Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮК

«Жоголгонун издеп табам»

«Жоголгонун издеп табам»

Козу туш тарабын элеңдей карап, утуру-утуру маарап жатат. Ал улам бир оттуу жерди тандап отуруп, отордон алыстап кеткен эле. Айланада койлор да, койчу да көрүнбөйт. Күн батарына таяп, кеч да кирип баратат. Ээн талаада калып калса, жортуп жүргөн жырткычтарга жем болору бышык. Бир маалда койчусунун тааныш үнү угулат. Койчу чуркап келип, аны кийимине ороп, бооруна кысат да, үйүн көздөй жөнөйт.

ЖАХАБА өзүн көп жолу ушундай камкор койчуга салыштырган. Ал Ыйык Китеп аркылуу бизди: «Мен өзүм койлорумду издеп таап, аларга кам көрөм»,— деп ынандырат (Жезекиел 34:11, 12).

«Мен кайтарган койлор»

Жахабанын койлору кимдер? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Жахабаны сүйүп, ага сыйынган адамдар. Ыйык Жазмадан: «Ага сыйыналы, таазим кылалы, Жаратканыбыз Жахабанын алдында тизе бүгөлү. Анткени ал — биздин Кудайыбыз, биз — анын жайытындагы элибиз, кол алдындагы койлорубуз»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Забур 95:6, 7). Койлор койчусун ээрчигендей эле, Жахабага сыйынгандар анын жетеги менен жүрүшөт. Бул алардын эч качан жаңылып-жазбай турганын билдиреби? Жок. Алардын деле кээде «туш-тушка чачырап кеткен», «жоголгон» же «адашкан койлордой» болгон учурлары болот (Жезекиел 34:12; Матай 15:24; 1 Петир 2:25). Бирок ошондой болгон күндө да, Жахаба адашкан койлорунун кайрылып келеринен үмүт үзбөйт.

Жахабаны дагы деле өзүңдүн Койчуңдай көрөсүңбү? Анын Койчу экени бүгүнкү күндө эмнелерден көрүнүп турат? Буга байланыштуу төмөнкү үч нерсеге токтололу.

Бизди рухий жактан азыктандырууда. Жахаба койлору тууралуу: «Аларды жакшы жайытка жаям... Алар ошол жерде, жакшы кашаада жатышат,.. оттуу жайытта оттошот»,— деген (Жезекиел 34:14). Ырас, ал бизге жан сергитерлик рухий тамактын түрүн өз убагында берип келатат. Кайсы бир макала, баяндама же тасма аркылуу тиленүүңө жооп алган учуруң болду беле? Ошондо Жахабанын сага жекече кам көрүп жатканын сездиң беле?

Коргоп, колдоп келатат. Жахаба Кудай: «Адашканын кайрып келем, алардын сынган жерин таңам, оорулуусуна күч берем»,— деп убада кылган (Жезекиел 34:16). Ал ар кандай ой-санаадан улам көңүлү чөгүп же алсырап жүргөндөргө дем-күч берет. Кайсы бир себептен, балким, ишенимдешинин туура эмес мамилесинен улам жабыркаган кызматчысынын «жараатын таңып», айыктырат. Ошондой эле жыйналыштан алыстап кеткендерди, терс ой-сезимдер менен күрөшүп жүргөндөрдү «кайрып келет».

Өз милдетин эң сонун аткарууда. «Аларды... чачырап кеткен жерлеринен куткарып алам... Жоголгонун издеп табам»,— дейт Жахаба (Жезекиел 34:12, 16). Ал жоголгон коюна эч качан кол шилтеп койбойт. Аны талыкпай издейт жана тапканда абдан сүйүнөт (Матай 18:12—14). Жахаба өзүнө сыйынгандар жөнүндө: «Койлорум, мен кайтарган койлор»,— деп айтат (Жезекиел 34:31). Сен анын койлорунун бирисиң.

Жахаба жоголгон коюна эч качан кол шилтеп койбойт. Аны тапканда абдан сүйүнөт

«Баары баштагыдай болсун»

Жахаба эмне үчүн сени издеп, ага кайтып келүүгө чакырып жатат? Анткени бактылуу болушуңду каалайт. Ал өзүнүн элине батасын жамгыр сыяктуу төгөрүн убада кылган (Жезекиел 34:26). Бул куру сөз эмес. Буга сен өз тажрыйбаңдан улам ынангансың.

Жахабаны жаңыдан таанып-билип жаткан кезиңди эстеп көрсөң. Анын ысмы жана адамзатка карата болгон ой-ниети жөнүндөгү жүрөк толкутарлык чындыкты билгенде кандай сезимде болдуң эле? Жыйындарда ишенимдештериң менен чогуу болгондогу кубанычтуу учурларың эсиңдеби? Кызматта жакшы кабарга аябай кызыккан бирөөнү жолуктурганда үйүңө канат байлап кайткан күндөрүң болду беле?

Сен Кудайга кайрадан кубанычтуу кызмат кыла аласың. Анын байыркы убактагы эли: «Оо, Жахаба, бизди өзүңө кайтар, ошондо сага кайтып келебиз, баары баштагыдай болсун»,— деп тиленген (Жеремиянын ыйы 5:21). Жахаба элинин тиленүүсүн уккан: алар мекенине кайтып келип, ага кубанып-шаттанып кызмат кылышкан (Некемия 8:17). Ал сенин да тиленүүңө жооп берет.

Албетте, Жахабага кайрылып келүү оңой болбошу мүмкүн. Анда эмесе, кайрылып келүүгө эмнелер тоскоол болорун жана аларды кантип жеңе аларыңды карап көрөлү.