Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮК

Жаныңды «сактоочуга жана кайтаруучуга кайрылып кел»

Жаныңды «сактоочуга жана кайтаруучуга кайрылып кел»

Сен да бул китепчеде айтылган кыйынчылыктардын бирине же бир нечесине кабылып жатасыңбы? Анда жалгыз эмессиң. Жахабанын байыркы убактагы жана бүгүнкү күндөгү айрым кызматчылары да сеникиндей жагдайга туш болушкан. Жахаба аларга жардам бергендей эле, сага да жардам берет.

Кайрылып келсең, Жахаба сени кучак жайып тосуп алат

КАЙРЫЛЫП келсең, Жахаба сени кучак жайып тосуп аларына эч шектенбе. Ал тынчыңды алган ойлордон, таарынычтан арылышыңа жана абийириң тазаланып, жан дүйнө бейкуттугуна ээ болушуңа көмөк кылат. Анын аркасында кайрадан ишенимдештериң менен чогуу Жахабага кызмат кылууга түрткү аласың. Ошондо элчи Петирдин 1-кылымдагы айрым бир туугандарга: «Силер адашкан койлордой элеңер, азыр болсо жаныңарды сактоочуга жана кайтаруучуга кайрылып келдиңер»,— деп жазган сөздөрү сага да тиешелүү болот (1 Петир 2:25).

Жахабага кайрылып келүү менен эң туура иш кылган болосуң. Эмне үчүн? Анткени анын жүрөгүн кубантасың (Накыл сөздөр 27:11). Өзүң билгендей, Жахабанын сезимдери бар, ошондуктан биздин кылган иштерибиз ага сөзсүз таасир этет. Албетте, Кудай бизди аны сүйүүгө жана ага кызмат кылууга мажбурлабайт (Мыйзам 30:19, 20). Бир окумуштуу буга байланыштуу: «Жүрөгүбүздүн каалгасынын туткасы ичинде. Ал ичинен гана ачылат»,— деген. Жахабага сүйүүбүздөн улам сыйынсак, ошол эшикти ачкан болобуз. Ушундайча ага эң баалуу белек беребиз, башкача айтканда, ага толук берилгендигибизди көрсөтүп, жүрөгүн кубанычка бөлөйбүз. Чынында эле, Жахабага берүүдөн — ага гана кызмат кылуудан — өткөн бакыт жок! (Элчилер 20:35; Аян 4:11).

Жахабага кайрылып келсең, рухий муктаждыгың да канааттандырылат (Матай 5:3). Кандайча? Көптөр: «Бул жарык дүйнөгө эмне үчүн келгенбиз?» — деп ойлонушат. Алар жашоонун маңызына байланышкан суроолоруна жооп издеп келишет. Себеби Жахаба адамдарды рухий муктаждыгы менен жараткан. Ал муктаждыгыбызды ага кызмат кылуу менен гана канааттандыра алабыз. Жахабага сүйүүбүздөн улам кызмат кылып жатканыбызды билүү бизге зор кубаныч тартуулайт (Забур 63:1—5).

Жахаба сенин кайрылып келишиңди абдан каалаарын эсиңден чыгарбашыңды суранабыз. Анын сени күтүп жатканына эмне үчүн шектенбесең болот? Ойлоп көрсөң, бул китепчени Жахабадан көптөн көп тиленип, кылдаттык менен даярдадык. Анан аны аксакал же кайсы бир ишенимдешиң атайын сага алып келип берди. Сен болсо китепчени окуп чыгып, иш-аракет кылууга түрткү алдың. Ушулардын баары Жахаба сени унутпаганын далилдеп турат. Ал мээримдүүлүк менен сени өзүнө жакындатууда (Жакан 6:44).

Жахабанын жоголгон койлорун эч качан унутпай турганын билүү бизди жубатат. Дона деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен чындыктан акырындык менен алыстап кеткем. Бирок Забур 139-бөлүмдүн 23, 24-аяттары тууралуу көп ой жүгүртчүмүн. Ал жерде: „Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил. Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил. Ичимде мени коркунучтуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр. Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр“,— деп айтылган. Мен өзүмдүн бул дүйнөгө таандык эмес экенимди, аны менен эч качан камыр-жумур болуп кете албасымды жана менин ордум Жахабанын уюмунда экенин билчүмүн. Убакыттын өтүшү менен Жахаба мени эч качан таштабаганын, болгону, ага кайрылып баруунун жолун табышым керек экенин түшүндүм. Ошол жолду тапканыма аябай сүйүнөм!»

«Убакыттын өтүшү менен Жахаба мени эч качан таштабаганын, болгону, ага кайрылып баруунун жолун табышым керек экенин түшүндүм».

Сен да «Жахаба берген кубанычты» кайрадан татып көрүшүң үчүн, чын жүрөктөн тиленебиз (Некемия 8:10). Жахабага кайтып келсең, эч качан өкүнбөйсүң.