Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮК

Ишенүүгө татыктуу китеп

Ишенүүгө татыктуу китеп

ГУАНЧЖОУДАГЫ (Кытай) Чоң Шаң университети тарабынан чыгарылган журналда: «Ыйык Китеп — адамзаттын өнүгүшүн жана турмуштук тажрыйбасын камтыган өзгөчө китеп»,— деп жазылган. 18-кылымдын чыгаан философу Иммануил Кант: «Ыйык Китептин болгону адам баласы ээ болгон баталардын эң баалуусу. Анын баалуулугун төмөндөтүүнү... адамзатка каршы жасалган кылмыш деп айтууга болот»,— деген. Ошондой эле «Америка энциклопедиясында» мындай делген: «Ыйык Китеп еврейлер менен христиандарга гана таасир берген китеп эмес... Бүгүнкү күндө көптөр Ыйык Китепти адеп нормаларынын жана диний баалуулуктардын түгөнгүс казынасы катары эсептешет. Адамзат коомунун өнүгүшүнө болгон үмүт арбыган сайын анын баалуулугу жогорулагандан-жогорулап келет».

2 Кайсы динди тутпагыла, бул өзгөчө китеп тууралуу маалымат алып көрүүгө эмне үчүн болбосун? 20-кылымдын аягында Ыйык Китеп толугу менен же жарым-жартылай 2 200дөн ашуун тилге которулган. Басма машинелер чыккандан бери Ыйык Китеп дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган нускада басылып чыкты. Андыктан адамдардын басымдуу бөлүгү Ыйык Китепти өз тилинде окуп-түшүнө алат.

3 Ыйык Китебиңер бар болсо, анын мазмунуна көз чаптырып көрсөңөр. Ал жерден Ыйык Китептеги китептердин аталыштарын, биринчи китеби — Башталыш, акыркысы Аян деп аталарын көрөсүңөр. Ыйык Китеп 66 майда китептен турат. Аны 40тай киши жазган. 39 китептен турган биринчи бөлүгүн көптөр Байыркы Келишим деп атап коюшат. Бирок туурасы Еврей Жазмалары деп аталат, себеби ал, негизинен, еврей тилинде жазылган. Ал эми 27 китептен турган бөлүгүн Жаңы Келишим деп атап коюшат. Бирок ал Исанын жолдоочулары тарабынан грек тилинде жазылгандыктан Грек Жазмалары деп аталат. Ыйык Китеп 1 600 жыл аралыгында — б.з.ч. 1513-жылы башталып, б.з. 98-жылы — жазылып бүткөн. Аны жазгандар бири-бири менен кеңешишкен эмес. Айрым китептер бир эле учурда жазылган жана аларды жазгандар бири-биринен миңдеген чакырымдай алыстыкта жашашкан. Ошентсе да Ыйык Китепте башынан аягына чейин бир эле тема баяндалат жана анда жазылгандар бири-бирине карама-каршы келбейт. 16 кылым аралыгында, ар кайсы убакта жашаган 40тай кишинин бул китепти ушундай шайкештикте жазганына таң калбай койбойбуз.

«[Кудай] түндүктү боштуктун үстүнө жайган, Жерди жок нерсеге илип койгон»

4 Ыйык Китеп 1 900 жылдай мурун жазылса да, бүгүнкү күндөгү көптөгөн адамдарды кызыктырып келет. Мисалы, Ыйык Китебиңерден Аюп 26:7ни ачсаңар. Ал жерде: «[Кудай] түндүктү боштуктун үстүнө жайган, Жерди жок нерсеге илип койгон»,— делет. Кызыктуусу, бул китеп б.з.ч. 15-кылымда жазылган. Эми болсо б.з.ч. 8-кылымда жазылган Ышая 40:22деги сөздөргө токтололу. Ал аяттан мындай деген сөздөрдү окуйбуз: «Жер шарынан өйдө жашаган Бирөө бар; жердин тургундары чегирткелердей. Ал асманды жука кездемедей жазат, аны турак жай кылып, чатырдай жаят». Бул сөздөрдү окуганда эмнени элестетесиңер? Албетте, көз алдыңарга шар сымал нерсенин боштукта илинип турганы тартылат. Космос кемесинен тартылып алынган андай сүрөттөрдү көрүп эле жүрсөңөр керек. Балким: «Мындан бир нече кылым мурун жашаган адамдар андай так маалыматты кайдан алышкан?» — деп таң калаттырсыңар.

5 Анда эмесе, келгиле, Ыйык Китептин дагы бир өзгөчө жагына токтололу. Ыйык Китеп тарыхый жактан такпы? Айрымдар Ыйык Китеп тарыхка негизделген эмес, ал тек гана уламыштардын жыйындысы деп эсептешет. Мисалы, Ысрайыл падышасы Дөөтү жөнүндө кеп кылсак, ал тууралуу мурун Ыйык Китепте гана айтылчу. Окумуштуулардын көпчүлүгү Дөөтү падышаны чынында эле жашаган деп эсептешет, бирок айрым скептиктер Дөөтүнү өз көз карашын, окууларын жайылткан жүйүттөр ойлоп чыгарган уламыштын каарманы дешет. Бирок буга байланыштуу далилдер эмнени тастыктап турат?

«Дөөтүнүн үйү» тууралуу жазылган таштын сыныгы

6 1993-жылы байыркы Ысрайыл шаары Дандын урандыларынын арасынан «Дөөтүнүн үйү» тууралуу жазылган таштын сыныгы табылган. Ал ысрайыл элинин душмандары б.з.ч. 9-кылымда жеңишинин урматына тургузган айкелдин сыныгы экени аныкталган. Ошентип, Дөөтү жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандардан сырткары да маалымат табылган. Бул табылга эмнени көрсөтүп турат? Тель-Авив университетинин профессору Исраэль Финкельштайн: «Дөөтү тууралуу жазылган таштын сыныгы табылгандан кийин Ыйык Китепти четке каккандардын ырастоолору ойрон болду»,— деп айткан. Ондогон жылдар бою Палестинада казуу иштерин жүргүзгөн профессор-археолог Уильям Олбрайт мындай деген: «Ар бир казылып алынган жаңы табылга Ыйык Китептеги маалыматтардын майда-чүйдөсүнө чейин так экенин көрсөтүп турат жана анын тарыхый жактан так документ катары баалуулугун жогорулатат». Ушундан улам: «Кандайча бул байыркы китеп уламыштардан, поэмалардан айырмаланып, тарыхый жактан ушунчалык так?» — деген суроо келип чыгат. Бирок мындан башка дагы бир маанилүү нерсе бар.

Искендер Зулкарнайндын сүрөтү чегилген тыйын

7 Ыйык Китеп — пайгамбарлыктар камтылган китеп (2 Петир 1:20, 21). «Пайгамбарлык» деген сөздү укканда, балким, өздөрүн пайгамбар деп атаган кишилердин аткарылбаган сөздөрүн эстейттирсиңер. Бирок терс көз караштагы адамдардын ойлоруна алдырбастан, Ыйык Китебиңерди ачып, Даниел китебинин 8-бөлүмүн окуп көрсөңөр. Ал жерде Даниелдин аян алганы айтылат. Аянда «чоң мүйүзү бар» саксайган теке эки мүйүздүү кочкорду сүзүп, тебелеп салган. Бирок ал күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна төрт мүйүз чыккан. Бул аяндын мааниси кандай эле? Даниелдин билдирүүсүндө андан ары мындай делет: «Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор — Мадай жана Персия падышалары. Ал эми саксайган теке — Грециянын падышасы, анын көздөрүнүн ортосундагы чоң мүйүз — биринчи падышасы. Анын сынып, ордуна төрт мүйүз чыкканы анын элинен төрт падышалык чыгарын билдирет, бирок алар күч жагынан ага тең келе алышпайт» (Даниел 8:3—22).

«Ар бир казылып алынган жаңы табылга Ыйык Китептеги маалыматтардын майда-чүйдөсүнө чейин так экенин көрсөтүп турат жана анын тарыхый жактан так документ катары баалуулугун жогорулатат» (Профессор Уильям Олбрайт).

8 Бул пайгамбарлык аткарылды беле? Даниел китеби б.з.ч. 536-жылдары жазылып бүткөн. Пайгамбарлык жазылгандан 180 жыл өткөндөн кийин төрөлгөн Македониянын падышасы Искендер Зулкарнайн б.з.ч. 356-жылы Персия империясын басып алган. Пайгамбарлыкта айтылган «көздөрүнүн ортосундагы чоң мүйүзү» бар саксайган теке ошол Искендер Зулкарнайнды билдирген. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин айтканы боюнча, Искендер Зулкарнайн Персияны басып алардан мурун Иерусалимге киргенде, ага Даниел китебин көрсөтүшкөн. Искендер Даниел китебиндеги пайгамбарлык өзүнүн Персияга каршы жортуулуна карата айтылган деген жыйынтыкка келген. Б.з.ч. 323-жылы Искендер Зулкарнайн өлгөндөн кийин анын империясынын эмне болгонун тарых барактарынан биле алабыз. Зулкарнайндын империясын анын төрт аскер башчысы башкара баштаган жана «чоң мүйүздүн» ордуна өсүп чыккан «төрт мүйүз», башкача айтканда, төрт аскер башчысы б.з.ч. 301-жылга чейин империяны төрткө бөлүп алган. Даниел жазган бул пайгамбарлыктын 200 жылдан кийин ушунчалык так-айкын аткарылганы таң калтырбай койбойт. Бул кандайча мүмкүн болгон?

9 Бул суроого Ыйык Китептин өзүндө: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана... пайдалуу»,— деген жооп камтылат (2 Тиметей 3:16). Ооба, Кудай ыйык руху аркылуу 40тай пайгамбардын акылына өз ойлорун салып, Ыйык Китепти жаздырган. Ыйык Китептин илимий жана тарыхый жактан тактыгын, андагы пайгамбарлыктардын так аткарылганын көрүп, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: бул өзгөчө китептин автору — адамдар эмес, Кудай. Бирок бүгүнкү күндө көптөр Кудайдын бар экенине шектенишет. Силерчи?