Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-БӨЛҮМ

Машайактын сүйүүсүн таанып-билүү

Машайактын сүйүүсүн таанып-билүү

1—3. а) Ыйсага Атасын тууроого эмне түрткү берген? б) Ыйса сүйүүнү кайсы үч жол менен көрсөткөн?

АТАСЫН так өзүндөй кылып тууроого аракеттенген баланы байкап көрдүң беле? Ал атасынын басканын, жүрүм-турумун, сүйлөгөнүн да туурайт. Убакыттын өтүшү менен анын адеп-ахлактык жана рухий баалуулуктарга болгон көзкарашын да өздөштүрүп алат. Ооба, мээримдүү атасына болгон сүйүүсү менен суктануусу балага атасына окшошууга түрткү берет.

2 Ыйса менен асмандагы Атасынын ортосундагы мамиле тууралуу эмне айтууга болот? Бир жолу Ыйса: «Мен Атамды сүйөм»,— деп айткан (Жакан 14:31). Ал бардык жаратуулар жаралганга чейин эле Атасы менен бирге болгон. Ошондуктан Жахабаны Уулу сүйгөндөй эч ким сүйө албайт болчу. Дал ошол сүйүүсү берилгендик көрсөткөн Уулуна Атасына окшош болууга түрткү берген (Жакан 14:9).

3 Буга чейинки бөлүмдөрдөн Ыйсанын күчүн колдонууда, адилеттүүлүк жана акылмандык сапаттарын чагылдырууда Жахабаны кандайча жеткилең түрдө туураганын карап чыкканбыз. Ал Атасынын сүйүүсүн кантип чагылдырган? Анда эмесе, Ыйсанын сүйүүнү үч жол менен: жанаябастык рухун көрсөтүү, терең боор ооруу жана кечирүүгө даяр болуу менен кандайча көрсөткөнүн карап көрөлү.

«Өз жанын берүүдөн» өткөн сүйүү жок

4. Ыйса адам көрсөтө алган жанаябастык сүйүүнү эң сонун түрдө кантип көрсөткөн?

4 Ыйса жанаябастык сүйүү көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырган. Жан аябоо деген башкалардын жыргалчылыгы үчүн өз кызыкчылыктарыбыздан баш тартууну билдирет. Мындай сүйүүнү Ыйса кантип көрсөткөн? Ал өзү: «Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок»,— деп түшүндүргөн (Жакан 15:13). Ыйса өзүнүн жеткилең өмүрүн биз үчүн даярдуулук менен берген. Бул адам көрсөтө алган сүйүүнүн эң күчтүүсү болгон. Бирок Ыйса жанаябастык сүйүүнү дагы башка жолдор менен да чагылдырган.

5. Эмне үчүн жерге келүү менен Кудайдын Уулу жанаябастык сүйүү көрсөткөн деп айтууга болот?

5 Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу жерге келгенге чейин асманда даңктуу, жогорку абалды ээлеген. Ал Жахаба жана түмөндөгөн рухий жаратуулар менен тыгыз пикирлешкен. Ушунун бардыгына карабастан Кудайдын сүйүктүү Уулу адамга окшошуп, «кул кейпин кийип» өзүн басынткан (Филипиликтерге 2:7). Ал күнөөкөр адамдардын арасында, «ибилистин бийлигинде жаткан» дүйнөдө жашоо үчүн даярдуулук менен жерге келген (1 Жакан 5:19, «Инжил»). Бул жанаябастык сүйүүнүн зор үлгүсү эмеспи?

6, 7. а) Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса жанаябастык сүйүүнү кантип көрсөткөн? б) Жакан 19:25—27-аяттарда өзүмчүлдүксүз сүйүү чагылдырылган кандай сонун мисал жазылган?

6 Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса жанаябастык сүйүүнү түрдүү жолдор менен көрсөткөн. Анда кенедей да өзүмчүлдүк болгон эмес. Ыйса өзүн кызматка толугу менен арнагандыктан адамдар көнгөн ыңгайлуу шартта жашоону издеген эмес. Ал: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалаар жери жок»,— деп айткан (Матай 8:20). Чебер уста болгондуктан Ыйса өзүнө заңгыраган үй курууга же сатып бир аз акча кылып алуу үчүн кооз эмерек-буюмдарды жасоого убакыт бөлө алмак. Бирок ал билими менен жөндөмдүүлүгүн өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон эмес.

7 Жакан 19:25—27-аяттарда Ыйсанын өзүмчүлдүксүз сүйүүсү чагылдырылган сонун мисал жазылган. Кыйноо мамысында кадалып турганда аны эмне деген ойлор менен сезимдер чулгаганын элестетсең! Өмүрүнүн акыркы сааттарында ал шакирттери, кабар айтуу иши, Кудайдын алдында актыкты сактоонун маанилүүлүгү жана ишенимдүү бойдон калуу менен Атасынын атын даңктаары жөнүндө ойлонгон. Ырасын айтканда, адамзаттын келечеги чечилип жаткан! Ошентсе да Ыйса, сыягы, ошол учурга чейин эле жесир калган апасы Мариямдын камын ойлоп, элчи Жакандан ага өз энесиндей кам көрүп жүрүүнү өтүнөт. Жакан ошол себептен Мариямды өз үйүнө алат. Ошентип, Ыйса апасынын денелик жана рухий муктаждыктарына кам көрүп койгон. Бул — өзүмчүлдүксүз сүйүү көрсөтүүнүн кандай сонун үлгүсү!

«Аларга боор ооруду»

8. Ыйык Китепте Ыйсанын боор ооруу сезимин сыпаттоо үчүн колдонулган грек сөзү кандай мааниге ээ?

8 Ыйса, Атасына окшоп, аябай боорукер болгон. Ыйык Жазмада ал муктаж болгондордун баарына жардамга келүүгө даяр, абдан боорукер адам катары сүрөттөлөт. Ыйык Китепте анын боор ачуу сезимин сыпаттоо үчүн «боор ооруу» деп которулган грек тилиндеги этиш колдонулган. Бул тууралуу бир ыйык китептик окумуштуу: «[Бул сөз] жандүйнөнүн түпкүрүнө чейин таасир эткен сезимдерди туюнтат. Бул — боору ооруу сезимин берүү үчүн колдонулган эң күчтүү грек сөзү»,— деп айткан. Боор ооруу сезиминин Ыйсага адамдарга жардам берүүгө кандайча түрткү бергенин көрсөткөн бир нече мисал карап көрөлү.

9, 10. а) Эмне үчүн Ыйса шакирттери менен тынчыраак жерге сүзүп барууну каалаган? б) Эл тынчын алганда, Ыйса эмне кылган жана эмне үчүн?

9 Рухий жактан муктаждарга жардам берген. Марк 6:30—34-аяттардан Ыйсанын адамдарга эмнеден улам боору ооруганын биле алабыз. Төмөнкү жагдайды элестетип көрөлү. Кабар айтуунун чоң өнөктүгүн жаңы эле аяктаган элчилер Ыйсага келишет. Кубанычтары койнуна батпаган алар устатына уккан-көргөндөрүн айтып берүүнү абдан каалашат. Бирок калың эл чогулгандыктан, Ыйсанын да, элчилердин да тамактанууга чололору тийбейт. Шакирттеринин чарчаганын байкап Ыйса: «Өзүңөрчө бөлүнүп, ээн жерге баргыла да, бир аз эс алып алгыла»,— деп кеңеш берет. Алар кайыкка түшүп, Галилея деңизинин түндүк жагын кесип өтүп, тынчыраак жерге сүзүп жөнөшөт. Бирок алардын сүзүп баратканын башкалар көрүп калып бул тууралуу элге тез эле кабар тарап кетет. Түндүк жээкти бойлой жүгүргөн эл кайыкта бараткан Ыйса менен шакирттерден биринчи жетип барат!

10 Ыйса башкалар тынчын алганына капаланды беле? Түк да! Жолугууну көксөп келген миңдеген адамдарды көргөндө анын аябай боору ачыйт. Марк: «Ыйса... көп элди көрүп, аларга боор ооруду. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштады»,— деп жазат. Ыйса ал элди жөн эле сүрмө топ катары эсептеген эмес: алардын ар биринин рухий муктаждыгын көрө билген. Алар адашкан, коргоп, кайтарып жүрөр койчусу жок койлордой эле. Ыйса мээримсиз диний жетекчилердин, камкор койчу болгондун ордуна, жөнөкөй адамдарды жек көрүшкөнүн билчү (Жакан 7:47—49). Аябай боору ачыгандыктан ал элге «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө» айта баштаган (Лука 9:11). Ыйсанын, эл анын айткандарына жооп кайтара электе эле, боору ооруганына көңүл бурсаң. Башкача айтканда, Ыйсада аёо сезими элди окутуунун натыйжасында пайда болгон эмес, тескерисинче, аёо сезими ага элди окутууга түрткү берген.

Ыйса «ага колун тийгизди».

11, 12. а) Байыркы убактарда пес оорулууларга кандай мамиле кылынган, бирок «бүт денеси пес болгон» адам жанына басып келгенде, Ыйса эмне кылган? б) Ыйсанын оорулууга колун тийгизиши кандай мааниге ээ эле жана аны доктур айтып берген окуя кандайча тастыктап турат?

11 Кыйналгандардын азабын жеңилдеткен. Ар кыл оорудан жабыр тартып жүргөндөр Ыйсанын боорукер экенин билишкендиктен ага тартылып турушчу. Бул бир окуядан жакшы көрүнүп турат. Ыйсаны көп адамдар ээрчип бараткан. Капысынан эле анын жанына «бүт денеси пес болгон» адам келет (Лука 5:12). Байыркы убактарда пес оорулуулар, башкаларга оорусу жугуп калбашы үчүн, элден обочо жашашчу (Сандар 5:1—4). Бирок кийинчерээк раббин жетекчилер катуу эрежелерди чыгарышып, аларга ырайымсыз мамиле жасалышына өбөлгө түзүшкөн *. Ал эми Ыйсанын кандай мамиле жасаганына көңүл бурсаң: «Ыйсага бир пес оорулуу адам келип, тизелеп жыгылды да: „Эгерде Сен кааласаң, мени айыктыра аласың“,— деп жалынды. Ыйса боор ооруп, ага колун тийгизди да: „Каалайм, айык!“ — деди. Ошол замат ал пес оорусунан айыгып, таза болуп калды» (Марк 1:40—42). Пес оорулуунун элдин арасында жүрүшүнүн өзү эле мыйзамды бузгандыкка жатарын Ыйса билген. Ошентсе да ал оорулууну кубалап жиберген эмес, кайра аябай боору ачыгандыктан ойго келгис нерсе кылат: ага колун тийгизет!

12 Ыйсанын колун тийгизиши пес оорулуу үчүн эмнени билдиргенин элестетип көрсөң! Бир окуяны мисалга алып көрөлү. Аны д-р Пол Бранд, лепра оорусун дарылоо боюнча адис, айтып берген. Окуя Индияда болгон. Оорулууну текшерип жатып доктур колун анын ийинине коюп, кандай жол менен дарылануу керектигин котормочу аркылуу түшүндүрө баштайт. Аңгыча эле оорулуу ыйлап кирет. Доктур: «Туура эмес бир нерсе айтып койдумбу?» — деп сурайт. Котормочу оорулууга суроону которуп берип, анан: «Жок, доктур. Колуңузду ийиниме койгонуңузга ыйлап жатам дейт. Биякка келгенге чейин ага көп жылдан бери эч ким минтип колун тийгизбептир»,— деп жооп берет. Байыркы убактагы пес оорулуу үчүн Ыйсанын ага колун тийгизгени мындан да чоң мааниге ээ болгон. Анткени ошондон кийин ал кемсинтилүүгө, жек көрүндү болууга дуушар кылган оорусунан айыккан!

13, 14. а) Наин шаарынын жанынан Ыйса кимдерге жолугат жана эмнеден улам жагдай өзгөчө оор эле? б) Боору ооругандыктан Ыйса Наин шаарында жашаган жесир аялга эмне кылган?

13 Адамдарды күйүттөн арылткан. Ыйса бөлөктөрдүн күйүтүнө кош көңүл караган эмес. Лука 7:11—15-аяттарда баяндалган окуяны карап көрөлү. Ал, сыягы, Ыйсанын жердеги кызматы ортолоп калган убакта Галилеядагы Наин шаарынын жанында болуп өтөт. Шаардын дарбазасына жакын калганда Ыйса сөөк коюуга бараткандарды жолуктурат. Жагдай өзгөчө оор эле. Себеп дегенде өлгөн бала жесир аялдын жалгыз уулу болчу. Ал аял сөөк коюуга күйөөсү каза болгондо да катышса керек эле. Эми болсо минтип медер туткан жалгыз баласын табытта көтөрүп баратышат. Аялды калың эл коштоп бараткан. Алардын арасында кайгырып, өлгөндү жоктоп ыйлаган кошокчулар жана кайгылуу музыка ойногон музыканттар да болгон шекилдүү (Жеремия 9:17, 18; Матай 9:23). Бирок Ыйса баласынын сөөгүнүн жанында жүрөгү туз куйгандай ачышып бараткан энеге көз токтотот.

14 Ыйса кайгыга баткан энени «аяп», жылуу-жумшак үнү менен: «Ыйлаба!» — деп сооротот. Анан табытка жакын барып, колун тийгизет. Сөөктү көтөрүп бараткандар да, сыягы, алардын жанындагылар да токтоп калышат. Ошондо Ыйса маркумга карап: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңдан тур!» — деп буйрук кылат. Анан эмне болот? Өлүп жаткан бала, катуу уйкудан ойгонгонсуп, өйдө болуп «отурат да, сүйлөй баштайт»! Андан соң абдан толкундантарлык нерсе болот: «Ыйса аны энесинин колуна тапшырат».

15. а) Ыйсанын адамдарды аягандыгы тууралуу ыйык китептик билдирүүлөрдөн боор ооруу менен иш жүзүндө жардам берүүнүн кандай тыгыз байланышы бар экени көрүнүп турат? б) Бул жагынан Ыйсаны кантип туурасак болот?

15 Бул билдирүүлөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Айтылып өткөн окуялардын ар биринен боор ооруу сезиминин иш жүзүндө жардам берүү менен тыгыз байланышта экени көрүнүп турат. Ыйса башкалардын кайгысына кошкөңүл карап туралган эмес, алардын кыйналган жүзүн көргөндө эле боору ооруп кетчү. Андан сырткары, аёо сезими Ыйсага иш-аракет кылууга түрткү берчү. Аны кантип туурасак болот? Ыйсанын жолдоочулары катары биз жакшы кабар айтууга жана шакирт даярдоого милдеттүүбүз. Бизге түрткү берип жаткан эң негизги нерсе — Кудайга болгон сүйүү. Бирок бул иште боорукердик көрсөтүүнүн да маанилүү экенин эч качан эстен чыгарбайлы. Ыйсага окшоп, адамдарга боор ооруй билсек, жүрөгүбүз аларга жакшы кабарды жеткирүү үчүн колубуздан келгендин бардыгын кылууга түрткү берет (Матай 22:37—39). Ал эми олуттуу кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан же жакын адамынан айрылып күйүт тартып жүргөн ишенимдештерибизге кантип боорукердик көрсөтө алабыз? Албетте, биз оорулууларды айыктырып же өлгөндөрдү тирилтип керемет жасай албайбыз. Бирок адамдарга жекече кызыгуу көрсөтүү же кандайдыр бир жардам берүү менен боорукердик кыла алабыз (Эфестиктерге 4:32).

«Ата, буларды кечире көр»

16. Ыйса кечирүүгө даяр экенин кыйноо мамысында кадалып турганда кантип көрсөткөн?

16 Ыйса Атасынын сүйүүсүн дагы бир маанилүү жол менен жеткилең түрдө чагылдырган: ал «кечирүүгө даяр» болгон (Забур 86:5, «ЖД», [85:5]). Ыйса муну кыйноо мамысында кадалып турганда да көрсөткөн. Аны маскаралап, мамыга буту-колунан мык менен кагып салышкан. Ошол учурда ал эмне жөнүндө суранды эле? Жахабадан өзүн кыйнап жаткандарды жазалоосун өтүндү беле? Жок, ал: «Ата, буларды кечире көр! Анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деген (Лука 23:34) *.

17—19. Ыйса Петирдин үч жолу танганын кечиргенин кантип көрсөткөн?

17 Ыйсанын кечиримдүү экенинин эң сонун мисалы болуп, сыягы, Петирге кылган мамилеси эсептелет. Петирдин аны аябай жакшы көргөнү шексиз. Атүгүл ал Ыйсанын өлөр алдындагы түнү, 14-нисанда: «Теңир [«Эге», «ЖД»], мен Сени менен түрмөгө отурууга да, өлүүгө да даярмын»,— деген. Бирок бир нече эле саат өтүп-өтпөй ал Ыйсаны билерин үч жолу танат! Үчүнчү жолу танганда эмне болгону Ыйык Китепте мындайча айтылат: «Теңир [«Эге», «ЖД»] бурулуп, Петирди карады». Канчалык оор күнөө кылганын сезген Петир «сыртка чыгып, өксүп ыйлаган». Ошол күнү Ыйса өлгөндө, анын жүрөгүн: «Эгем мени кечирди болду бекен?» — деген суроо өйүсө керек (Лука 22:33, 61, 62).

18 Мунун жообу көпкө күттүргөн эмес. Нисан айынын 16-күнү эртең менен тирилтилген Ыйса Петирге ошол эле күнү көрүнгөн окшойт (Лука 24:34; 1 Корунттуктарга 15:4—8). Эмне үчүн ал өзүнөн танган Петирге мынчалык урмат көрсөткөн? Балким, күнөөсүн мойнуна алып өкүнгөн Петирди дагы эле сүйөрүнө жана баалаарына ынандыргысы келгендир. Ыйса аны сооротууда муну менен эле чектелген эмес.

19 Бир нече убакыт өткөн соң Ыйса Галилея деңизинин жанынан шакирттерине көрүнөт. Бул жолу ал Петирден (өзүнүн Эгесинен үч жолу танган шакиртинен) мени сүйөсүңбү деп үч ирет сураган. Үчүнчү жолу жооп берип жатканда Петир: «Теңир [«Эге», «ЖД»], Сен баарын билесиң, Сени сүйөрүмдү да билесиң»,— деген. Ыйса адамдардын жүрөгүндөгүсүн билгендиктен Петирдин аны сүйөрүн жана баалаарын да билген. Бирок ал Петирге сүйүүсүн билдирүүгө мүмкүндүк берген. Андан сырткары, Ыйса андан «козуларын» «кайтарууну» өтүнгөн (Жакан 21:15—17). Мурун Петирге кабар айтуу тапшырылган болчу (Лука 5:10). Эми болсо Ыйса ага өзгөчө ишеним көрсөтүп, чоң жоопкерчилик — өзүнүн келечектеги жолдоочуларына кам көрүүнү — тапшырат. Арадан көп өтпөй эле Ыйса Петирге шакирттердин арасында жетекчиликти колго алууга түрткү берет (Элчилер 2:1—41). Ыйсанын кечиргенин жана ага дагы эле ишеним артууга даяр экенин сезгенде Петир кандай гана жеңилденсе керек!

Машайактын сүйүүсүн таанып-билдиңерби?

20, 21. Машайактын «сүйүүсүн» кантип толук таанып-билүүгө болот?

20 Жахабанын Сөзүндө Машайактын сүйүүсү, чынында эле, эң сонун ачылып берилген. Биз анын сүйүүсүнө кандай жооп кайтарышыбыз керек? Ыйык Китеп бизди Машайактын акыл жеткис «сүйүүсүн таанып билүүгө» чакырат (Эфестиктерге 3:19). Өзүбүз көргөндөй, Инжилдеги Ыйсанын жашоосу жана кызматы жөнүндөгү билдирүүлөр аныкындай сүйүү өрчүтүүгө жардам берет. Бирок Машайактын сүйүүсүн таанып-билүү үчүн Ыйык Китептен ал тууралуу окуп эле коюу жетишсиз.

21 «Таанып-билүү» деп которулган грек тилиндеги этиш «иш жүзүндө, жеке тажрыйбада» билүү дегенди туюнтат. Сүйүү көрсөтүү жагынан Ыйсаны туурап, башкача айтканда, күчүбүздү башкалардын жыргалчылыгы үчүн чын дилден сарптап, алардын муктаждыктарына боор ооруу менен кам көрүп жана чын жүрөктөн кечирүү менен анын сезимдерин тереңирээк түшүнө алабыз. Натыйжада Машайактын «акыл жеткис сүйүүсүн» жеке тажрыйбабызда таанып-билебиз. Ага канчалык окшошкон сайын, ал жеткилең түрдө чагылдырган сүйүктүү атабыз Жахабага ошончолук жакындай турганыбыз ар дайым эсибизде болсун.

^ абз. 11 Раббиндер чыгарган эрежелерге ылайык, пес оорулууга төрт чыканактан (болжол менен 1,8 метр) жакын барууга тыюу салынчу. Ал эми шамал учурунда 100 чыканак (45 метрдей) алыс болуу талап кылынар эле. «Мидраш Рабада» эки раббин тууралуу айтылат: бири пес оорулууларды көргөндө жашынып калса, экинчиси аларды таш менен согуп кубалаган. Пес оорулуулар кемсинтилүү, киши катарынан чыгарылып, жек көрүндү болуу же өзүн эч кимге кереги жоктой сезүү деген эмне экенин жакшы билишкен.

^ абз. 16 Байыркы колжазмалардын айрымдарында Лука 23:34-аяттын биринчи бөлүгү жок. Бирок ал сөздөр ишенимге татыктуу башка колжазмалардын көпчүлүгүндө кезиккендиктен «Жаңы дүйнө котормосуна» жана башка көптөгөн котормолорго кошулган. Бул жерде Ыйса чыгарылган өкүмдү ишке ашырып жаткан римдик аскерлерди айткан көрүнөт. Ыйсанын чындыгында ким экенин билбегендиктен алар өздөрүнүн эмне кылып жатышканын аңдашкан эмес. Мындай өкүмдүн чыгарылышына өбөлгө түзгөн диний жетекчилер баарынан көп күнөөлүү болушканы шексиз, себеби алар билип туруп арам ой менен иш кылышкан. Алардын көптөрү кечирилбейт (Жакан 11:45—53).