Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Корутунду

Корутунду

Жахабанын эли менен жүргөндөгү бактылуу күндөрүңдү, айталы, бекемдээрлик жыйналыш жолугушууларын, жүрөк толкуткан жыйындарды, кызматта болгон кызыктуу окуяларды же жөн эле ишенимдешиң менен болгон жагымдуу маегиңди эстеген учурларың болобу? Демек, сен Жахабаны унуткан жоксуң; ал да сени унуткан жок. Ал ишенимдүү кызмат кылып жүргөн кезиңди жылуу сезим менен эскерет. Ал кайра кайрылып келишиңе жардам берүүгө даяр.

Жахаба: «Мен өзүм койлорумду издеп таап, аларга кам көрөм. Койчу туш-тушка чачырап кеткен койлорун чогултуп келип, аларга кандай кам көрсө, мен да койлорума ошондой кам көрөм. Аларды... чачырап кеткен жерлеринен куткарып алам»,— деп айтат (Жезекиел 34:11, 12).