Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮК

Кудайды таанып-билүү

Кудайды таанып-билүү

КЕҢЕШКЕ муктаж болгонуңарда өзүңөр ишенген кишиге кайрыларыңар бышык. Анын берген кеңеши дароо пайда алып келеби же жокпу, колдонгонго аракет кылмаксыңар. Эгер Ыйык Китепте жазылган кеңештерден пайда алгыңар келсе, анын Автору тууралуу билишиңер керек. Ошонун аркасында аны менен жакын «дос» боло аласыңар! (Ышая 41:8).

Кудайдын ысмынын Еврей Жазмаларындагы Ышая китебинде кездешкен жери

2 Кимдир бирөө менен дос болгуңар келсе, адегенде анын атын билгиңер келет, чынбы? Ыйык Китептин Авторунун ысмы барбы? Ал өзү жөнүндө мындай дейт: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм» (Ышая 42:8). Бул аяттан көрүнүп тургандай, Кудайдын ысмы — Жахаба. Еврейче יהוה (оңдон солго карай окулат) деп жазылат. Еврей Жазмаларында ал ысым 7 000ге жакын жолу кездешет. Кудайдын ысмы «болтурат» дегенди билдирет, тагыраак айтканда, Жахаба өзүнүн ой-ниеттерин аткарыш үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло алат. Андан тышкары, анын ысмы еврей тилинде кыймыл-аракеттин уланып жатканын билдирген грамматикалык формада берилген. Бул эмнени билдирет? Жахаба ой-ниетин аткарыш үчүн ким болгусу келсе, ошол болуп келгенин жана боло берерин билдирет. Ооба, ал кандайдыр бир белгисиз күч эмес, ал — тирүү Кудай!

3 Жахаба — баарынын Жаратуучусу (Башталыш 1:1). Ал — «асман-жерди, деңизди жана алардагынын баарын жараткан тирүү Кудай» (Элчилер 14:15). Жахаба бардык нерсени, анын ичинде биринчи түгөй Адам ата менен Обо энени жараткан. Ошондуктан ал — «өмүрдүн булагы» (Забур 36:9). Ошондой эле Жахаба жашоо үчүн зарыл болгон нерселер менен бизди камсыз кылып турат. Ал «асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип», жүрөгүбүздү кубанычка толтуруп келет (Элчилер 14:17). Африка жана Азия өлкөлөрүндө жашагандардын көбү ата-бабалары аларга өмүр берген деп эсептегендиктен ата-бабаларына сыйынышат. Анда алар биринчи түгөйдү жаратып, аларга тукум улоо жөндөмдүүлүгүн берген Жаратканга, Өмүр берген Кудайга, ого бетер ыраазычылык билдиргенге милдеттүү эмеспи?! Ушулар тууралуу ой жүгүртүү бизге: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп Кудайды даңктоого түрткү берет (Аян 4:11).

4 Ыйык Китептен бизди жараткан Жахаба Кудай жана анын касиет-сапаттары тууралуу биле аласыңар. Анда: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:16; Чыгуу 34:6, 7). Ыйык Китепти башынан аягына чейин окуп чыксаңар, Кудайдын чынында эле сүйүү экендигин далилдеген көптөгөн билдирүүлөрдү табасыңар. Анда Жараткан Кудай жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Кудай Сөзүн күнүгө окууну адат кылып алганга эмне үчүн болбосун? Ыйык Китепти жакшы билгендер менен аны кылдат изилдегиле (Элчилер 8:26—35). Ошентсеңер, Кудайдын жамандыктын түбөлүккө боло беришине жол бербеген адилеттүү Кудай экендигин билесиңер (Мыйзам 32:4). Адамдар үчүн сүйүүнү жана адилеттүүлүктү чагылдырууда тең салмактуулукту сактоо кыйынга турат. Ал эми Жахаба акылман Кудай болгондуктан ал сапаттарды шайкештикте чагылдырат (Римдиктер 11:33; 16:27). Андан тышкары, ал Кудуреттүү Кудай болгондуктан ой-ниетин ишке ашырыш үчүн каалаган нерсесин кыла алат (Башталыш 17:1). Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонго аракет кылгыла, ошондо Кудайдын кеңештери пайда гана алып келерин түшүнүп, Кудайга болгон ыраазычылыгыңар артат.

Жахаба Кудайга тиленүү аркылуу жакындай алабыз

5 Кудайга жакындоонун дагы бир жолу — тиленүү. Жахаба — «тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай (Забур 65:2). Ал «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла алат» (Эфестиктер 3:20). Жардам керек болгондо эле кайрылып турган «досуңар» жөнүндө кандай ойдо болот элеңер? Албетте, аны менен дос болгуңар келмек эмес. Биз да тиленгенде Жахабадан жардам эле сурай бербей, ага ыраазычылык билдирип, аны даңкташыбыз керек (Филипиликтер 4:6, 7; 1 Тесалоникалыктар 5:17, 18).