Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮК

Таарыныч. Кимдир бирөөгө «нааразы болууга себеп болгондо»

Таарыныч. Кимдир бирөөгө «нааразы болууга себеп болгондо»

«Жыйналыштагы бир эже мени акчасын уурдады деп, ак жерден каралады. Муну башка бир туугандар да угуп, айрымдары ал тарапты, башкалары мен тарапты ээлей баштады. Бир күнү ал эже акчасын мен уурдабаганым билингенин айтып, кечирим сурады. Бирок анын айынан аябай кыйналгандыктан, эч качан кечире албайт болушум керек деп ойлодум» (Линда).

СЕН да Линданыкындай жагдайга кабылып көрдүң беле? Өкүнүчтүүсү, айрымдар кимдир бирөөгө ушунчалык катуу таарынгандыктан Жахабага баштагыдай кызмат кылбай калышкан. Сен жөнүндө эмне айтууга болот?

Бизди эч ким «Кудайдын... сүйүүсүнөн ажырата албайт»

Ырас, көңүлүбүздү ооруткан бир тууганды кечирүү кээде оор болот. Себеби биз ишенимдештерибизден сүйүү менен мамиле кылышын күтөбүз (Жакан 13:34, 35). Айрыкча, жалган айып тагылганда, күйбөгөн жерибиз күл болуп, ызаланышыбыз ыктымал (Забур 55:12).

Ыйык Китепте жыйналыштагылардын бири-бирине нааразы болушуна айрым учурларда кандайдыр бир «себеп болушу» мүмкүн экени жазылганын билебиз (Колосалыктар 3:13). Анткен менен ошондой жагдайга өзүбүз кабылганда туура иш кылуу оңой эмес. Андайда бизге эмне жардам берет? Буга байланыштуу Ыйык Жазмага негизделген төмөнкү үч принципти карап көрөлү.

Асмандагы Атабыз баарын билет. Жахаба бардыгын, анын ичинде биздин адилетсиздикке дуушар болгонубузду жана ошондон улам канчалык кыйналып жатканыбызды көрүп турат (Еврейлер 4:13). Андан тышкары, биз «кыйналган сайын, ал да кыйналат» (Ышая 63:9). Ал кандайдыр бир кыйынчылыктын, азап-кайгынын же дагы башка нерсенин, атүгүл кайсы бир кызматчысынын бизди анын «сүйүүсүнөн ажыратышына» жол бербейт (Римдиктер 8:35, 38, 39). Андыктан биз да, ага окшоп, эч нерсеге жана эч кимге аны менен болгон мамилебизди суутушуна жол бербешибиз керек эмеспи?

Кечирүү деген көз жумуп коюуну билдирбейт. Башкаларды кечиргенибиз алардын туура эмес ишин актаганыбызды, анча олуттуу эмес деп эсептээрибизди же ага көз жумуп койгонубузду билдирбейт. Жахабанын эч качан күнөөнү жактырбай турганын, бирок негиз бар болсо, кечирерин унутпа (Забур 103:12, 13; Хабакук 1:13). Бизди кечиримдүү болууга үндөө менен ал, мындайча айтканда, өзүнөн үлгү алышыбызды суранат. Анткени ал өзү «түбөлүккө каардана» бербейт (Забур 103:9; Матай 6:14).

Таарынычтан арылганыбыз өзүбүзгө эле пайда. Кандайча? Анча оор эмес ташты кармап, колуңду сунуп турганыңды элестетсең. Аны бир азга ошентип кармап туруу кыйын деле болбошу мүмкүн. Бирок көпкө чейин кармап туруш керек болсочу? Аны канча мүнөт же канча саат кармап тура алат элең? Көпкө узабай эле, колуң талып кетмектиги айтпаса да түшүнүктүү. Албетте, таштын салмагы өзгөрбөйт, бирок аны канчалык көпкө кармасаң, ошончолук оорлоп бараткандай сезилет. Таарыныч сезими да ошондой. Атүгүл кичинекей эле таарынычты ичибизге канчалык көпкө сактасак, өзүбүзгө ошончолук зыян келтиребиз. Ошондуктан Жахабанын бизди андай терс сезимден арылууга чакырганы бекеринен эмес. Ооба, өткөн-кеткенди сууга салганыбыз өзүбүзгө эле пайда (Накыл сөздөр 11:17).

Таарынычтан арылганыбыз өзүбүзгө эле пайда

«Мага Жахаба өзү сүйлөп жаткандай эле сезилген»

Линдага ишенимдешин кечирүүгө эмне жардам берген? Башка кадамдарды жасагандан тышкары, ал кечиримдүү болууга Ыйык Китепте кандай себептер бар экени тууралуу ой жүгүрткөн (Забур 130:3, 4). Ага, өзгөчө, биз башкаларды кечирсек, Жахаба да бизди кечирерин билүү таасир эткен (Эфестиктер 4:32—5:2). «Ошондо мага Жахаба өзү сүйлөп жаткандай эле сезилген»,— деп эскерет Линда.

Убакыттын өтүшү менен ал таарыныч сезиминен арылып, капа кылган эжени айкөлдүк менен кечирген. Азыр экөө жакын достордон. Линда Жахабага мурункудай эле кызмат кылып жатат. Жахаба сага да жардам бергиси келет.