ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ
«Кайра эле Жахабанын Күбөсү болмокмун»
Анна Мария (Мери) Гласс
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1935
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1956
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Жаш кезинде чиркөөнүн ынталуу мүчөсү болчу. Чындыкты тааныгандан кийин үй-бүлөсүнүн, чиркөөнүн жана өкмөттүн каршылыгына эр жүрөктүк менен туруштук берген.
МЕН аябай динчил болчумун жана католик чиркөөсүнүн каадаларына ынтызарлык менен катышчумун. Чиркөөнүн хорунда ырдап, кыштактарда Месса өткөргөн дин кызматчыларды коштоп жүрчүмүн. 1955-жылы эжем мага жер бетинде орной турган бейиш жөнүндө айтып берип, Ыйык Китепти, «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар» деген китепчени жана «Кудай чынчыл» деген китепти берген. Мен абдан таң калып, дин кызматчыдан Ыйык Китепти окусам болор-болбосун сураганымда, ал: «Аны окусаң, акылыңан айнып каласың!» — деген. Бирок ошого карабай Ыйык Китепти окуп көрөйүн дедим.
Бока Чика шаарында жашаган чоң атамдардыкына көчүп барганымда, бир дин кызматчы эмне үчүн чиркөөгө барбай жатканымды сурады. Мен ага чиркөөдөгү көп окуулар Ыйык Китепке негизделбесин билгенимди айттым. Ал ачуусу
келип: «Сен өзүңдүн ким экениңди билесиңби? Сен менин оторуман адашып калган койсуң!» — деп кыйкырды.Мен: «Жок, Жахабанын оторунан адашып жүргөн кой сизсиз. Анткени койлор кайсы бир кишиники эмес, Жахабаныкы»,— дедим.
Ошол бойдон чиркөөгө барган жокмун. Андан кийин эжемдикине көчүп кеттим. Ошентип, чындыкты биринчи жолу укканыман 6 ай өткөндөн кийин чөмүлүп, дароо эле үзгүлтүксүз пионердик кызматты баштадым. Бир жылдан кийин райондук көзөмөлчү болуп жүргөн Энрике Гласска турмушка чыктым. Бир жолу экөөбүз Ла-Романадагы сейил бакта кабар айтып жүргөндө, полиция Энрикени кармап кетти. Мен алардын артынан барып: «Мен да Жахабанын Күбөсүмүн, мен да кабар айтып жүргөм. Эмнеге мени да камабайсыңар?» — дедим. Бирок алар мени камакка алган жок.
Энрике ага чейин 7 жарым жыл түрмөгө отуруп чыккан болчу. Мунусунда 20 айга камалган. Мен жекшемби сайын Энрикеге барчумун. Бир жолу барганымда, түрмө сакчыларынын чоңу менден: «Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?» — деп сурады.
«Мен күйөөмө келгем. Ал Жахабанын Күбөсү болгону үчүн түрмөдө отурат»,— дедим мен.
Ал: «Сен азыр жашсың, баары алдыда. Убактыңды Жахабанын Күбөлөрүнө коротуп эмне кыласың!» — деди.
«Мен да Жахабанын Күбөсүмүн. Мени жети жолу өлтүрүп, жети жолу тирилтсеңер да, кайра эле Жахабанын Күбөсү болмокмун»,— дедим. Андан ары ал мени менен сүйлөшкүсү келбей, кетишимди буйруду.
Кабар айтуу ишине салынган тыюу жоюлгандан кийин, Энрике экөөбүз көп жыл бою кыдыруучулук кызматты аркаладык. Күйөөм райондук жана облустук көзөмөлчү болчу. Ал 2008-жылы, 8-мартта каза болду. Өзүм болсо азыркыга чейин үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жатам.