9-БӨЛҮК
Азыр да, келечекте да канааттануу алып жашай аласыңар!
КУДАЙГА бекем ишенген киши катары белгилүү болгон Ыбрайым пайгамбар гүлдөгөн Ур шаарындагы ыңгайлуу жашоосун таштап, Харан деген жерге көчүп барган. Ал жерде бир нече эле убакыт жашап, калган өмүрүн көчүп-конуп ар кайсы жерлерде чатырда өткөргөн. Анын туруктуу үй-жайы болгон эмес (Башталыш 12:1—3; Элчилер 7:2—7; Еврейлер 11:8—10). Ошентсе да Ыйык Китепте Ыбрайым тууралуу: «Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жумду»,— делет (Башталыш 25:8). Ал эмненин аркасында канааттанып жашаган? Ойлогон ой-максаттарынын баарын жүзөгө ашыра алганы үчүн эле эмес. Ыбрайым Кудайга бекем ишенгендиктен «Жахабанын досу» деп аталган (Жакып 2:23; Ышая 41:8). Ооба, Ыбрайым Жараткан Кудай менен ынак мамиледе болгону үчүн жашоодон канааттануу алган.
Кудай менен достук мамиле өрчүтсөңөр, жашоодон канааттануу аласыңар
2 Кудай менен достук мамиле өрчүтсөңөр, силер да, 4 000 жылдай мурун жашаган Ыбрайым пайгамбардай болуп, маңыздуу, бактылуу жашоо өткөрө аласыңар. Балким, силерге Жараткан Кудай менен дос болуу мүмкүн эместей сезилеттир, бирок бул мүмкүн. Кандайча? Ал үчүн Кудай жөнүндө билим алышыңар жана ага карата сүйүү өрчүтүшүңөр керек (1 Корунттуктар 8:3; Галатиялыктар 4:9). Мунун аркасында Кудай менен ынак мамиледе болосуңар жана жашооңор маңызга толуп, бактылуу болосуңар.
3 Иса Машаяктын куткаруу курмандыгын даярдуулук менен кабыл алгандарга Жахаба Кудай бактылуу жашоо өткөрүүгө жардам берген мыйзам-принциптерди караштырган (Ышая 48:17). Адам атанын эмне туура, эмне туура эмес экенин өзү чечүүнү тандап, Кудайга каршы чыкканын эстесеңер. Жахаба Кудай Иса Машаякты куткаруу курмандыгы катары берип, адамдарга күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга жол ачкан. Бирок ар бир адам Исанын курмандыгын кабыл алышы зарыл жана эмне жаман, эмне жакшы экенине байланыштуу өзүнүн нормаларын койбошу керек. Биз Иса Машаяктын куткаруу курмандыгын кабыл алгандарга берилген мыйзам-принциптерге баш ийишибиз кажет.
4 Эгер Ыйык Китепти мындан ары да изилдеп, андагы принциптерди жашоодо колдоно берсеңер, Кудайдын эмне туура, эмне туура эмес экенин көрсөткөн нормаларына болгон ыраазычылыгыңар артары шексиз (Забур 19:7—9). Ошондой эле, Муса пайгамбардай болуп: «Эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, анда суранам, сени таанып-билишим үчүн,.. мага өз жолдоруңду ачып берчи»,— деген сөздөрдү айтууга түрткү аласыңар (Чыгуу 33:13; Забур 25:4). Ыйык Китептеги принциптер азыркы «өзгөчө оор мезгилдеги» кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет (2 Тиметей 3:1). Андан сырткары, ыраазычылыгыңарды арттырып, Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана аны менен болгон достук мамилеңерди чыңдоого түрткү берет.
5 Ыбрайым «узак жашап, өмүргө тоюп көз жумган». Бирок азырынча адамдардын өмүрү кыска болгондуктан, өлүмгө моюн сунушат. Анткен менен, жашыбыз канчада болбосун, эч кимибиздин өлгүбүз келбейт, узак жашоого болгон каалоо ар бир адамда бар. Анткени, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан аңдай алышпайт» (Насаатчы 3:11). Чынында эле, түбөлүк жашасак да, биз Жахаба Кудайдын колунан бүткөн нерселерди аягына чейин изилдеп бүтпөйбүз. Анын кереметтүү иштерин түбөлүк изилдеп, чексиз кубаныч ала беребиз (Забур 19:1—4; 104:24; 139:14).
6 Албетте, бүгүнкү күндөгүдөй кыйынчылыктарга толгон жашоодо түбөлүк жашагыңар келмек эмес. 2 Петир 3:13). «Жаңы асман» деген бүт жер жүзү боюнча бийлик жүргүзө турган өкмөттү — Кудайдын Падышалыгын — билдирет. Ал эми «жаңы жер» ошол өкмөткө баш ийип жашай турган жаңы адамзат коомун билдирет. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн жакында Жахаба Кудай «жерди кыйраткандарга» каршы чара көрөт (Аян 11:18; 2 Петир 3:10).
Бирок кам санабай эле койсоңор болот. Анткени Ыйык Китепте: «Биз, Анын убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деген убада камтылат (7 Ал күнгө канчалык аз калды? Иса Машаяк «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканынын» «белгиси» жөнүндө айтканда согуштар, «катуу жер титирөөлөр», «жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болорун» жана «мыйзамсыздык күч аларын» пайгамбарлык кылган (Матай 24:3—13; Лука 21:10, 11; 2 Тиметей 3:1—5). Анан: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деген (Лука 21:31). Ооба, Жахаба Кудайдын ыймансыздарды жок кыла турган күнү тездик менен жакындап келе жатат *.
8 «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүнөн» кийин, башкача айтканда, Кудай жердеги ыймансыздарды жок кылгандан кийин, бүт жер жүзү бейишке айланат (Аян 16:14, 16; Ышая 51:3). Ошондо «адил адамдар жерди мураска алып, Жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29). Ал эми өлгөн адамдар эмне болот? Иса пайгамбар: «Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүр сүрүш үчүн, жамандык кылгандар соттолуш үчүн тирилет»,— деген (Жакан 5:28, 29). Жахаба Кудай үчүн ар бир адам баалуу болгондуктан, ал өлүм уйкусунда жаткандарды тирилтет. Окумуштуулар ген инженериясы аркылуу адамдарды клондоштурууга аракет кылып келет, бирок Жаратканыбыз өлгөндөрдү тирилтиш үчүн андай ыкманы колдонбойт. Ал ар бир адамдын кулк-мүнөзүн, сапаттарын беш колдой билет жана аларды кайра тирилтүүгө кудурети жетет. Ооба, жер бейишке айланганда, өлгөн жакындарыбыз тирилет.
9 Бейиштеги жашоо кандай болот? Жер бети Жараткан Кудайды бир үндөн даңктаган бактылуу адамдарга толот. «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24; 54:13). Ден соолукка зыян келтирген стресс жана эмоциялык, психикалык жактан жабыркаткан нерселер түк болбойт. Тамак-аш мол болот, бардык адамдар Кудайдын эркине ылайык келген иштерди кылуудан кубаныч алышат (Забур 72:16; Ышая 65:23). Алар жаныбарлар менен, бири-бири менен, эң негизгиси, «Кудай менен тынчтыкта болушат» (Римдиктер 5:1; Забур 37:11; 72:7; Ышая 11:6—9).
10 Бейиште канааттанып өмүр сүрүш үчүн эмне кылышыңар керек? Иса Машаяк: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Андыктан мындан ары да Жахаба Кудай менен Иса Машаяк жөнүндө билим алып, Кудайдын силерден эмнени талап кыларын билүүгө умтула бергиле. Ошондо Жахаба Кудайдын жактыруусуна ээ болосуңар жана жашоодон канааттануу аласыңар.
^ 7-абз. Бул пайгамбарлык тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 9-бөлүмүнөн биле аласыңар.