Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮК

Адамзат эмне үчүн бакытка жетпей келет?

Адамзат эмне үчүн бакытка жетпей келет?

ЭМНЕ ҮЧҮН көптөр жашоонун маңызын таппай кыйналып келишет? Ыйык Китепте: «Аялдан төрөлгөн адамдын өмүрү кыска, санаага толгон. Ал гүлдөй өсүп чыгат да, чабылып ташталат, көлөкөгө окшоп качат да, жок болот»,— деп жазылган (Аюп 14:1, 2). Адамдардын ушундай абалга туш болушуна Бейиш багында биринчи түгөй менен болгон окуя себеп болгон.

2 Адамдар чыныгы бакытка жетиш үчүн Кудай менен жакшы мамиледе болушу керек. Бирок өздөрүн милдеттүү сезгендиктен эмес, чын ниеттен каалагандыктан Кудай менен ынак мамиле өрчүтүшү зарыл (Мыйзам 30:15—20; Жашыя 24:15). Жахаба адамдардын аны чын жүрөктөн сүйгөндүктөн тил алып, сыйынышын каалайт (Мыйзам 6:5). Ошондуктан ал Эйден багында биринчи адамга чектөө коюу менен ага чын жүрөктөн берилгендигин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берген. Ал Адам атага: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген (Башталыш 2:16, 17). Бул талапты аткаруу оор деле болгон эмес. Анткени Жахаба Адам атага бактагы бардык дарактардын ичинен бир эле дарактын жемишинен жегенге тыюу салган. Ал дарак эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүүгө акылман Жаратуучу гана укуктуу экенин көрсөтүп турган. Адам ата ал буйрукту Жахаба ага «жардамчы» кылып жаратып берген аялына айткан (Башталыш 2:18). Алар ошол убакта Кудайдын эркине ыраазычылык менен баш ийип, аларды жараткан Өмүр берүүчүнү сүйөрүн көрсөтө алышкан жана Кудайдын бийлиги алдында жашоо аларга бакыт тартуулаган.

3 Күндөрдүн биринде жылан Обо энеден: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?» — деп сураган. Обо эне «өлүп калбаш» үчүн «бактын ортосундагы дарактын», жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын, жемишинен гана жегенге тыюу салынганын айткан (Башталыш 3:1—3).

4 Ал жылан ким болгон? Ыйык Китептеги Аян китебинде ал «бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан» деп сүрөттөлөт (Аян 12:9). Кудай аны ошондой кылып жаратты беле? Жок, Жахабанын иштери жеткилең жана жакшы (Мыйзам 32:4). Ал рухий жаратуу өзүн-өзү Ибилис (Жалаачы) жана Шайтан (Душман) кылган. Шайтан «өзүнүн кумарына» — Кудайдын ордун ээлегиси келген каалоосуна — алдырып, Жаратканга каршы козголоң чыгарган (Жакып 1:14).

5 Шайтан Ибилис Обо энеге: «Өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген (Башталыш 3:4, 5). Шайтан жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишин көзгө жагымдуу, өзүнө тартып тургандай кылып көрсөткөн. Ал жогорудагы сөздөрдү айтуу менен, чынында: «Кудай силерден жакшы нерсени жашырып жатат. Бул дарактын жемишинен жесеңер, Кудайдай болуп каласыңар жана жаман менен жакшыны өзүңөр эле чечип каласыңар»,— деген. Бүгүнкү күндө да Шайтан көптөрдү Кудайга кызмат кылдырбаш үчүн алардын акылына ушу сыяктуу ойлорду салат. Ал: «Жаратканга баш ийбей эле койсоң болот. Өзүң туура көргөн нерселерди кыла бер»,— дейт (Аян 4:11).

6 Шайтандын сөздөрүнөн кийин Обо эне ошол дарактын жемишин жегиси келип, аны эңсей баштаган. Анан жемиштен алып жеген, күйөөсүнө да берген. Адам ата ал жемиштен жесе эмне болорун толук түшүнсө да, аялынын тилин алып, жемишти жеген. Мунун кесепети кандай болгон? Кудай аялга: «Кош бойлуу кезиңде тарткан азабың күчөгөндөн күчөйт, балдарыңды кыйналып жатып төрөйсүң. Күйөөңө болгон кумарың күчтүү болот, ал сага үстөмдүк кылат»,— деген. Ал эми күйөөсүнө болсо мындай деп айткан: «Сенин айыңан жер каргышка калды. Эми нан таап жеш үчүн өмүрүң өткөнчө жерди азап менен иштетесиң. Жерден тикенек менен отоо чөптөр өсүп чыгат, талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың. Өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың». Ошентип, Адам ата менен Обо эне бакыт, канааттануу тартуулаган жашоону өз алдынча курушу керек болгон. Адамзат өзү тандаган жолго түшүү менен бактылуу жашоого жете алат беле? Адам ата менен Обо эненин Эйден багындагы кубаныч тартуулаган иши азаптуу, оор жумушка алмашкан. Алар эми Кудайды даңктай турган эч нерсе кыла албай калышкан, эптеп күн көрүш үчүн эле эмгектенип калышкан (Башталыш 3:6—19).

7 Кудайдын көз карашы боюнча, биринчи түгөй жаман менен жакшыны таанытып билдире турган дарактын жемишинен жеген күнү эле өлүшкөн. Ошол күндөн тартып алар өлүмгө алып баруучу жолго түшүшкөн. Алар өлгөндөн кийин эмне болушкан? Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу мындай делет: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт. Аларга эми тиешеси берилбейт, анткени алар эскерилбей калышат» (Насаатчы 9:5; Забур 146:4). Адамдын өлгөндөн кийин жашай бере турган «жаны» жок. Адам күнөөсү үчүн тозокто түбөлүккө куйкаланбайт, күнөө үчүн жаза — өлүм. Ошондой эле адам өлгөндөн кийин асманга кетпейт *.

8 Бир жагы кыйшык көмөч казанга бышкан нандардын формасы кыйшык болгон сыяктуу эле, жеткилең эмес эркек менен аялдан да жеткилең эмес балдар төрөлгөн. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай делет: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган» (Римдиктер 5:12). Ошондуктан биз, Адам атанын урпактары, күнөөлүү болуп төрөлүп, өлүмгө моюн сунабыз жана жашообуз азап-кайгыга толгон. Бирок ушундай кейиштүү абалдан чыгуунун жолу барбы?

^ 7-абз. Өлгөндөрдүн абалы тууралуу кызыктуу маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепчеден таба аласыңар.