Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮК

Өзгөчө китептин Автору

Өзгөчө китептин Автору

АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН 96 пайызы Кудайга ишенебиз деп ырасташат, ал эми Европа, Азия өлкөлөрүндө андай адамдардын саны кыйла аз. Бирок тургундарынын көбү Кудайдын бар экенине ишенбеген өлкөлөрдө да ааламды кыймылга келтирген белгисиз күч бар дегенге ишенгендер жок эмес. 10 000 йенада сүрөтү тартылган жапон ойчулу Юкити Фукудзава: «Асман адамдардын бирин жогору, бирин төмөн кылып жараткан эмес деп айтышат»,— деп жазган. Ал «асман» деген сөздү адамдарды жараткан баштапкы себепке карата колдонгон. Бул ойду көптөр, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаты Кэнъити Фукуи да жактаган. Ал ааламдагы улуу түзүлүшкө, диний тил менен айтканда, «Кудайга» ишенерин билдирген, бирок аны тек гана «табияттын өзгөчөлүгү» деп атаган.

Солдо: Юкити Фукудзава; оңдо: Кэнъити Фукуи

2 Ушул сыяктуу билимдүү адамдар ааламдагы нерселердин баарын кыймылга келтирген түбөлүктүү бир нерсе же кимдир бирөө бар дегенге ишенишет. Эмне үчүн? Төмөнкүгө токтолуп көрөлү: Күн ушунчалык чоң болгондуктан Жердей болгон миллиондогон планеталарды өз ичине батыра алат. Бирок ал Саманчынын жолу галактикасында кымындай эле чекит болуп калат. Ал эми Саманчынын жолу ааламдагы миллиарддаган галактикалардын бири гана. Илимий изилдөөлөрдөн галактикалардын бири-биринен аябагандай тез ылдамдыкта алыстап жатканы айкын болгон. Албетте, ушундай кең ааламды кыймылга келтирүү үчүн эбегейсиз зор күч керек. Андай күчтүн булагы ким же эмне? Ыйык Китепте: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»,— делет (Ышая 40:25, 26). Бул сөздөр ааламды «кубаты эбегейсиз» бирөө кыймылга келтирип турарын айгинелейт.

Сомбреро галактикасы

3 Жердеги жашоо-тиричилик жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр. Ушундай тиричилик, эволюционисттер ырастагандай, өзүнөн өзү пайда боло алат беле? Биохимик Майкл Бихи мындай деген: «Окумуштуулар химиялык процесстердин жүрүшүнө байланыштуу көптөгөн ачылыштарды жасашты, бирок молекулалык деңгээлдеги биологиялык системалардын так жана татаал иштешин көргөндө алардын келип чыгышын түшүндүрүп бере албай, жарга такалышат... Көптөгөн окумуштуулар эрдемсинип, муну эртеби, кечпи, түшүндүрүп бере алабыз деп убадалашкан, анткен менен илимий адабияттарда алардын убадасына ишенүүгө негиз бере турган далил жок. Белгилей кетчү дагы бир маанилүү нерсе, көптөгөн жүйөлүү далилдер — [биомолекулалык] системалардын түзүлүшүн изилдөөнүн аркасында келип чыккан далилдер — Дарвиндин тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү теориясынын негизсиз жана түшүнүксүз экенин көрсөтүп турат».

Майкл Бихи: «Бир эле белок абдан татаал түзүлүшкө ээ»,— деп айткан. Ал эми адамдын организминде андай белоктор миңдеп саналат. Окумуштуулар алардын түзүлүшүн изилдеп, аны түшүнгөнгө аракет кылып келишет. Ушундай татаал түзүлүштөгү белокту ким жараткан?

4 Адамдар акылман бирөөнүн катыштыгы жок эле өзүнөн өзү пайда болгон деген теория силерди канааттандырабы? Келгиле, көптөр «ааламдагы түзүлүштөрдүн эң татаалы деп эсептеген нерсеге» — адамдын мээсине — токтолуп көрөлү. Ричард Рестак: «Нейрондук тармактагы эң мыкты компьютерлердин өндүрүмдүүлүгү... чымындын мээсинин иштешинин он миңден бир бөлүгүнө эле тете»,— деген. Ал эми адамдын мээси чымындыкынан алда канча жогору турат. Адамдын мээси тил үйрөнүүгө, өзүн-өзү калыбына келтирүүгө, маалыматтарды эстеп калууга жөндөмдүү, ошондой эле жөндөмдүүлүгүн жакшырта алат. «Чымындын мээсинин иштешинин он миңден бир бөлүгүнө эле тете» эң мыкты компьютерлерди акылдуу бирөө ойлоп тапканына кошуларыңар шексиз. Анда адамдын мээси тууралуу эмне айтууга болот? *

5 3 000 жылдай мурун, адамдар өздөрүнүн организми ушунчалык кереметтүү жаратылганын толук биле элек убакта эле, Ыйык Китепти жазган бир киши адамдын кандай жаратылганы тууралуу ой жүгүртүп: «Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам. Сенин иштериң кереметтүү, муну менин жаным эң сонун билет»,— деп жазган. Ошондой эле ал ДНК жөнүндө эч нерсе билбесе да: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү... китебиңе жазылып коюлган»,— деген (Забур 139:14, 16). Ал ким жөнүндө айткан? Эбегейсиз кубаты менен ааламдагы нерселерди ким жараткан?

Нейрондук тармактагы эң мыкты компьютерлердин өндүрүмдүүлүгү жогорубу же чымындын мээсинин иштешиби?

6 Ыйык Китептин эң биринчи аятында: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— делет (Башталыш 1:1). Кудай бардык нерсенин Жаратуучусу болгондон тышкары, Ыйык Китептин да Автору. Ал аны ыйык руху аркылуу жаздырган. Ал өзүнүн тирүү Кудай экенин жана аны менен ынак мамиле өрчүтө аларыбызды ачып берет.

^ 4-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк маалыматты Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Камкор Жараткан барбы?» деген китептин 2, 3 жана 4-бөлүмдөрүнөн таба аласыңар.