Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-СУРОО

Катамды кантип оңдосом болот?

Катамды кантип оңдосом болот?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Катаңды мойнуңа ала билсең, жоопкерчиликтүү, ишеничтүү адам болосуң.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Артур топ ойноп жатып кошунасынын машинесинин терезесин талкалап алды.

Анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

ҮЧӨӨНҮН БИРИН ТАНДА:

  1. А. Качып кетесиң.

  2. Б. Башкага шылтап коёсуң.

  3. В. Күнөөңдү мойнуңа алып, төлөп берериңди айтасың.

Мүмкүн, 1-жоопто жазылгандай, качып кеткиң келмектир. Бирок терезе сындырасыңбы же дагы башка туура эмес иш кыласыңбы, аны ачык айтканың маанилүү. Буга орчундуу себептер бар.

ЭМНЕ ҮЧҮН МОЮНГА АЛЫШ КЕРЕК?

  1. Мойнуңа алсаң, туура иш кылган болосуң.

    Ыйык Китепте: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз»,— деп жазылган (Еврейлер 13:18).

  2. Катасын моюнга алгандарды кечирүү оңой.

    Ыйык Китепте: «Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат»,— делет (Накыл сөздөр 28:13).

  3. Баарынан маанилүүсү, Жахабаны кубантасың.

    Ыйык Китепте: «Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:32).

Карина машинени катуу айдаганы үчүн айып пул кагазын алганын атасынан жашырып койгон. Бирок кийин баары билинип калган. Ал: «Бир жылдан кийин атам менин атыма жазылган баягы айып пул кагазын таап алган. Ошондо катуу тил уккам»,— деп эскерет.

Карина эмнеге үйрөнгөн? Ал: «Туура эмес ишиңди жашырсаң, ого бетер жаман кыласың. Акыры, баары ачыкка чыгып, кесепетин тартасың»,— дейт.

КАТАҢДАН САБАК АЛ

Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— делет (Жакып 3:2). Катабызды дароо моюнга алганыбыз — момундуктун жана жетилгендиктин белгиси.

Катаңдан сабак алганды да үйрөнүшүң керек. Вера: «Мен ар бир катаман сабак алып, аларды жакшы адам болгонго, кийинки жолу башкача иш кылганга жардам бере турган тажрыйба катары көрөм»,— дейт. Кел, буга кантип үйрөнсөң болорун карап көрөлү.

Атаңдын велосипедин тээп жүрүп бир жерин мыйрыйтып алсаң, эмне кылат элең?

  • Атам байкабайт деле деп унчукпай коёсуң.

  • Болгонун болгондой айтасың.

  • Эмне болгонун айтып, бирок башка бирөөгө шылтап коёсуң.

Даярданбай баргандыктан экзаменден өтпөй калсаң, эмне кылат элең?

  • Экзамендин оордугуна шылтайсың.

  • Жаман баа алганыңа өзүң күнөөлүү экениңди мойнуңа аласың.

  • Мугалим мага өчөшө берет дейсиң.

Мурда кетирген каталарды ойлой берүү машине айдап баратып күзгүдөн артты карай бергенге окшош

Жогоруда айтылган эки жагдайга кайра токтолуп, өзүңдү 1) атаңдын, 2) мугалимиңдин ордуна коюп көр. Эгер катаңды дароо мойнуңа алсаң, атаң же мугалимиң сен жөнүндө кандай ойдо болмок? Ал эми жашырып койсоң, кандай ойдо калат эле?

Эми өткөн жылы кетирген каталарыңды эстеп, төмөнкү суроолорго жооп берип көр:

Кандай ката кетиргенсиң? Ошондо эмне кылгансың?

  • Жашырып койгом.

  • Башкага шылтап койгом.

  • Дароо мойнума алгам.

Танып койгон болсоң, андан кийин өзүңдү кандай сезгенсиң?

  • Билинбей калганына сүйүнгөм.

  • Чындыкты айтпаганым үчүн абийирим кыйнаган.

Кандай кылганың жакшыраак болмок?

Катаңан кандай сабак алдың?

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

Айрымдар эмне үчүн катасын мойнуна алгысы келбейт?

Дайыма эле туура эмес ишиңди жашыра берсең, башкалар сен жөнүндө кандай ойдо болот? Ал эми аны дароо моюнга алсаңчы? (Лука 16:10).