Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз

Кириш сөз

Балким, силер да бул нерсеге таң калат чыгарсыңар: өнүккөн бир өлкөдө жашаган калктын 90 пайыздан ашыгы өздөрүн аябай бактылуу сезишет же, жок эле дегенде, жашоосуна ыраазы экенин айтышат. Бирок ошол эле учурда кеңири колдонулган дарылардын 10дон үч бөлүгү депрессия менен күрөшүүдө колдонулат. Ошол эле өлкөдө жубайлардын 91 пайызы үй-бүлөлүк жашоодо өздөрүн бактылуу деп эсептешет, анткен менен алардын дээрлик жарымы ажырашып кетүүдө.

Калкы жер шарынын тургундарынын дээрлик жарымын түзгөн 18 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, адамдардын басымдуу бөлүгү келечектен жакшы нерсени күтүшпөйт. Арийне, көптөр канааттанып жашай албай келишет. Силер жөнүндө эмне айтууга болот? Бул китепчеде жашоодон канааттануу алууга жардам берген кеңештер камтылган.