Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Гаитидеги жер титирөө

Гаитидеги жер титирөө

Чындыкка кызыккан кытайлардын көбөйүшү

2005-жылы филиал Бейтелде кызмат кылган Тиң Уа Ың деген кытай бир тууганды өлкөдөгү кытай тилинде сүйлөгөндөргө кабар айтыш үчүн атайын пионер кылып дайындаган. Анын ата-энеси Кытайдан Доминикан Республикасына көчүп баргандыктан, ал ошол жакта төрөлүп, ошол жакта чоңоюп-өскөн.

2008-жылдын 1-январында Санто-Домингодо кытай (мандарин) тилинде жыйналыш, ал эми 2011-жылы Сантьягодо топ түзүлгөн. Ал жактагы 70 ынталуу жарчы, анын ичинде 36 үзгүлтүксүз пионер жана бир нече көмөкчү пионер айына орто эсеп менен 76 изилдөө өткөрүшөт.

Англис тилинде сүйлөгөн адамдарды издөө

2007-жылы өлкөдө 27 466 жарчы, 376 жыйналыш бар болчу. Ал эми Ыйык Китепти изилдегендердин саны 49 795ке жеткен. Ал жерде англис тилинде сүйлөгөндөр да көп болчу, бирок бир да жыйналыш жок эле. Ошондуктан филиал 2008-жылдын апрелинде Доналд менен Жейн Элвел деген миссионерлерди англис тилинде топ түзүшү үчүн Санто-Домингого дайындаган. Ынталуу жарчылардан турган ал чакан топ адегенде англис тилинде сүйлөгөндөрдүн кайсы жерде жашаарын аныкташкан. Анан кылдат күбөлөндүрүү үчүн аймактарды чийишкен.

Ошонун аркасында Санто-Домингодогу англис тобу өсүп, 2009-жылдын июлунда 39 жарчыдан турган жыйналыш ачылган. Өлкөнүн башка аймактарындагы бир туугандар да жигердүү кызмат кылгандыктан, 2011-жылдын ноябрына чейин 7 жыйналыш жана 1 топ түзүлгөн.

Кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн аялдын Жахабаны таанып-билиши

Атайын пионер Лорис менен ал кармап биле алгыдай жаңсоолор менен сүйлөшүп жатат

Ашер синдрому (угуу жана көрүү органдарын жабыркаткан оору) менен ооруган Лорис жетим өскөн. Ал тубаса дүлөй болуп төрөлүп, 16 жашында көзү да начарлай баштаган. Күндүз ал анча-мынча бир нерселерди көрөт, кечинде болсо таптакыр көрбөй калат. Ошондуктан кеч киргенде ал кармап биле алгыдай жаңсоолор аркылуу гана сүйлөшө алат.

Лорис 23 жашында атайын пионер болуп кызмат кылган бир жубайларга жолугуп калган. Ошол убакта ал кулагы укпаган бир киши менен жашап жүрчү. Алардын кулагы уккан бир жашар кызы бар болчу. Жубайлар Лористи жыйналышка чакырганда, ал макул болуп, жыйналышка барган. Ал жактан билгендери ага күчтүү таасир этип, жүрөгүн козгогон.

Лорис дароо эле жашоосун өзгөртө баштаган. Алсак, ал никеге турбай эле жашап жүргөнү туура эмес экенин билгенде өзү менен жашап жүргөн киши менен сүйлөшүп, ага никесин каттатуунун маанилүүлүгүн жана Ыйык Китептеги адеп-ахлактыкка байланыштуу принциптерди бузгусу келбесин түшүндүргөн. Анын кайраттуулугуна таасирленип тиги киши никесин каттатууга макул болгон.

Ал экөө никеге тургандан кийин, Лорис жарчы болуп, көп өтпөй эле чөмүлгөн. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөндө америка жаңдоо тилин үйрөнүп алган. Ошондон бери кызына америка жаңдоо тилин үйрөтүп, Кудай жолунда тарбиялап келет.

Бүлгүнгө учураткан жер титирөө

2010-жылдын 12-январында, шейшемби күнү Гаитиде доминикандыктар менен гаитиликтердин эсинен кеткис катуу жер титирөө болгон. Жетектөөчү Кеңеш жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн Доминикан Республикасындагы филиалдын Гаитидеги филиалга тезинен акча жөнөтүшүнө байланыштуу көрсөтмө берген. Абдан чоң суммадагы акча жөнөтүлүшү керек болгондуктан, филиал бою 190 сантиметр, салмагы 127 килограмм болгон, Бейтелде доктур болуп кызмат кылган Эван Батистаны жөнөткөн.

Эван бир туугандын жөнөтүлгөнү Кудайдын жетекчилигиндей эле болгон. Себеби ал чек арага жеткенде тажрыйбалуу доктурлардын абдан керек болуп жатканы маалым болгон. Катуу жаракат алгандардын көбү медициналык жардам көрсөтүлүшү үчүн Гаитидеги филиалдын жанындагы жыйындар залына жеткирилген. Бир туугандар Эвандын доктур экенин билгенде Доминикан Республикасындагы филиалга телефон чалып, анын Гаитиде убактылуу калышын суранышкан. Бир туугандар дароо эле макул болуп, жер титирөөдөн бир нече саат өтүп-өтпөй эле Гаитидеги бир туугандарга медициналык жардам көрсөтүлө баштаган.

Бир туугандар жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жиберилген гуманитардык жардамды түшүрүп жатышат, 2010-жыл

Доминикан Республикасындагы филиалдын камсыз кылуу бөлүмү дайыма азык-түлүк алып жүргөн жер менен дароо байланышып, 6 жарым тоннадан ашуун күрүч, төө буурчак жана башка керектүү азык-заттарды алышкан. Аларды 14-январда, бейшемби күнү түнкү саат 2:30да Гаитиге жөнөтүшкөн. Сыягы, ал чет өлкөдөн келген биринчи жардам болгон. Ошол эле күнү Доминикан Республикасынан дагы үч доктур Гаитидеги филиалга жети саат жол жүрүп барышкан. Алар Гаитиге жеткенде караңгы кирип калганына карабай түнөй турган жерине эмес, түз эле жабыр тарткандар жеткирилген жерге барышкан да, түн жарымга чейин жардам беришкен. Кийинки күнү болсо Доминикан Республикасынан дагы төрт доктур, төрт медайым барган. Хирургиялык операциялар аябай начар шарттарда жасалган. Операция жасалчу убактылуу бөлмөлөр жыйындар залында болгон. Жер титирөө болгондон кийинки жумада ошол 12 доктур 300дөн ашуун кишини дарылаган.

Абалы абдан оор болгондорду күн сайын Доминикан Республикасына жөнөтүп турушкан. Кээде Гаитиге гуманитардык жардам ташыган унааларга катуу жаракат алгандарды салып шашылыш түрдө Доминикан Республикасындагы ооруканаларга жеткиришкен. Ал жактагы филиал гаитилик ишенимдештерин кайраттандырыш үчүн жана аларды зарыл нерселер менен, мисалы, дары-дармек, азык-түлүк менен камсыз кылыш үчүн Бейтаптарга баруу топторун түзүшкөн. Жергиликтүү жыйналыштагылар болсо ооруканадагы жакындарына кам көрүш үчүн аларды коштоп келген туугандарын тамак-аш, түнөк жай менен камсыз кылышкан.

Жахабанын Күбөлөрү гаитиликтерге тонналаган кийим-кечелерди, анын ичинде 400 000 азык-түлүк жөнөтүшкөн

Гаити эли кан жутуп турган маалда Жахабанын элинин талыкпай, жан аябастык менен жардам көрсөткөнү Накыл сөздөр 17:17деги: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин далилдеди. Ушул жана башка окуялар Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын бардык учурда, атүгүл өлүм алдында турганда да ыйык руху жана башка кызматчылары аркылуу колдоп келерин айгинелеп турат. Жер титирөө болгондон кийин Гаитидеги бир туугандарга дагы бир нече ай бою жардам көрсөтүлө берген. Алсак, Жахабанын Күбөлөрү гаитиликтерге тонналаган кийим-кечелерди, анын ичинде 400 000 азык-түлүк жөнөтүшкөн. Көптөгөн ыктыярдуу жардамчылар менен бирге дүйнөнүн булуң-бурчунан 78 чакты бир тууган келип, эч кандай акы албай, убактысын, күчүн аябай, медициналык жардам көрсөтүшкөн *.

^ абз. 1 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн 2010-жылдын «Ойгонгула!» (ор.) журналынын декабрь айындагы санынын 14—19-беттерин карагыла.