Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮК

Тынчсыздануу. «Туш-туштан кысымга алынганда»

Тынчсыздануу. «Туш-туштан кысымга алынганда»

«25 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Балдарым чындыктан кетип калышты. Өзүм болсо бир нече ооруга чалдыгып, акыры, депрессияга кабылдым. Жарык күнүм караңгылап, колумдан эч нерсе келбечүдөй мүңкүрөп жүрдүм. Ошентип, жыйналышка барбай, жигердүү эмес болуп калдым» (Жун).

АР БИР адамдын, атүгүл Кудайдын кызматчысынын да тынчсызданган учурлары болот. Забурчу: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйдү»,— деп жазган (Забур 94:19). Иса болсо акыркы күндөрдө «турмуш түйшүктөрүнүн» айынан Жахабага кызмат кылуу оор болорун айткан (Лука 21:34). Акчанын тартыштыгынан, үй-бүлөңдөгү көйгөйлөрдөн же ден соолугуңдун начардыгынан улам кыйналып жүргөн жоксуңбу? Ошондой болсо, Жахаба сага кантип жардам берет?

«Адаттан тышкаркы күч»

Биз тынчыбызды алган ойлордон өз күчүбүз менен арыла албайбыз. Элчи Пабыл: «Туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз... Бүк түшүрүшсө да, жок кылынган жокпуз»,— деп жазган. Канткенде биз да ошондой кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз? Андайда Кудуреттүү Кудай Жахаба «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Корунттуктар 4:7—9).

Өзүңдүн мурда «адаттан тышкаркы күч» алган учурларың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Бекемдээрлик баяндама укканда Жахабанын сүйүүсүнө болгон ыраазычылыгың артканы эсиңдеби? Башкаларга жердин бейишке айланары жөнүндө айтып жатканда, Жахабанын убадаларынын аткарыларына болгон ишенимиң ого бетер бекемделди беле? Ооба, жыйналыш жолугушууларына келгенибизде жана ишенген нерселерибиз тууралуу башкаларга айтканда тынчыбызды алган ойлордон арылып, Жахабага кубаныч менен кызмат кылууга күч алабыз.

«Татып көрүп», «Жахабанын канчалык жакшы экенин бил»

Балким, сен бир эле учурда көп ишти аткарып жаткандырсың. Мисалы, Жахаба бизди анын Падышалыгын биринчи орунга коюуга жана рухий иштердин жакшы күн тартибине карманууга үндөөдө (Матай 6:33; Лука 13:24). Бирок каршылыктын, оорунун же үйдөгү көйгөйлөрдүн айынан алдан-күчтөн тайып жатсаңчы? Же жыйналышка жумшай турган убактыңдын, күчүңдүн баары жумушка кетип жатсачы? Ишиң чачтан көп болуп, аларды кылганга убактың, күчүң жетпей жаткандыктан эмне кыларыңды билбей калгандырсың. Ошондон улам кээде Жахаба сенден өтө эле көптү талап кылып жаткандай сезилип кететтир.

Бирок Жахаба баарын түшүнөт. Ал бизден алыбыз жетпей турган нерсени эч качан талап кылбайт. Күчүбүздү алган же жан дүйнөбүзгө бүлүк салган көйгөйгө кабылгандан кийин кайрадан өзүбүзгө келиш үчүн убакыт керек экенин ал жакшы билет (Забур 103:13, 14).

Анын Илияс пайгамбарга кантип кам көргөнүн карап көрөлү. Илияс ындыны өчүп, коркконунан чөлгө качып кеткенде, Жахаба аны жемелеп, кайра артка жөнөттү беле? Жок. Ал ага эки жолу периштесин жиберген. Периште аны акырын ойготуп, тамак берген. Бирок 40 күн өткөндөн кийин деле, Илияс тынчсызданып, корко берген. Ошондо Жахаба аны кайраттандырыш үчүн дагы эмне кылган? Биринчиден, эбегейсиз зор күчүн көрсөтүп, аны коргой аларын далилдеген. Экинчиден, аны «жай, акырын чыккан үн» менен жубаткан. Үчүнчүдөн, өзүнүн дагы 7 000 ишенимдүү кызматчысы бар экенин айткан. Натыйжада Илияс кайрадан күчкө толуп, кызматын уланткан (1 Падышалар 19:1—19). Мындан эмнени билүүгө болот? Пайгамбар коркунучка алдырып, тынчсызданганда, Жахаба ага чыдамдуулук, боорукердик менен мамиле кылган. Кудай андан бери өзгөргөн жок. Ал бизге да ушундай мамиле кылат.

Жахабага эмне бере аларың жөнүндө ойлонуп жатканда өзүңдөн өтө көптү талап кылба. Азыр кылып жатканыңды мурда кылгандарың менен салыштырба. Мисалы, бир нече ай же бир нече жыл машыкпай калган жөө күлүк дароо эле мурдагыдай чуркай алабы? Кайрадан күчкө толуп, жакшы чуркай алышы үчүн ал аз-аздан баштайт. Кудайдын кызматчылары кандайдыр бир мааниде жөө күлүктөргө окшош. Алардын көздөгөн максаты бар (1 Корунттуктар 9:24—27). Жөө күлүккө окшоп, сен да жете ала турган максаттан башта. Алсак, жыйналышка барганга аракет кыл. Кудайдан ошол максатыңа жеткенге жардам сура. Рухий жактан жанданган сайын «Жахабанын канчалык жакшы экенине» ынана бересиң (Забур 34:8). Ал сүйүү менен кылган ар бир ишиңди, алар өзүңө канчалык кичинекей сезилбесин, жогору баалаарын унутпа (Лука 21:1—4).

Жахаба бизден алыбыз жетпей турган нерсени эч качан талап кылбайт

«Мен муну көптөн бери күтүп жүргөм»

Жахаба жогоруда айтылган Жун деген ишенимдешибизге кайрылып келүүгө кантип күч берген? Жун мындай дейт: «Жахабадан жардам сурап тилене бердим. Бир күнү келиним биздин шаарчада жыйын болорун айтып калды. Мен жыйындын бир күнүнө катышайын деп чечтим. Кайрадан Жахабанын элинин арасында отурганыма ушунчалык кубандым! Ошол жыйын мен үчүн чоң түрткү болду. Мен муну көптөн бери күтүп жүргөм. Учурда Жахабага мурункудай кубанычтуу кызмат кылып жатам. Жашоом маңыздуу болуп калды. Бир туугандарыма муктаж экенимди жана алардын жардамын кабыл алышым керектигин азыр көбүрөөк түшүнүп калдым. Кеч болуп кала электе кайтып келгениме абдан сүйүнөм».