Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Кымбаттуу ишенимдешибиз!

Өзүң билгендей, Ыйык Китепте негизинен адамдар жөнүндө баяндалат. Алардын көбү биздикине окшогон кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Кудайдын ал ишенимдүү кызматчылары «биздикиндей эле сезимдери бар кишилерден» болушкан (Жакып 5:17). Айрымдары жүрөгүн өйүп, тынчын алган ойлордон улам санаа тартышса, башкалары үйүндөгүлөрүнүн же ишенимдештеринин мамилесинен азап чегишкен. Дагы бирөөлөрү болсо кетирген катасын ойлой берип, жан дүйнөсү кыйналган.

Алар Жахабадан таптакыр баш тартып кетишти беле? Жок. Көптөрү: «Мен жоголгон койдой адашып жүрөм. Кызматчыңды издеп таба көр, анткени мен осуяттарыңды унуткан жокмун»,— деп тиленген забурчунукундай сезимде болушкан (Забур 119:176). Сен да ушундай сезимде болосуңбу?

Жахаба отордон адашып калган койлорун эч качан унутпайт. Тескерисинче, аларды кайрып келүүнү каалайт. Ан үчүн, адатта, өзүнүн кызматчыларын колдонот. Анын Аюп пайгамбарга кантип жардам бергенин карап көрөлү. Аюп биринен сала бири келген кыйынчылыктарга кабылган: мал-мүлкүнөн, балдарынан, ден соолугунан ажыраган. Анысы аз келгенсип, жакын кишилери аны жөлөп-таягандын ордуна, жүрөгүн ооруткан сөздөрдү айтышкан. Ошол учурда туура эмес ойлор келсе да, ал Жахабаны таштаган эмес (Аюп 1:22; 2:10). Жахаба пайгамбарынын ой жүгүртүүсүн кантип оңдогон?

Ал ага анын Элиу аттуу ишенимдеши аркылуу жардам берген. Аюп пайгамбар ички сезимин айтып жатканда, Элиу аны кунт коюп уккан, анан сүйлөгөн. Ал эмне деген? Аюп пайгамбарды сындады беле? Оюн өзгөртүүгө түрткү бериш үчүн аны айыптап, уяткарды беле? Өзүн андан жогору койду беле? Түк да! Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен ал: «Мен чыныгы Кудайдын көз алдында сендей эле пендемин, мен да топурактан калыптангам»,— деген. Анан Аюп пайгамбарды: «Сенин жүрөгүңдүн үшүн аларлык эч нерсем жок, сага оордук келтиргидей да сүйлөбөйм»,— деп ынандырган (Аюп 33:6, 7). Элиу ансыз деле кайгыга батып турган пайгамбарды ого бетер мүңкүрөтпөй, ага жылуу-жумшак кеңеш берип, кайраттандырган.

Бул китепчени даярдап жатканда биз Элиудай иш кылдык. Адегенде уюмдан алыстап кеткен көптөгөн бир туугандардын айткандарын кунт коюп угуп, жагдай-шартын кылдат карап чыктык (Накыл сөздөр 18:13). Андан соң Ыйык Жазмага кайрылып, байыркы учурда алардыкындай жагдайга туш болгон кызматчыларына Жахабанын кантип жардам бергенин тиленүү менен изилдедик. Анан ошол билдирүүлөрдү жана бүгүнкү күндөгү айрым ишенимдештерибиздин окуяларын ушул китепчеге басып чыгардык. Биз сени бул адабиятты изилдеп чыгууга чакырабыз. Сени чын жүрөктөн жакшы көрөрүбүзгө эч шектенбе.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши