Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮК

Күнөөнүн оор жүгү. «Мени күнөөмдөн тазала»

Күнөөнүн оор жүгү. «Мени күнөөмдөн тазала»

«Жаңы жумушка орношконумда, үй-бүлөбүздүн жашоо шарты жакшырганы менен, ар кандай туура эмес иштерге аралаша баштагам. Майрамдарга, саясий иштерге катышып, атүгүл чиркөөгө да барып калгам. Ошентип, 40 жыл жигердүү эмес жарчы болуп жүрдүм. Канчалык көп убакыт өткөн сайын, Жахаба мени кечирбейт деген ой ошончолук күч ала берди. Өзүмдү эч качан кечире албайт болушум керек деп ойлочумун. Себеби чындыкты билип туруп эле жаман жолго түшүп кеткем» (Марта).

ООБА, өзүн күнөөлүү сезүү — аябагандай оор жүк. Дөөтү падыша: «Кылмыштарым башыман ашып, мага оор жүктөй салмагын салды»,— деп кейиген (Забур 38:4). Айрымдар Жахаба эч качан кечирбейт деп ойлоп, кайгыга чөгүп кетишкен (2 Корунттуктар 2:7). Жахаба чындап эле эч качан кечирбейби? Эгер олуттуу күнөө кетирсең, анын ырайымынан биротоло айрылып каласыңбы? Жок, андай эмес.

«Ортобуздагы мамилени оңдойлу»

Жахаба күнөөсү үчүн өкүнгөндөрдү таштап салбайт. Ал аларды кайрып келүүнү каалайт. Иса Машаяк адашкан уул жөнүндөгү мисалында Жахабаны мээримдүү атага салыштырган. Мисалдагы атанын бир уулу үйүнөн кетип, жаман жолго түшүп кетет. Бир нече убактан кийин ал үйүнө кайтып барат. «Атасы аны алыстан эле көрүп, боору ооруп», «чуркап барып, кучактап өпкүлөйт» (Лука 15:11—20). Балким, сен да Жахабага кайтып келгиң келеттир, бирок өзүңдү андан өтө эле алыстап кеткендей сезеттирсиң. Эгер ошондой болсо, Жахабанын сага, мисалдагы атадай болуп, боорукердик менен мамиле кыларын унутпа. Ал сени кучак жайып тосуп алууга даяр.

Бирок күнөөлөрүң аябай эле олуттуу же өтө эле көптөй сезилип, Жахаба кечирбейт деп ойлоп жатсаңчы? Анда Жахабанын Ышая 1:18деги: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу... Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген чакырыгы жөнүндө ой жүгүртүп көр. Ырас, атүгүл күнөөлөрүң аппак кездемедеги кыпкызыл өчпөс тактай сезилип жатса да, Жахаба аларды кечире алат.

Ал абийириңдин жемелешинен улам кыйналып жүрө беришиңди каалабайт. Күнөөң кечирилип, абийириң тазаланып, жеңилдеп калыш үчүн эмне кылсаң болот? Дөөтү падышанын үлгүсүн карап көрөлү. Ал эки нерсени кылган. Биринчиден, кылмыштарын мойнуна алып, «Жахабага айткан» (Забур 32:5). Жахабанын сени да ага тиленүү аркылуу кайрылып, ортоңордогу «мамилени оңдоого» чакырганын унутпа. Анын чакырыгын кабыл ал. Күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, Жахабага жүрөгүңдөгүнүн баарын төк. Кудайдын кечиримдүү экенине өз тажрыйбасынан ынангандыктан Дөөтү ага: «Мени күнөөмдөн тазала... Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың»,— деп жалынган (Забур 51:2, 17).

Экинчиден, Дөөтү Жахабанын өз өкүлү, Натан пайгамбар, аркылуу берген жардамын кабыл алган (2 Шемуел 12:13). Бүгүнкү күндө Жахаба өзүнүн өкүлү катары жыйналыштын аксакалдарын колдонот. Алар күнөөсү үчүн өкүнгөндөргө Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө кантип жардам берсе болорун жакшы билишет. Эгер аксакалдарга кайрылсаң, алар Ыйык Жазманы колдонуп, сен үчүн чын жүрөктөн тиленип, терс ой-сезимдерден арылышыңа жана Жахаба менен кайрадан ынак мамиледе болушуңа көмөк көрсөтүшөт (Жакып 5:14—16).

Жахаба таза абийирге ээ болуп, жеңилдеп калышыңды каалайт

«Кылмышы кечирилген... киши бактылуу»

Албетте, Жахабанын алдында күнөөлөрүңдү мойнуңа алуу жана аксакалдарга кайрылуу аябай кыйын болушу мүмкүн. Бул Дөөтүгө да оңой болгон эмес. Ошондуктан ал бир топ убакыт бою күнөөлөрүн айтпай, «унчукпай жүрө» берген (Забур 32:3). Бирок кийин ал күнөөсүн мойнуна алып, туура багытка түшкөнү жакшы болорун түшүнгөн.

Ошондой иш-аракет кылганынын аркасында Дөөтү кайрадан кубанычка ээ болгон. Ал: «Кылмышы кечирилген, күнөөсү жабылган киши бактылуу»,— деп жазган (Забур 32:1). Ошондой эле: «Оо, Жахаба, тилимди сүйлөт, оозум сени даңктасын»,— деп тиленген (Забур 51:15). Күнөөнүн оор жүгүнөн арылып, Кудайдын кечиримдүүлүгүнө чексиз ыраазы болгондуктан Дөөтү ал жөнүндө башкаларга айтууга түрткү алган.

Жахаба сенин да өзүңдү жемелешиңди эмес, таза абийирге ээ болуп, жеңилдеп калышыңды, ал жөнүндө жана анын ой-ниети тууралуу башкаларга кубаныч менен айтышыңды каалайт (Забур 65:1—4). Анын Сөзүндөгү: «Күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла. Ошондо Жахабадан жандандыра турган убактар келет»,— деген чакырыкты эсиңден чыгарба (Элчилер 3:19).

Бул чакырыкка ылайык иш кылуунун натыйжасы эң сонун болору Марта бир туугандын окуясынан көрүнүп турат. Ал мындай дейт: «Уулум мага „Күзөт мунарасы“ менен „Ойгонгула!“ журналын дайыма жөнөтүп турчу. Анын аркасында акырындык менен кайрадан Жахаба жөнүндө биле баштадым. Баарынан да кылган күнөөлөрүм үчүн кечирим суроо кыйын болду. Бирок акыры Кудайдан мени кечиришин сурап тилендим. Жахабага кайрылып келгенче 40 жыл өтүп кеткенине өзүм да таң калам. Көп жылдар өтсө да, кайрадан Кудайга кызмат кылып, анын сүйүүсүнө ээ болуу мүмкүн экенине менин окуям далил боло алат».