2-БӨЛҮК
Жашоодон канааттануу алууга жардам берген кеңештер
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА кабылганда кеңешти кайдан издейсиңер? Балким, ишенген досуңарга же тажрыйбалуу адамга кайрылаттырсыңар. Же китепкана жана башка ушу сыяктуу жайлардан пайдалуу маалымат издейттирсиңер. Же болбосо көптү көрүп, көптү билген улуу кишилер менен кеңешеттирсиңер. Кандай болбосун, кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берген акылдуу кеңештерди тапканыбыз маанилүү. Төмөндө буга байланыштуу айрым даанышман кеңештер берилди.
2 Үй-бүлөлүк жашоо. Көптөгөн ата-энелер дүйнөдө кулач жайган зыяндуу таасирлерден улам балдарын кантип тарбиялоо керектигин ойлоп тынчсызданышат. Андай ата-энелердин: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» 1,— деген кеңешке кулак какканы маанилүү. Балдар чоңойгон сайын аларга «жол» көрсөтүү, башкача айтканда, алар карманышы керек болгон нормаларды үйрөтүү кажет. Барган сайын көптөгөн адистер балдарга пайдалуу эреже-принциптерди үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн баамдап жатышат. Ата-эненин акылдуулук менен койгон норма-талаптары балдарга өздөрүн коопсуз сезүүгө шарт түзөт. Ошондой эле «чыбык жана оңдоп-түзөө акылман кылат. Ал эми өз эркине коюлган бала энесин уятка калтырат» 2. «Чыбык» ата-эненин балдарын туура эмес жолго түшүп кетүүдөн сакташ үчүн сүйүү менен колдонгон бийлигин билдирет. Бирок бул баланы басынтса болот дегенди билдирбейт. Ата-энелерге: «Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» 3,— деген кеңеш берилет.
3 Жубайлардын ортосундагы ынак мамиле үй-бүлөнүн бактылуу болушуна шарт түзөт. Андай мамиледе болуш үчүн эмне талап кылынат? «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Ошентип, ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын». 4 Майлоочу май техниканын жакшы иштешин шарттагандай эле, сүйүү жана урмат көрсөтүү үй-бүлөдөгү мамилелердин жакшырышына өбөлгө түзөт. Бул кеңешти колдонуу үчүн пикир алмашуу маанилүү, себеби «акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт». 5 Өмүрлүк жарыбыз менен жүрөгүбүздөгүнү ачык айтып пикир алмашуу үчүн анын ички дүйнөсүн көрө билип, сезимдерин түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек. «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, кыраакы киши аларды сузуп алат»,— деген сөздөрдү эсибизде сактап жүргөнүбүз акылдуулукка жатат. 6
4 Улгайып калган ата-энелерин жогору баалап-барктап келген өлкөлөрдө да бойго жеткен балдары ата-энелерин карабай таштап койгон учурлар кездешүүдө. Ушундан улам ата-энелер аябай жалгызсырашууда. Мындай ата-энелердин балдары төмөнкү акылман кеңештерге кулак какканы маанилүү: «Ата-энеңди сыйла» 7, «энеңди карып калганы үчүн эле баркка албай койбо» 8, «уяты жок, жүзү кара уул атасына жаман мамиле кылат, энесин кууп чыгат» 9. Ал эми улгайып калган ата-энелер туура маанай сакташы жана демилгени колго алып, башкалар менен ынак мамиледе болууга умтулушу керек. «Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет, акылмандыктын баарына каршы чыгат». 10
5 Ичимдик. Чынында, «шарап жашоонун көркүн ачат» 11 жана ичимдик ичкен адам «кайгысын эстебеши» мүмкүн 12. Бирок «шарап шылдыңчыл, күчтүү ичимдик чатакчыл, аларга берилип жолдон чыккандардын акылы жок» 13. Андан сырткары, ичимдикти ченемсиз ичүүнүн кесепети жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: «Акырында ал жыландай чагып алат, кара чаар жыландай уу чачат. Көзүңө кызыктай нерселер көрүнүп, жүрөгүң бузуку нерселерди сүйлөйт... „Кайрадан шарап издеш үчүн деги качан ойгоном?“ — дейсиң» 14. Ичимдикти ченеми менен ичүү пайдалуу болушу мүмкүн, бирок ага берилип кетүүдөн сак болушубуз керек.
6 Акча. Акчаны акылдуулук менен колдонсок, ага байланыштуу кыйынчылыктардан кача алабыз. Бул кеңешке көңүл бурсаңар: «Шарапка мас болгондордун, этке ашыра тойгондордун арасында болбо. Анткени аракеч менен соргок жакырланат, уйкучулук жыртык кийим кийгизет» 15. Чынында эле, аракечтиктен, баңги зат колдонуудан жана кумар оюндарынан алыс болсок, акчабызды үй-бүлөбүзгө пайда алып келгидей колдоно алабыз. Бирок көптөр колунда болгонуна жараша жашабагандыктан, кара жанын карч уруп иштеп, тапкан акчасынын баарын карыздарын жабууга жумшайт. Айрымдар атүгүл карызын төлөш үчүн дагы карыз алат. Эгер: «Жерин иштеткен нанга тоёт, ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн жокчулукка тоёт» 16,— деген сөздөрдү эсибизде бек сактасак, андай нерседен алыс болобуз. «Сатып алгым келген буюм мага чынында эле керекпи? Аны көпкө колдономбу же бир-эки колдонуп эле ыргытамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Бир изилдөө жүргүзүүчү: «Адамга зарыл болгон нерселер аз эле, ал эми анын каалоосунун түбү жок»,— деп таамай айткан. Төмөнкү акылман кеңешке кулак төшөсөңөр: «Биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз. Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу... Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп... көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашты» 17.
7 Эмгекчил болсок, акчага байланыштуу көйгөйлөрдөн кача алабыз. «Жалкоо, кумурскага барып, анын жолдорун карап, акылмандыкка ээ бол... Дагы бир аз уктай турсаң, дагы кичине үргүлөй түшсөң, колуңду көкүрөгүңө алып жата турсаң, жакырлык каракчыдай болуп... кирип келет» 18. Жакшы пландаштыруунун жана бюджет түзүп алуунун пайдасы чоң. «Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» 19.
8 Бирок жакыр болгонубузга өзүбүз күнөөлүү эмес болсокчу? Мисалы, күжүрмөн эмгектенүүгө ынтызар болсок да, экономикалык туруксуздуктун айынан жумушсуз калышыбыз мүмкүн. Же өтө жакыр өлкөдө жашашыбыз ыктымал. Ошондой болсо эмне жардам берет? «Акылмандык, акча сыяктуу эле, коргойт. Бирок билим менен акылмандыктын артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында» 20. Ошондой эле: «Өз ишин мыкты билген кишини көрдүң беле? Ал... падышалардын алдында турат» 21,— деген сөздөр жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ар кандай жумушта иштеп кеткенге жардам берген шык-жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтө аласыңарбы?
9 Төмөнкү кеңеш акылга сыйбагандай сезилиши мүмкүн. Бирок аны колдонуу чынында эле натыйжалуу. «Бергиле, ошондо силерге да берилет... Анткени 22. Бул башкалардан пайда көрүш үчүн берүүнү эмес, берешендик сапатын өрчүтүүнү билдирет. «Берешен жан тоюнат, башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат» 23. Ооба, башкалар муктаж болуп турганда жардам берүү менен аларга берешен болууга түрткү беребиз.
кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет»10 Башкалар менен болгон мамиле. Бир акылдуу падыша мындай деген: «Ар кандай эмгектин, иш билгиликтин адамдар арасында атаандаштыкты туудурарын көрдүм. Бул да убаракерчилик жана шамалды кууп жетүүгө умтулгандык» 24. Чынында эле, атаандаштыктан улам көптөр туура эмес иштерге барышат. Маселен, айрымдар өзүнүн телевизору жакшы иштесе да, кошунасынын жаңы телевизор алганын көрүп, аныкынан чоңун, кымбатын алганга умтулат. Бирок булардын баары курулай убаракерчилик. Мындай кылуу шамалды кууп жетүүгө аракет кылганга тете болуп калмак. Силер буга кошуласыңарбы?
11 Башкалардын айткан сөздөрүнөн улам аларга таарынып калышыбыз мүмкүн. Бирок бул кеңешке көңүл бурсаңар: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт» 25. Ырас, кээде ачууланышыбызга себеп бар болушу мүмкүн. Байыркы убакта жашаган бир жазуучу: «Ачууланганыңарда күнөө кылбагыла. Ачууңарды күн батканча баскыла» 26,— деп айткан. Анда канткенде өзүбүздү кармай билип, ачуубузду баса алабыз? «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде» 27. Ооба, түшүнүктүү болуу маанилүү. «Ал эмне үчүн ошентти? Анын ошондой кылышына кандайдыр бир нерселер себеп болгон жокпу?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Ачууга алдырбаш үчүн түшүнүктүү болуудан тышкары, дагы башка сапаттарды өрчүтүшүбүз керек. «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле. Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле... Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» 28. Арийне, сүйүү көптөгөн келишпестиктерди чечүүгө жардам берет.
12 Ошентсе да тилибиздин айынан башкалар менен жакшы мамиледе болуу кыйынга турушу мүмкүн. «Тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил — ээ-жаа 29,— деген сөздөр калетсиз. Андыктан: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» 30,— деген кеңешке көңүл бурганыбыз маанилүү. Бирок жакшы мамилени сактап калуу үчүн жарым-жартылай чындыкты айтуудан сак болуш керек. «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин, мындан башканын баары кара өзгөйдөн» 31.
бербеген жамандык. Ал өлүмгө дуушар кылуучу ууга толгон»13 Канткенде башкалар менен жакшы мамиледе боло алабыз? «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» 32,— деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Эгер ушул кеңешти колдонсок, көптөргө «алтын эреже» деп белгилүү болгон төмөнкү принципке ылайык иш кылган болобуз: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла. Мыйзамдын да, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн да маңызы ушунда» 33.
14 Стресс. Стресске толгон бул дүйнөдө канткенде туура маанай сактай алабыз? «Жайдары жүрөк адамдын жүзүн жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү бук көңүлдү чөгөрөт» 34. Башкалардын биздин көз карашыбыз боюнча туура көрүнгөн нерселерге ылайык иш кылбай жатканын көргөндө кубанычыбызды оңой эле жоготуп алышыбыз мүмкүн. Андайда: «Өтө адилсинбе, өтө акылдуусунба. Өзүңө зыян келтирип эмне кыласың?» 35 — деген сөздөрдү эсибизден чыгарбаганыбыз кажет. Бирок түгөнбөгөн турмуш түйшүктөрү бизди азапка салышы мүмкүн. Андай учурда эмне кылышыбыз керек? «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт» 36,— деген сөздөрдү эстеп жүргөнүбүз маанилүү. Биз «жакшы сөздөр», башкача айтканда, бекемдээрлик жылуу сөздөр жөнүндө ой жүгүртсөк болот. Кайгырткан жагдай-шартка карабай туура маанайда болуу ден соолугубуз үчүн да пайдалуу. «Шайыр жүрөк — дарыдай даба» 37. Жакындарыбыз бизге кам көрбөй жаткандай сезилгендиктен көңүлүбүз чөксө: «Алганга караганда берген бактылуу» 38,— деген кеңешти колдонгонубуз дурус. Туура маанайда болсок, күн сайын кабылган стрессти жеңе алабыз.
15 Жогоруда айтылып өткөн даанышман кеңештер бүгүн бизге, 21-кылымда жашап жаткандарга, пайда алып келеби? Ал кеңештерди байыркы китептен — Ыйык Китептен — табууга болот. Эмне үчүн акылмандык издеп башка булактарга эмес, Ыйык Китепке кайрылышыбыз керек? Мунун бир себеби анда жазылган
принциптер убакыт сынагынан өткөн. Мисалга аялдардын азаттык кыймылына катышкан Ясухиро менен Каёкону алалы. Каёконун Ясухиродон боюна бүтүп калып, экөө үйлөнүшкөн. Бирок алар акча жагынан кыйналгандыктан жана экөө бири-бирине төп келбегендиктен ажырашып кетишкен. Кийинчерээк экөө тең Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан, бирок бири-биринин изилдеп жатканын билишкен эмес. Бара-бара экөө бири-биринин абдан өзгөрүлгөнүн байкап, кайрадан баш кошууну чечишкен. Албетте, алардын жашоосунда кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок алар ыйык китептик принциптер боюнча жашоого жана кыйынчылыктарды чечүүдө ийилчээктик көрсөтүүгө үйрөнүшкөн. Ооба, Жахабанын Күбөлөрүнүн жашоосунан Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу жакшы натыйжаларга алып келерин көрүүгө болот. Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык жашоого умтулган адамдар менен таанышуу үчүн силерди алардын жыйналыш жолугушууларынын бирине катышып көрүүгө чакырабыз.16 Жогоруда айтылып өткөн Ыйык Жазмадагы баа жеткис кеңештер түгөнгүс акылмандыкты чагылдырып турат. Мына ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү ыйык китептик принциптерди колдонууга дилгир. Ошондуктан силерди да Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.