Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮК

Жахаба бизди кандай ой-ниет менен жараткан?

Жахаба бизди кандай ой-ниет менен жараткан?

Сулайман падыша жашоонун маңызын издеген

ЖАХАБА Кудай жөнүндө билим алуу эмне үчүн маанилүү? Анткени бул көп пайда алып келет. Алсак, миллиондогон адамдар жооп таба албай келген: «Биз эмне үчүн жаралганбыз?» — деген суроого жооп ала аласыңар. Балким, силер да бул суроонун үстүнөн ойлонуп көргөндүрсүңөр. Байлыгы жагынан «жер жүзүндөгү бир да падыша тең келбеген» байыркы убакта жашаган бир акылман падыша да жашоонун маңызына байланыштуу ушул суроого жооп издеген (2 Жылнаама 9:22; Насаатчы 2:1—13). Ал зор бийликке, сан жеткис байлыкка, теңдешсиз акылмандыкка ээ болгон Сулайман падыша эле. Сулайман жашоонун маңызына байланыштуу кандай жыйынтыкка келген? Ал: «Бардык айтылгандардын корутундусу бул: чыныгы Кудайдан корк, анын осуяттарын аткар. Анткени адамдан талап кылынгандын баары — ушул»,— деп айткан (Насаатчы 12:13). Көптөгөн адамдардан айырмаланып, Сулайман падыша жашоодогу бардык нерсени татып көргөн. Андыктан анын жашоонун маңызына байланыштуу чыгарган жыйынтыгына көңүл бурганыбыз маанилүү (Насаатчы 2:12).

2 Сулайман Кудайдан коркуу жөнүндө кеп кылганда көзгө көрүнбөгөн кандайдыр бир белгисиз күчтөн калтырап-титиреп коркууну айткан эмес. Кудайдан коркуу деген аябай жакшы көргөн адамыбыздын көңүлүн оорутуп алуудан корккондой сезимде болууну билдирет. Эгер кимдир бирөөнү жакшы көрсөңөр, дайыма ага жаккан иштерди кылганга аракет кылып, аны таарынтып ала турган нерселерди кылуудан качасыңар. Анын сыңарындай, Жахабага болгон сүйүү өрчүтсөңөр, силер да ушундай иштерди кылууга умтуласыңар.

3 Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жаратканыбызга эмне жагарын, эмне жакпасын жана жерди кандай ой-ниет менен жаратканын биле аласыңар. Ыйык Китепте Жахабанын жерди эмне үчүн жаратканы жөнүндө: «Жерди калыптап жасаган, аны бекем орноткон, куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан»,— деп айтылат (Ышая 45:18). Ооба, Жахаба Кудай жерди адамдар үчүн жараткан. Ал адамдардын жерге жана андагы тирүү жандыктарга кам көрүшүн ниет кылган (Башталыш 1:28). Бирок ал адамдарды ушундай ой-ниет менен, тагыраак айтканда, жерге кам көрүшү үчүн эле жаратты беле?

Адам ата менен Обо эне Кудай менен ынак мамиледе болгон

4 Жок, андан да маанилүү максат менен жараткан. Адам ата Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болгон. Ал Кудай менен түздөн-түз сүйлөшкөн, башкача айтканда, Жахабанын айткандарын угуп, өзүнүн оюн да ага айта алган (Башталыш 1:28—30; 3:8—13, 16—19; Элчилер 17:26—28). Демек, Адам ата менен Обо эненин Жахабаны аябай жакшы билгенге, аны менен тыгыз мамиле өрчүткөнгө эң сонун мүмкүнчүлүгү болгон. Жахаба «бактылуу Кудай» болгондуктан, ал жөнүндө билүү жана аны тууроо аларга бакыт тартууламак (1 Тиметей 1:11). «Ырахаттанып жашашыбыз үчүн, баарын мол берген Кудай» биринчи адамды түбөлүк жашагыдай кылып жаратып, аны Эйден деп аталган Бейиш багына жайгаштырган (1 Тиметей 6:17; Башталыш 2:8, 9, 16, 17).

Адамдын клеткасына байланыштуу акыркы ачылыштар эмнени көрсөтүп турат?

5 Түбөлүк жашоо силерге жомоктой сезилиши мүмкүн. Бирок бул чын эле жомокпу? Окумуштуулар клетканын эмне себептен карый турганын изилдеп чыгышкан. Клетка бөлүнгөн сайын хромосоманын учундагы теломерлер деп аталган генетикалык материалдын учу кыскара берет. Клетка 50—100гө чейин бөлүнгөндөн кийин, теломерлер жешилип, клеткалардын көпчүлүгү бөлүнбөй калат. Бирок акыркы илимий ачылыштар теломераза деп аталган ферменттин жардамы менен адамдын клеткалары токтобой түбөлүккө бөлүнө берерин көрсөттү. Албетте, бул Жахабанын адамдарга түбөлүк өмүр берүү үчүн ушул ферментти колдонорун билдирбейт, бирок мындан түбөлүк өмүр сүрүү жомок эмес, чынында эле мүмкүн экени көрүнүп турат.

6 Ооба, биринчи түгөйдүн түбөлүк жашагыдай болуп жаратылганы жөнүндөгү Ыйык Китептеги билдирүүгө толук ишенсек болот. Адамдардын Жахаба менен болгон мамилеси түбөлүккө өрчүй бермек. Кудайдын адамдарга болгон ой-ниетин түшүнүп, ошого ылайык жашоонун аркасында алардын Кудай менен болгон мамилеси барган сайын бекемделе бермек. Алардын жашоосу, кылган иши кызыксыз болгон эмес. Адам ата менен Обо эне жерди жеткилең, бактылуу адамдарга толтурушмак. Алар аткара турган тапшырма ары кызыктуу, ары маңыздуу болгон. Чынында эле, алар бакытка бөлөнүп, канааттанып жашай алышмак! (Башталыш 1:28).