Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮК

Жашоодон канааттануу алуу мүмкүнбү?

Жашоодон канааттануу алуу мүмкүнбү?

ӨНҮККӨН өлкөдөгү заңгыраган үйдү көргөндө анда жашагандар жашоонун жыргалын көрүп жаткандай сезилет. Бирок ал үйдүн босогосун аттаганда алардын жашоосу такыр андай эмес экенин көрөсүң. Өспүрүм балдардын ата-энеси менен болгон мамилеси суз, алардын пикир алышуусу «ооба» же «жок» деген сөздөр менен эле чектелет. Аялы күйөөсүнүн көңүл бурушуна муктаж. Күйөөсүнүн болсо эч нерсе менен иши жок, эч ким анын тынчын алышын каалабайт. Ал эми алардын улгайып калган ата-энеси балдарын көптөн бери көрбөй, сагынып, жол карап күтөт. Анткен менен ушу сыяктуу көйгөйлөрүн чечип, бактылуу жашап жаткан үй-бүлөлөр да бар. Алардын бактылуу болушунун сыры эмнеде экенин билгиңер келеби?

2 Эми дүйнөнүн башка бурчундагы өнүгүп келаткан өлкөдө жашаган үй-бүлөнү мисалга алалы. Жети кишиден турган ал үй-бүлө эскилиги жеткен алачыкта жашайт. Алардын эртеңки күнү ичерге тамагы болобу, болбойбу, белгисиз. Кейиштүү бул жагдай адам баласынын ачарчылыкты, жакырчылыкты жоё албасын айгинелеп турат. Бирок жакырчылыктын азабын тартып жатканына карабастан көптөгөн үй-бүлөлөр кубанычын жоготпой, оң маанай сакташууда. Аларга эмне жардам берип келет?

3 Айта кетчү нерсе, атүгүл бай өлкөлөрдө да айрымдар акча-каражаттын жетишсиздигинен кыйналышат. Мисалы, бир үй-бүлө өлкөсү экономикалык жактан дүркүрөп, өнүгүп турган учурда бардык шарты бар үй сатып алышат. Алар маянабыз барган сайын көбөйө берет деген ойдо чоң суммада насыя алышат. Бирок өлкөдө экономикалык абал начарлагандыктан, алар насыясын төлөй албай, үйүн сатып алган баадан төмөн баага сатканга аргасыз болушат. Ошентип, үйүнөн ажырап, карызга белчесинен батып отуруп калышат. Андан сырткары, кредиттик картаны сарамжалдуулук менен колдонбой карыз болуп калгандыктан, аларды төлөй албай кыйналышат. Атасы карыздарын төлөөнүн айласын таппай, казиного барат, бирок бул карыздан арылтмак тургай, ого бетер карызга батырат. Ушундай болсо да жашоо мүнөзүн өзгөртүп, бактылуу жашоо өткөргөн үй-бүлөлөр да аз эмес. Алар эмненин аркасында бактылуу болуп жатышат?

4 Кайсы жерде жашабайлы, башкалар менен болгон мамилеге байланыштуу кыйынчылыктардан улам стресске кабылып, көңүлүбүз чөккөн учурлар болбой койбойт. Алсак, жумуштан кимдир бирөө жалаа жабышы мүмкүн. Дагы бирөөлөр ийгиликтериңерди көрө албай каралашы ыктымал. Же күнүгө мамилелешүүгө туура келген кимдир бирөө үстөмдүк кылып, кадыр-баркыңарды түшүрүшү мүмкүн. Балдарыңарды болсо мектептен коркутуп-үркүтүшү, шылдыңдашы, басынтышы этимал. Ал эми жалгыз бой ата-эне болсоңор ушул сыяктуу кыйынчылыктар менен күрөшүү оңойго турбасын жакшы түшүнөт чыгарсыңар. Мындай көйгөйлөр ансыз деле оор жашоону ого бетер оорлотууда.

5 Стресс акырындап чогулуп отуруп, бир күнү күтпөгөн жерден катуу жыгышы мүмкүн. Ошондуктан стрессти «тымызын киши өлтүргүч» деп, ал эми өнөкөт стрессти акырындык менен өлүмгө дуушар кылган «уу» деп аташат. Миннесота университетинин профессору Роберт Л. Венинга: «Бүгүн дүйнөнүн булуң-бурчунда стресстен жана анын айынан пайда болгон оорулардан жапа чекпеген бир да киши жок»,— деп айткан. Мисалы, бир изилдөөгө ылайык, АКШда стресстин айынан пайда болгон ооруларга жылына 200 миллиард доллар кетет. Стресске кабылганда жана пландаштырган иштериңерди өз убагында бүтүрө албай калганда өзүңөрдү күнөөлөшүңөр мүмкүн. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар бир киши орто эсеп менен күнүнө эки сааттай өзүн күнөөлүү сезет. Ошентсе да айрымдар стресс менен күрөшүп, ийгиликтерге жетүүдө.

6 Канткенде кыйынчылыктар менен күрөшүп, канааттанып жашай алабыз? Айрымдар үй-бүлөгө байланыштуу кеңештерди берген адистердин китеп-журналдарына кайрылышат. Аларда жазылган кеңештер канчалык ишеничтүү? Балдарды тарбиялоого байланыштуу 42 тилге которулган жана дээрлик 50 миллион нускада чыккан китептин автору Бенжамин Спок: «Ата-энелердин балдарды тарбиялоодо катуу боло албаганы... Америкадагы негизги көйгөйлөрдүн бири»,— деп жазган. Анан буга көбүнчө адистердин, анын ичинде өзүнүн да күнөөлүү экенин мойнуна алып: «Ата-энелердин өздөрүн ишенимдүү сезбей калышына биздин билермандыгыбыз себеп болгонун өтө эле кеч түшүнүп калдык»,— деген. Андыктан: «Кимдин кеңешин колдонуу азыр жана келечекте канааттанып жашоого жардам берет?» — деген суроо туулат.