Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮК

Бактылуу жашоого алып барган жол

Бактылуу жашоого алып барган жол

АДАМЗАТ маңызсыз жашоого Кудайдын бийлигине каршы чыккандыктан туш болуп калса да, Кудай аларды үмүтсүз калтырып койгон эмес. Ыйык Китепте: «Жаратылгандар курулай убаракерчиликке өз эрки менен эмес, өзүлөрүн баш ийдиргендин эрки боюнча баш ийишкен. Ошол эле учурда аларга үмүт берилген: алар өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт»,— деп айтылат (Римдиктер 8:20, 21). Ооба, Кудай биринчи түгөйдүн урпактарына үмүт берген. Ал үмүткө ылайык, адамзат тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонот. Ошондой эле кайрадан Жахаба Кудай менен ынак мамиле өрчүтө алат. Кантип?

Кудай адамзатты күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткара турган чара караштырган

2 Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенде, алардын тукуму жер бетинде чексиз бакытка бөлөнүп жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калган. Кудайдан көз карандысыз болуп, жаман менен жакшыны өздөрү чечүүнү тандоо менен Адам ата менен Обо эне урпактарын күнөө менен өлүмдүн кулчулугуна сатып жиберишкен. Алардын балдарын ырайымсыз падышалар башкарган алыскы бир аралга сатылып кеткен кулдарга, ал эми таш боор башкаруучуларды күнөө менен өлүмгө салыштырса болот (Римдиктер 5:14, 21). Аларды кулчулукка өздөрүнүн ата-энеси сатып жибергендиктен, куткарып алуу мүмкүн эместей сезилет. Бирок бир боорукер киши өзүнүн уулун жиберип, аларды боштондукка чыгаруу үчүн талап кылынган бааны төлөйт (Забур 51:5; 146:4; Римдиктер 8:2).

3 Бул мисалдагы кулдарды куткарып алган киши Жахаба Кудайды билдирет. Ал эми кулдарды боштондукка чыгаруу үчүн талап кылынган бааны төлөгөн уул болсо Иса Машаякты билдирет. Иса, Кудайдын жалгыз Уулу, жерге келгенге чейин эле бар болчу (Жакан 3:16). Ал Жахабанын биринчи жаратуусу болгон жана ааламдагы башка жаратуулардын баары ал аркылуу жаратылган (Колосалыктар 1:15, 16). Жахаба Уулунун өмүрүн кереметтүү түрдө бир кыздын жатынына көчүргөн. Ошондуктан ал жеткилең адам болуп төрөлгөн жана анын өмүрү Кудайдын адилеттүүлүгү боюнча талап кылынган баага барабар болгон (Лука 1:26—31, 34, 35).

4 Иса 30дарга чыкканда Иордан дарыясында чөмүлтүлгөн. Ал чөмүлтүлгөндө ыйык рух менен майланган, башкача айтканда, ага Кудайдын өз ой-ниетин ишке ашырыш үчүн колдонгон күчү берилген. Ошентип, ал Машаяк болгон. «Машаяк» деген сөздүн мааниси «майланган» дегенди билдирет (Лука 3:21, 22). Иса жерде үч жарым жыл кызмат кылган. Ошол жылдары ал шакирттерине «Кудайдын Падышалыгы» жөнүндө — адамзаттын Жахаба Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтире турган асмандагы өкмөт жөнүндө — үйрөткөн (Лука 4:43; Матай 4:17). Иса бактылуу болуп жашаш үчүн эмне кылуу керектигин жакшы билгендиктен шакирттерине ага байланыштуу кеңештерди берген. Ыйык Китептен Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүндөгү Исанын тоодо айткан насаатын окуп көрсөңөр болот.

Силерди кулчулуктан куткарып алган кишиге ыраазы болот белеңер?

5 Адам атадан айырмаланып, Иса эмне кылбасын, дайыма Кудайга баш ийген. «Ал эч күнөө кылган эмес» (1 Петир 2:22; Еврейлер 7:26). Чынында, ал жер бетинде түбөлүк жашай алмак, бирок «өз жанын» берип, Кудайга Адам ата жоготкон нерсени кайрып берген. Иса жаза устунунда өлүп, жеткилең өмүрүн адамзат үчүн берген (Жакан 10:17; 19:17, 18, 28—30; Римдиктер 5:19, 21; Филипиликтер 2:8). Ошентүү менен ал кун төлөгөн, тагыраак айтканда, адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн талап кылынган бааны төлөгөн (Матай 20:28). Такыр баш көтөртпөй иштеткен кожоюндун кулу экениңерди элестетсеңер. Силерди ошондой кулчулуктан бошоткон жана силер үчүн өмүрүн берип, ордуңарга өзү кул болгон кишиге ыраазы болбойт белеңер? Кундун аркасында биз үчүн кайрадан Кудайдын үй-бүлөсүнө кайрылып келүүгө жана күнөө менен өлүм болбой турган бактылуу жашоого жол ачылган (2 Корунттуктар 5:14, 15).

6 Жахабанын улуу ырайымы тууралуу билүү жана ага ыраазы болуу силерге Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди жашооңордо колдонууга түрткү бериши керек. Мисалы, колдонуу күч-аракетти талап кылган бир принципти — бизди таарынткан кишини кечирүүнү — алалы. Ушул китепченин 2-бөлүмүндө талкууланган Колосалыктар 3-бөлүм 12—14-аяттардагы сөздөр эсиңердеби? Ал аяттар бизди таарынткан кишиге таарынганга негиз бар болсо да, аны кечирүүгө үндөйт. Ошол бөлүмдө эмне үчүн кечиришибиз керектиги жөнүндө: «Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп айтылат. Башкалар бизди канчалык таарынтпасын, Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын биз үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүү, бизди таарынткандарды, өзгөчө, алар өкүнүп, кечирим сураса, кечирүүгө түрткү берет.