Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Алар бири-бирин чындап сүйөт

Алар бири-бирин чындап сүйөт

Ага-инилер үчүн жаңы мектеп

Жахаба Доминикан Республикасындагы кызматчыларынын зор эмгегине батасын берген. 1994-жылы ал жерде жарчылардын саны орто эсеп менен 16 354кө, жыйналыштардын саны 259га жеткен. Жарчылардын саны барган сайын өсө бергендиктен, аксакалдар менен кызмат жардамчыларына болгон муктаждык да көбөйгөн. Ошондуктан 1994-жылы Жетектөөчү Кеңеш Доминикан Республикасында Кызматка окутуу мектебинин (азыр Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп) өткөрүлүшүнө макулдугун берген.

2011-жылдын октябрына чейин ал мектепти 25 класс бүтүрүп, 600дөй студент билим алган. Алардын жарымынан көбү учурда толук убакыттагы кызматтын ар кандай түрүн аткарып жатышат, алсак, жетимиш бири атайын пионер болуп кызмат кылса, бешөө кыдыруучулук кызматты аркалоодо. Кызматка окутуу мектебинин биринчи 10 классы филиалда өткөрүлгөн, ал эми он биринчисинен баштап Вилья Гонсалес шаарында курулган имаратта өткөрүлүп келатат.

«Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерине кам көрөт»

1998-жылдын 22-сентябрында Доминикан Республикасында Жорж деген бороон-чапкын болуп, саатына 190 километр ылдамдыкта соккон албууттанган шамал өлкөнүн таш-талканын чыгарган. Миңдегендер үй-жайсыз калып, 300дөн ашуун киши набыт болгон. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү комитети Региондук курулуш комитетинин жардамы менен Ла-Романадагы Падышалык залында жардам берүү борборун уюштурган. Жабыр тарткандарга 300гө жакын ыктыярдуу жардамчы, анын ичинде 16 өлкөдөн барган бир туугандар көмөк көрсөткөн.

Жалпы жонунан 23 Падышалык залы, бир туугандардын 800дөн ашуун үйү оңдолуп-түзөлгөн же кайра курулган. Алсак, Кармен деген үзгүлтүксүз пионер апанын 38 жылдан бери жашап келаткан үйү бороон-чапкындан кыйрап калган. Ошондо ал аябай кайгырган. Бирок 15 бир тууган ага жаңы үй сала баштаганда, кубанычы койнуна батпай мындай деген: «Жахаба бизди эч качан таштабайт, ал бизге дайыма кам көрөт. Карагылачы, бир туугандарым мага сонун үй куруп жатышат. Кошуналарым муну көргөндө: „Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерине кам көрүп, бири-бирин чындап сүйөт экен“,— дешти». Ыктыярдуу жардамчылар башка бир туугандарга жардам бергенде да ушундай сөздөрдү угушкан.

Жорж бороон-чапкыны чоң бүлгүнгө учуратса да, Жахабанын эли бири-бирине сүйүү менен колдоо көрсөтүп, жапа чеккен ишенимдештерине материалдык жактан жардам беришкен, рухий жактан да бекемдеп, сооротушкан. Баарынан маанилүүсү, жан аябас ыктыярдуу жардамчылардын күч-аракетинин аркасында чыныгы сооронучтун булагы болгон Жахаба Кудай даңкталган.

Падышалык залдарын куруу ишинин тездеши

Жаңы шакирттердин саны тез өскөндүктөн, Падышалык залдарына болгон муктаждык көбөйгөн. Ошондуктан 2000-жылдын ноябрында ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу боюнча атайын программанын алкагында Доминикан Республикасында Падышалык залдары курула баштаган. Натыйжада жыйналыштар сегиз жуманын ичинде эле ыңгайлуу, кооз Падышалык залдарын курушкан. 2011-жылдын сентябрына чейин эки куруу тобу 145 Падышалык залын курушкан же оңдошкон.

Падышалык залдарынын курулуп жатканын жана ыктыярдуу жардамчылардын жүрүм-турумун көргөндөр аябай таасирленишкен. Мисалга төмөнкү окуяны алалы. Бир туугандар өлкөнүн түндүк-батышындагы чакан шаардан Падышалык залын курууга ылайыктуу жер көрүп калышкан. Бир атайын пионер ал жерди сатып алыш үчүн анын ээси менен сүйлөшкөн. Бирок жердин ээси: «Убактыңды текке кетирбей бара бер. Мен бул жерди силерге баары бир сатпайм. Силер бул жерге чиркөө салайын деп жаткан турбайсыңарбы»,— деп айткан.

Ошондон көп өтпөй ал киши Пуэрто-Платадагы улгайып калган Жахабанын Күбөсү болгон агасыныкына барган. Барса, ооруп жаткан агасын Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө үйүнө алып кетип карап жатыптыр. Ал алардын аны доктурга көрсөтүп, жыйналышка алып барып, кабарга алып чыгып жатканын көргөн. Ошондо агасынан ал үй-бүлөгө канча төлөп жатканын сураган. Агасы: «Буларга акча төлөгөн жокмун, булар менин бир туугандарым да»,— деген.

«Мен ушундай биримдүү, бири-бирине жан тарткан адамдарды эч качан көргөн эмесмин»

Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн анын агасына кам көрүп жатканына аябай таасирленип, баягы атайын пионерге телефон чалган да, оюнун өзгөргөнүн жана жерин сатканга макул экенин айткан. Бир туугандар ал жерди сатып алып, Падышалык залын кура баштаган. Мурда ал кишинин жубайы Жахабанын Күбөлөрүн жаман көрчү экен. Бирок бир туугандардын эриш-аркак иштеп жатканын көргөндө: «Мен ушундай биримдүү, бири-бирине жан тарткан адамдарды эч качан көргөн эмесмин»,— деп айткан.