүлгөн. Жөнөкөй тил менен айтсак, аны биздин жакшы сапаттарыбыз менен аракеттерибиз кубандырат. Дөөт падыша баласы Сулайманга: «Теңир бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат»,— деген (1 Жылнаама 28:9). Азыркы каардуу, жек көрүүчүлүккө сугарылган дүйнөдөгү миллиарддаган жүрөктөрдү сынап, тынчтыкты, чындыкты жана адилдикти сүйгөн жүрөктү тапканда Жахаба кандай гана кубанат! Кудай аны сүйгөн, ал жөнүндө абдан билгиси келген жана билгендерин башкалар менен бөлүшүүнү самаган жүрөктү тапканда эмне болот? Жахаба ал жөнүндө башкаларга айтып жаткандардын баарын сөзсүз байкаарына ынандырууда. Атүгүл анда «Теңирден коркуп, Анын ысымын урматтагандардын» бардыгы тууралуу билдирүүлөр камтылган «эстелик китеп» бар (Малахия 3:16). Жахаба андай сапаттарды абдан баалайт!

8 Жахаба баалаган жакшы иштердин айрымдары кайсылар? Буга анын Уулун, Ыйса Машайакты, тууроодо кылып жаткан бардык иш-аракеттерибиз кирери шексиз (1 Петир 2:21). Кудай баалаган маанилүү иштердин бири — анын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу. Римдиктерге 10:15те: «Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» — деп айтылат. Адатта, буттарыбызды «сонун» нерсе деп деле ойлобойбуз. Бирок бул аятта алар Жахабанын кызматчыларынын жакшы кабар айтуудагы аракетин билдирип турат. Кудайдын көз алдында андай аракеттерибиздин бардыгы сонун жана баалуу (Матай 24:14; 28:19, 20).

9, 10. а) Түрдүү кыйынчылыктарда көрсөткөн чыдамдуулугубузду Жахабанын баалаарына эмне үчүн ишенсек болот? б) Жахаба ишенимдүү кызматчылары тууралуу кандай ойдо болуудан алыс?

9 Жахаба кыйынчылыктарда көрсөткөн чыдамкайлыгыбызды да баалайт (Матай 24:13). Шайтан Жахабадан баш тартышыңды каалаарын эсиңен чыгарба. Кудайга болгон берилгендигиңди сактаган сайын, сен ага Шайтандын жаманатты кылганына жооп кайтарууга жардам бересиң (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»). Кээде чыдамкайлык көрсөтүү оңойго турбайт. Оору-сыркоо, финансылык кыйынчылыктар жана тынчыбызды алган башка жагымсыз нерселер ар бир күндү сыноого айландырышы ыктымал. Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт да көңүл чөктүрөт (Накыл сөздөр 13:12). Ушундай кыйынчылыктарда көрсөткөн чыдамдуулугубузду Жахаба өзгөчө баалайт. Дал ушул себептен Дөөт Жахабадан көз жашын каймана маанидеги «идишине» сактоосун суранган, анан ишенимдүүлүк менен: «Алар Сенин китебиңде жазылган эмеспи?» — деп кошумчалаган (Забур 55:9). Ооба, Жахаба берилгендигибизди сактоодо төккөн көз жашыбыз менен кечирип жаткан азап-тозокторубузду баалайт жана унутпайт. Алардын бардыгы анын көз алдында баалуу.

Сыноо учурунда көрсөткөн чыдамдуулугубузду Жахаба абдан баалайт.

10 Анткен менен өзүбүздү айыптоого жакын жүрөгүбүз Кудайдын көз алдында баалуу экенибизге шектене бериши мүмкүн. Ал бизге тынбай эле: «Сенден алда канча жакшы жана татыктуу адамдар көп. Жахаба сени алар менен салыштырганда аябай эле капаланат болуш керек!» — деп шыбырай бериши ыктымал. Бирок Жахаба кызматчыларын такыр салыштырбайт жана аларга баа берүүдө эч качан катуу же катаал болбойт (Галаттыктарга 6:4). Ал жүрөктөрдү өтө кыраакылык менен сынайт жана адамдагы жакшы сапаттарды, алар кандай деңгээлде көрсөтүлбөсүн, баалайт.

Жахаба жакшыны жамандан ажыратат

11. Абияга карата жасаган мамилесинен Жахаба тууралуу эмне биле алабыз?

11 Үчүнчүдөн, жүрөгүбүздү сынаганда Жахаба ар дайым жакшы бир нерсе табууга аракет кылат. Маселен, Жаробам падышанын ишенимден чегинген династиясын бүт бойдон кырып салууну чечкенде Жахаба падышанын бир эле баласын, Абияны, тийиштүү түрдө көмүүгө буйрук берген. Эмне үчүн? Андан «Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында бир жакшы нерсе» табылган (1 Падышалар 14:1, 10—13). Мындайча айтканда, Жахаба ал уландын жүрөгүн текшергенде «бир жакшы нерсе» тапкан. Ал жакшы нерсенин канчалык чоң же кичине болгонун билбейбиз, бирок Жахаба ал тууралуу өз Сөзүндө жазылып калышын татыктуу деп тапкан. Андан сырткары, Кудай ишенимден чегинген үй-бүлөнүн бул мүчөсүнө ошол жакшы нерсени эске алып боорукердик көрсөткөн.

12, 13. а) Жошапат менен болгон окуя, күнөө кылганыбызда да, Жахаба биздин жакшы жагыбызды издээрин кандайча айгинелеп турат? б) Жакшы иштерибиз менен сапаттарыбызды баалоодо Жахаба кандайча мээримдүү Атадай иш-аракет кылат?

12 Жакшы падыша Жошапат менен болгон окуя мындан да айкын мисал боло алат. Падыша туура эмес иш жасаганда, Жахабанын пайгамбары ага: «Ушинткениң үчүн Теңир сага каарданып жатат»,— дейт. Кандай гана үрөй учурарлык сөздөр! Бирок Жахабанын кабары ушуну менен эле аяктаган эмес. Пайгамбар: «Ошондой болсо да, сенин жакшы иштериң бар»,— деп сөзүн улайт (2 Жылнаама 19:1—3). Жахаба адилеттүү каарына алдырбай, Жошапаттын жакшы жактарын да көргөн. Ал жеткилеңсиз адамдардан кандай гана айырмаланат! Бизди бирөө таарынтып койсо, анын жаман жактарын гана көрүүгө жакынбыз. Өзүбүз күнөө кетиргенде болсо, көңүлүбүз чөгөт да, өзүбүздү күнөөлүү сезип, абийирибиз жемелегендиктен, жакшы жактарыбызды көрбөй калабыз. Бирок чын жүрөктөн өкүнүп, кетирген катабызды кайталабоого бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирерин эсиңден чыгарба.

13 Алтын издөөчү алтынды алыш үчүн кереги жок кумду жуугандай эле, Жахаба жүрөгүңдү «элегенде» күнөөлөрдүн бардыгын жууп салат. А жакшы сапаттарың менен иштериңдичи? Жахаба аларды кенчтей баалайт! Балдарынын мектепте окуп жүргөндө тарткан сүрөттөрүн, жасаган нерселерин, алар өздөрү эбак эле унутуп калышкан күндө да, ата-эне көп жылдар бою бапестеп сактап жүрөрүн байкадың беле? Жахаба — өзгөчө мээримдүү Ата. Эгер биз ага ишенимдүү бойдон калсак, ал биздин жакшы иштерибиз менен сапаттарыбызды эч качан унутпайт. Аларды унутуп коюу Жахаба үчүн адилетсиз иш кылганга тете болмок, а биздин Кудайыбыз эч качан адилетсиз иш кылбайт (Эврейлерге 6:10). Бирок ал жүрөгүбүздү башка максат менен да сынайт.

14, 15. а) Эмне үчүн жеткилеңсиздигибиз Жахабага жакшы жактарыбызды көрүүгө эч качан тоскоолдук кыла албайт? Мисал менен түшүндүр. б) Жахаба бизден байкаган жакшы нерселерди эмне кылат жана ишенимдүү кызматчыларына кандай карайт?

14 Жахаба биздин жеткилеңсиздигибизди эле эмес, өзүбүз байкабаган жөндөмдүүлүктөрүбүздү да билет. Бир мисал карап көрөлү. Сүрөт искусствосун сүйгөн адамдар залкар сүрөтчүлөрдүн мыкты чыгармаларын калыбына келтүрүү үчүн көп күч-аракет жумшашат. Маселен, Лондондо (Англия) Улуттук галереядагы Леонардо да Винчинин болжол менен 30 миллион долларга бааланган сүрөтүн бир караниет адам атып салганда, аны ыргытып жиберүү эч кимдин оюна да келген эмес. Тартылганына дээрлик 500 жыл болду деп эсептелген ал дүйнөлүк искусствонун шедеврин калыбына келтирүү иши токтоосуз түрдө башталган. Эмне үчүн? Анткени аны искусствону сүйүүчүлөр абдан баалашат. Анда сен бор жана боёк менен тартылган сүрөттөн алда канча баалуу эмессиңби? Тукум кууп өткөн жеткилеңсиздик сага терс таасирин тийгизсе да, Кудай үчүн аябай кымбатсың (Забур 71:12—14). Адамзаттын чебер Жаратканы Жахаба Кудай анын сүйүүсү менен боорукердигине жооп кайтарып жаткандарды кайрадан жеткилеңдикке жеткирүү үчүн бардыгын кылат (Элчилер 3:21; Римдиктерге 8:20—22).

15 Ооба, Жахаба өзүбүз байкабаган жакшы жактарыбызды көрүп турат. Эгер ага кызмат кыла берсек, ал жеткилең болгонго чейин ошол сапаттарды өрчүтө берүүгө жардам берет. Шайтандын дүйнөсү бизге кандай мамиле кылбасын, Жахаба ишенимдүү кызматчыларын баалайт жана «бардык элдердин асылдарындай» көрөт (Акай 2:7, МАК).

Жахаба сүйүүсүн иш жүзүндө көрсөтөт

16. Жахабанын бизди сүйөрүнө эмне зор далил боло алат жана ал белек ар бирибиз үчүн берилгенин кайдан билебиз?

16 Төртүнчүдөн, Жахаба бизди сүйөрүн далилдөө үчүн көп нерсе кылып жатат. Арийне, Шайтан бизди эч нерсеге жараксызмын, сүйүүгө татыксызмын дегенге ынандыруу максатында туудурган ойдун жалган экенине Машайактын куткаруу курмандыгы эң сонун далил. Ыйсанын кыйноо мамысында тарткан ырайымсыз, жан чыдагыс азабы жана сүйүктүү Уулунун өмүрүнүн кыйылып жатканын көргөн Жахабанын андан да катуу жапа чеккени алардын бизге болгон сүйүүсүнүн далили болгондугун эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Тилекке каршы, көптөргө бул баалуу белек алар үчүн да берилгенине ишенүү кыйынга турат. Алар өздөрүн татыксыз сезишет. Бирок элчи Пабылдын бир кездерде Машайактын шакирттерин куугунтуктаганын эстейли. Ошентсе да ал Кудайдын Уулу жөнүндө: «Мени сүйгөн жана мен үчүн Өзүн берген»,— деп жазган (Галаттыктарга 1:13; 2:20, «Мукаддас»).

17. Жахаба өзүнө жана Уулуна бизди кантип жакындатат?

17 Жахаба бизге болгон сүйүүсүн Машайактын курмандыгынын негизинде мүмкүн болгон нерселердин бардыгын колдонууга ар бирибизге жардам берүү менен көрсөтөт. Ыйса мындай деген: «Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт» (Жакан 6:44). Ооба, өзүнүн Уулуна жана түбөлүк өмүр алуу үмүтүнө Жахаба өзү жакындатып жатат. Кантип? Кабар айтуу иши аркылуу жакшы кабарды ар бирибизге жеткирүү менен. Ошондой эле ал алыбыздын чектелүү экенине жана жеткилеңсиздигибизге карабастан, Ыйык Китептеги чындыктарды түшүнүүгө жана жашоодо колдонууга ыйык руху менен жардам берип жатат. Андыктан Жахаба ысрайыл элине айтканындай эле бизге да: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан ырайымдуулугум менен сени өзүмө буруп алдым»,— деп айта алат (Жеремия 31:3, «Тх»).

18, 19. а) Жахабанын сүйүүсүн канткенде терең түшүнөбүз жана анын ар бирибиздин тиленүүбүздү угарын кайдан билебиз? б) Жахабанын боор ооруй билген угуучу экенине Ыйык Китеп бизди кандайча ынандырат?

18 Ошондой болсо да бизге берилген зор артыкчылыкты — тиленүү мүмкүнчүлүгүн — пайдаланып, жүрөгүбүздөгүнү Кудайга айтканыбызда, анын сүйүүсүн тереңирээк сезебиз. Ыйык Китеп ар бирибизди Кудайга үзгүлтүксүз тиленүүгө чакырат (1 Тесалоникалыктарга 5:17). Ал бизди угат. Кудай ал турсун «тиленүүнү Угуучу» деп аталат (Забур 65:2, «ЖД» [64:3]). Ал мындай укукту эч кимге, атүгүл өзүнүн Уулуна да берген эмес. Ойлоп көрсөң, Ааламдын Жаратканы ага ойлорубузду ээн-эркин айтып, тиленүү аркылуу жакындаганга чакырып жатат. Бирок Жахаба кантип угат? Кош көңүл, ынтаасыз, дит койбойбу? Такыр андай эмес!

19 Жахаба — боор ооруй билген Кудай. Боор ооруу деген эмне? Кудайдын улгайган ишенимдүү бир кызматчысы: «Боор ооруй билүү деген менин жүрөгүмдүн сенин кыйналганыңды сезиши»,— деген. Жахаба биздин кыйналганыбызды чынында эле сезеби? Маселен, анын элинин, Ысрайылдын, азап-тозоктору тууралуу мындай деп жазылган: «Ал ар бир кыйынчылыкта аларга боорукердик көрсөткөн» (Ышайа 63:9, «Тх»). Жахаба элинин кыйналганын карап гана турбастан, аларга боору ооруган. Жахабанын сезимдеринин күчтүүлүгүн кызматчыларына өзү тууралуу: «Силерге ким тийсе, ал Анын [Кудайдын] көзүнүн карегине тийген болот»,— деп айткан сөздөрүнөн билүүгө болот * (Захария 2:8). Мындай иш-аракет кандай гана орутарлык! Бизге Жахабанын боору оорууру шексиз. Кыйналганыбызда, ал биз менен чогуу кыйналат.

20. Римдиктерге 12:3төгү кеңешке кармангыбыз келсе, эмнеден качышыбыз керек?

20 Ыйсанын эстүү жолдоочусу Кудайдын ушундай жол менен сүйүү жана урмат көрсөтөрүнө таянып бой көтөрүү же менменсинүү сапаттарын актоого аракет кылбайт. Элчи Пабыл: «Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө»,— деп жазган (Римдиктерге 12:3). Башка котормодо бул аят мындай деп берилген: «Мен ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн ашык жогору ойлобогула» («Инжил»). Келгиле, Асмандагы Атабыздын мээримине бөлөнүү менен акыл-эстүү болуп, анын бизге чексиз ырайымдуулугунан улам сүйүү көрсөтүп жатканын эсибизден чыгарбайлы (Лука 17:10).

21. Шайтан туудурган кандай туура эмес ойлорду дайыма четке кагышыбыз зарыл жана жүрөгүбүзгө кайсы сөздөрдү дайым бекем түйүп жүрүшүбүз керек?

21 Анда Шайтандын бизди эч кимге керексизбиз, сүйүүгө татыксызбыз дегенге ынандыруу максатында туудурган туура эмес ойлорун четке кагууга колубуздан келгендин бардыгын кылалы. Эгер жашоо сени өзүңдү Кудайдын чексиз сүйүүсү да жеңе албас тоскоолдук катары көрүүгө же жакшы иштерим эч нерсеге арзыбайт, ошондуктан бардыгын көрүп турган Кудайдын да көз жаздымында калат деп эсептөөгө, же күнөөлөрүм ушунчалык чоң болгондуктан, аларды Ыйсанын каны да жууй албайт деп ойлоого үйрөткөн болсо, буга ишенбе. Ал калпты шектенбестен четке как! Келгиле, элчи Пабылдын Кудайдын шыктандыруусу менен: «Кудайдын... Ыйса Машайак аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына мен толук ишенемин»,— деп жазган сөздөрүн дайым жүрөгүбүзгө бекем түйүп жүрөлү (Римдиктерге 8:38, 39).

^ абз. 6 Ыйык Китепте тирилүү Жахабанын эс-тутуму менен байланыштуу экендиги көп ирет баса белгиленет. Ишенимдүү Аюб Жахабага кайрылып: «О... Сен... мага мөөнөт берип, ошондон кийин гана мени эстесең кана!» — деген (Аюб 14:13). Ыйса «эстелүүчү мүрзөдөгүлөрдүн баарынын» тирилери тууралуу айткан. Ошондуктан бул байланыш орундуу, себеби Жахаба тирилткиси келген адамдардын баарын эң сонун эстеп жүрөт (Жакан 5:28, 29, «ЖД»).

^ абз. 19 Айрым котормолордо бул аятта Кудайдын элине тийген Кудайдын эмес, а Ысрайылдын же өзүнүн көзүнүн карегине тийген болот деген маани берилет. Бул ката аятта урмат көрсөтүлбөй калган деп эсептегенден улам аны өзгөртүп салган көчүрүүчүлөрдүн айынан пайда болгон. Алардын туура эмес аракеттеринен улам бул аятта Жахабанын канчалык боор ооруй турганы чагылдырылбай калган.