9-СУРОО
Эволюцияга ишениш керекпи?
СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?
Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Аргендин башы маң. Ал буга чейин Кудайдын бар экенине жана баарын ал жаратканына ишенип келген. Бирок бүгүн биология сабагынан берген мугалими эволюция теориясынын төгүндөлгүс факт экенин окумуштуулар изилдеп чыкканын айтты. Арген муну четке кагып, акылсыздай көрүнгүсү келбейт. Ал: «Эволюция теориясын окумуштуулар далилдеп жатса, аларга каршы чыккыдай мен киммин?» — деп ойлонот.
Эгер анын ордунда болсоң, төгүндөлгүс экени китептерде жазылганы үчүн эле эволюцияга ишенет белең?
ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!
Кудайга ишенгендер да, эволюцияны жактагандар да көбүнчө өздөрүнүн эмнеге ишенерин айтышат, бирок ага эмне үчүн ишенерин жакшы билишпейт.
-
Кээ бирөөлөр бардык нерсени Кудай жаратканына туткан дининде ошентип айтылганы үчүн эле ишенишет.
-
Көптөр эволюцияга мектепте ошого окутканы үчүн эле ишенишет.
ТАЛДАП КӨРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛГАН АЛТЫ СУРОО
Ыйык Китепте: «Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»,— делет (Еврейлер 3:4). Буга ишенүү туурабы?
КӨПТӨРДҮН ОЮ: Аалам жана андагы нерселер чоң жарылуунун натыйжасында пайда болгон.
1. Чоң жарылуунун болушуна ким же эмне себеп болгон?
2. Баары жок нерседен пайда болгон деп айтуу акылга сыярлыкпы же кимдир бирөөнүн аркасында пайда болгон деп айтуу акылга сыярлыкпы?
КӨПТӨРДҮН ОЮ: Адамдар жаныбарлардан келип чыккан.
3. Адамдар жаныбарлардан, мисалы, маймылдан келип чыкса, анда адам менен маймылдын акыл-эс жөндөмүнүн айырмасы эмне үчүн асман менен жердей?
4. Эмне үчүн жашоонун эң жөнөкөй түрү да укмуш татаал?
КӨПТӨРДҮН ОЮ: Эволюция — далилденген факт.
5. Минтип айткан киши өзү изилдеп көргөндүктөн ушундай жыйынтыкка келгенби?
6. Көптөр илимдүү-билимдүүлөрдүн баары эволюцияга ишенет деп айтылганы үчүн эле ага ишенип жүргөн жокпу?
«Токойду аралап баратып жакшынакай үйдү көрсөң: „Укмуш го! Бактар кулап, ушул үй курулуп калган турбайбы!“ — деп ойлонот белең? Албетте, жок. Бул акылсыздык болуп калмак. Анда эмне үчүн ааламдагы нерселердин баары кокустуктан пайда болгон дегенге ишенишибиз керек?» (Жулия).
«Кимдир бирөө сага бир басмакана жарылып кетип, сыянын баары дубалга, шыпка чачырап, бир чоң сөздүк пайда болуп калыптыр десе, ишенет белең?» (Гвен).
ЭМНЕ ҮЧҮН КУДАЙГА ИШЕНИШ КЕРЕК?
Ыйык Китеп сени «акыл жөндөмүңдү» колдонууга үндөйт (Римдиктер 12:1). Бул Кудайга төмөнкү нерселерден улам гана ишенгениң туура эмес болуп каларын билдирет:
-
СЕЗИМ (Мага жогоруда кандайдыр бир күч бардай сезилет)
-
ЧӨЙРӨ (Тегерек-четимдеги адамдар Кудайга ишенишет)
-
ТАРБИЯ (Ата-энем Кудайга ишениш керек деп үйрөткөндүктөн ишенем)
Кудайга болгон ишенимиң жүйөлүү далилдерге негизделиши керек.
«Мугалимибиз организмибиздин кантип иштээрин айтып бергенде, Кудайдын бар экенине ого бетер ынана берем. Ар бир органдын, атүгүл кичинекейлеринин да өзүнүн аткарган кызматы бар, алардын кантип иштеп жатканы көбүнчө бизге байкалбайт. Организмибиз, чын эле, укмуштуудай жаратылган!» (Тереза).
«Бийик имаратты, сууну жиреген кемени же машинени көргөндө: „Муну ким жасаган?“ — деп ойлоном. Мисалы, машинени мээси кыйын иштеген адамдар чыгарат. Себеби ал жүрүшү үчүн, андагы көптөгөн майда-чүйдө механизмдер туура иштеши керек. Машинени бирөө жасаса, адамды да бирөө жаратты да» (Ричард).
«Илим жөнүндө көп окуган сайын, эволюциянын тууралыгына шектене баштадым... Чынын айтсам, мага Жаратканга караганда эволюцияга ишенүү кыйыныраак» (Энтони).
ОЙЛОНУП КӨР
Окумуштуулар ондогон жылдар бою изилдөө жүргүзүп келатышса да, эволюцияны ар кандайча түшүндүрүшөт. Эгер ошондой адистер бир пикирге келе албай жатышса, анда эволюцияга ишенгениң туура болобу?