Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Католик чиркөөсү жана Трухильо

Католик чиркөөсү жана Трухильо

КАТОЛИК чиркөөсү менен Трухильо кандай карым-катнашта болгон? Бир саясий серепчи мындай деп жазган: «Узакка созулган Трухильонун доорунда, 1930—1961-жылдары, Доминикан Республикасындагы чиркөө менен өкмөт бири-бирин дайыма колдоп турган: диктатор чиркөөнүн тарабын ээлеген, ал эми чиркөө Трухильонун режимин жактаган».

1954-жылы Трухильо Римге барып, папа менен келишим түзгөн. Бир кездерде Трухильонун кеңешчиси болгон Керман Орнес ал тууралуу мындай деп жазган: «Чиркөө Трухильону берилгендик менен жактагандыктан, „Башчы“ [Трухильо] [аны] медер туткан. Трухильонун режимин үгүттөгөндөрдүн арасында Рикардо Питини жана Октабио Берас деген архиепископтор жетектеген диний жетекчилер болгон».

Орнес андан ары мындай деген: «Mүмкүнчүлүк түзүлгөн сайын Рим папасы Трухилього жылуу сөздөрүн айтып, салам жолдоп турат... 1956-жылы Сьюдад-Трухильодо Трухильонун демөөрчүлүгү менен өткөрүлгөн Католик маданиятынын конгрессине Рим папасынын атайын өкүлү катары жөнөтүлгөн Фрэнсис Кардинал Спеллман Трухилього Рим папасынын катын ала келген. Ал конгресске Нью-Йорктон келген Кардинал Спеллманды генералиссимус [Трухильо] өзү салтанаттуу түрдө тосуп алган. Алардын кучакташып көрүшүп жатканы кийинки күнү эле Доминикандагы гезиттердин биринчи бетине чыккан».

1960-жылы «Тайм» журналында мындай делген: «Ушул убакка чейин Трухильо менен чиркөө жакшы мамиледе болуп келатат. Түндүк жана Түштүк Американын архиепискобу Рикардо Питини азыр 83 жашта, көзү да көрбөй калды. Ошентсе да төрт жыл мурун Трухильону даңазалап, элдин ал „диктаторду“ жакшы көрөрү, урматтаары жөнүндө кат жазып, „Нью-Йорк таймс“ гезитине жөнөткөн».

Бирок өлкөдөгү саясий абал өзгөргөндө, Трухильонун катаал режимин отуз жыл бою берилгендик менен колдоп келген католик чиркөөсү мамилесин өзгөртө баштаган. Жогоруда сөз кылынган серепчи мындай деп кошумчалаган: «Диктатордук режимге каршылык күчөп, өлкөдө демократияны орнотууга аракеттер жасала баштаганда, Трухильону жактап келген чиркөө өкмөт менен болгон карым-катнашын бузганга мажбур болгон».

2011-жылы католик чиркөөсү доминикандыктардан кечирим сураган. Пасторлордун «Доминикан тудей» гезитине басылып чыккан катында мындай делген: «Биз каталарыбызды мойнубузга алабыз. Ишенимибизге каршы иш кылып, милдетибизди жана жоопкерчилигибизди жакшы аткарбай келгенибиз үчүн кечирим сурайбыз. Доминикандыктардын баарынан бизди кечиришин, түшүнүү менен мамиле кылышын жана ырайым кылышын өтүнөбүз».